Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:00

Аскердеги мушташ дагы бир өмүрдү соолутту


Каза болгон ефрейтор Эламан Ташбалта уулу.
Каза болгон ефрейтор Эламан Ташбалта уулу.

Ошто жоокерлер ортосундагы мушташта набыт болгон ефрейтор Эламан Ташбалта уулунун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Тийиштүү мекемелер окуянын чоо-жайы тууралуу кененирээк кабар таратыша элек. Бирок маркумдун жакындары Эламан мыкаачылык менен сабалып өлтүрүлгөнүн айтып чыгышты.

Бул үйдүн азасы азыр тоого тең болуп турган чагы. 22 жаштагы Эламанды ата-энеси, төрт бир тууганы жана башка жакындары эми эч качан көрбөйт.

Маркумдун кан жутуп отурган апасы Гүлнара Абдакимова буларды айтты:

- Сопсоо баламды уруп өлтүрүп, колума салып беришти. Менин кулунумду өлтүрүп коюшту! Урган балдар баламдын бутун, же колун сындырып койсо мейли эле, бирок өлтүрбөй эле коюшпайбы! Айланайын, кулунумдун эмне айыбы бар эле?!

Эламандын ата-энеси жана анын мүрзөсү.
Эламандын ата-энеси жана анын мүрзөсү.

Төрт бир туугандын ортончусу Эламан Ташбалта уулу Ноокат районунун Алашан айылында туулган. 2015-жылы аскерге өтпөй калып, бирок бир топ аракет жумшап, акыры кабыл алынган. Келээри менен кайрадан Оштогу аскердик бөлүккө келишимдик негизде кызматка орношкон эле. Маркумдун атасы Ташбалта Абдакимов буларга токтолду:

- Балам абдан жакшы болчу. Мектепте да мыкты окуган. Туура жүргөн, чынчыл болчу. Спортту жакшы көрчү, жөнү жок бирөөлөргө тийишчү эмес. Үйлөнө элек эле. Кийинки жазда үйлөндүрөйүн деп жаткам, бирок минтип тилек ишке ашпады. Жакшынакай балдар аскерде өлүп калып жатса, эми ким балдарын аскерге жөнөтөт?

Алмаз Абдакимов
Алмаз Абдакимов

Ефрейтор Эламан Ташбалта уулу 6-сентябрь кечке жуук Оштогу 01525 аскер бөлүгүндө болгон мушташтан каза тапкан.

Маалыматка караганда, маркум катардагы жоокер менен жаңжалдашкан.

Мушташ учурунда алган жарааттан эсинен танып, нөөмөттө турган аскерлер аны ооруканага жеткиришкен. Бирок ал жерден өзүнө келбей кете берген.

Эламандын жакындары ал мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн белгилешүүдө. Маркумдун бир тууган агасы Алмаз Абдакимов:

- Эламанды бир эмес, бир нече адам сабаган. Алар бут менен эле эмес, кандайдыр бир буюм менен сабашкан. Мыкаачылык менен урушуп, соо жерин калтырышкан эмес. Башынын арты, кара куш мээнин тушунан сөөк тешилип калган. Кекиртегин жанчып, мурдун сындырып салышкан. Башынын териси айрылып кетиптир. Кызмат кылып жүрүп ушундай мыкаачылыкка кабылат деген эмне? Армиянын жетекчилери, командирлери ушундай мушташ орун алгыча эмнени карап жүрүшөт?

Эламандын аскердик формасы
Эламандын аскердик формасы

Факт боюнча Ош гарнизондук аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгогон. Кылмышка айыптуу делип кармалган аскерлердин саны белгисиз.

Ош гарнизондук аскер прокуратурасынын прокурору Динмухаммед Осмон уулу буларга токтолду:

- Ош гарнизондук аскер прокуратурасынын тергөө тобу тарабынан окуя болгон жерде тийиштүү иликтөө иштери жүргүзүлүп, “атайлап жараат келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Ал эми куралдуу күчтөрдүн башкы штабы учурда окуя боюнча кененирээк кабар тарата элек. Оштогу 01-525 аскер бөлүгүнүн командирлери да жагдай боюнча комментарий берген жок.

Оштогу 01-525 аскер бөлүгү
Оштогу 01-525 аскер бөлүгү

Бейөкмөт уюмдардын маалыматына ылайык, аскерде күтүүсүз өлүмгө кабылган жоокерлердин саны акыркы төрт жылда 62ге жеткен. Алардын көпчүлүгү адатта милдетин өтөгөн жоокерлер болсо, эми кезек келишимдик негизде кызмат кылган аскерлерге жеткендей.

Ефрейтордун сөөгү жерге берилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:12 0:00

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG