Картондо уктаган Исхак камкордукка алынды
Социалдык тармактарда кызуу талкууланган сүрөттөгү картон кагазда уктап жаткан баланын аты-жөнү аныкталып, Ош шаарындагы реабилитациялык борборго жайгаштырылды. Үч жаштагы Исхак эки бир тууганы жана апасы Зульфия Үсөнова менен Кара-Суу шаарына жакын батирде жашашат. Үсөнованын балдарынын биринде да күбөлүк жок, мектепке барышпайт.