"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Кара-Кулжа районунунда дааватта жүргөн “Йакын-Инкардын” жети мүчөсү кармалды. Эч кандай уруксатсыз Ислам динине чакырып жүргөндөрдүн арасында жашы жете элек балдар да бар экени аныкталды.
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калааны 2020-жылга чейин өнүктүрүү программасын жарыялады.
Ошто жүздөй баланын мушташы атышуу менен коштолгону айтылууда. Азырынча жабыркагандар катталган жок. Милиция окуя иликтенип жатканын кабарлады. Бирок мындай массалык чырдашуулар Ошто байма-бай катталып жатканын шаар тургундары белгилешүүдө.
Ошто эки жуп эгиз наристелүү үйдө дагы үч эм төрөлдү. Ошентип жубайлар Ниязбек Туманов менен Эльмира Сулайманкулова жаш туруп эле жети балалуу болуп калышты. Жаш үй-бүлө муну Жараткандын белеги деп, маңдайы жарыла кубанып турушкан чактары.
Оштогу өрттөн улам он үй күйүп кетти. Азырынча кырсыктын келип чыгуу себеби тактала элек. Адистер тилсиз жоонун бир үйдөн бир үйгө уланып кеткенин, алардын жакын жана туташ салынганы менен байланыштырууда.
Ош шаарында соңку эки айдын ичинде жети бала сууга чөгүп каза болду. Алардын бешөө Ак-Буурага жана андан бөлүнгөн каналдарга агып кеткен. Адистер буга ата-энелердин шалаакылыгы себеп болгонун айтышат. Кантсе да соңку кырсыктар сууга этияттанып түшүүгө эскертүү болгон жок.
Ошто мүмкүнчүлүгү чектелгендер жашаган көп кабаттуу үйдүн жертөлөсү көчүп түштү. Тургундар бул кырсыктан кийин турак жай толугу менен кулап калбайбы деп кооптонушууда.
Ошто мүмкүнчүлүгү чектелгендер жашаган көп кабаттуу үйдүн жертөлөсү көчүп түштү. Тургундар бул кырсыктан кийин турак жай толугу менен кулап калбайбы деп кооптонушууда. "Анар" кичирайонундагы 45 батирлүү үй 2010-жылкы июнь окуясынан кийин Ош жанан Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы тарабынан к
Ош шаарында "Мекендештер" форуму башталды. Үчүнчү жолу өтүп жаткан иш-чара эки күнгө уланат. Жыйында мигранттар Кыргызстанга инвестиция салууга даяр экендигин, бирок түйшүктөр көп экендигин ортого салышты. Ошондой эле алар кыргызстандыктарды “жатып ичерликтен” арылып, мигранттар салган акчаны пайдалуу коротууга чакырышты.
Чет жактагы кыргызстандыктардын башын бириктирген “Мекендештер” форумунун үчүнчү айлампасы Ош шаарында "Инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү" деген ураан алдында өтүүдө. Быйыл форумга дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүндө жашап, ийгиликкке жетишкен 600дөн ашуун кыргызстандык катышууда.
Кара-Суудагы Жаңы-Маале айылынын тургундары бала бакча курула турган жерди “бийликтер сатып жиберди” деп нааразы болушууда.
Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковго караштуу делген Оштогу спорт клубдун балдарынын жүрүм-турумуна нааразылыктар айтылууда.
Ош шаардык мэриясы Кубанычбек Нуранов аттуу жаран калаадагы 600 гектар жерге ээлик кылып, жер тилкелерди мыйзамсыз сатып жатканын ачыкка чыгарды. Ага чара көрүү мэриянын колунан келбей жатканын бийликтер да моюнуна алды.
Ош шаарындагы “Алымбек датка” эс алуу багы соода түйүндөрүнө толуп кеткенине шаардыктар нааразы.
Ош мамлекеттик юридикалык институтунун окутуучусу Сюита Маматова окуу жайда 100гө жакын студент такыр сабакка келбей бүтүп жатканын ачыкка чыгарды. Анын айтымында, студенттер Орусияда иштеп жүрүп эле акча менен баа ала беришет.
Кезектеги апта темасы балдардын коопсуздугуна арналды. Орусиянын Карелиядагы эс алуу лагеринде ондон ашык баланын өмүрүн алган кырсык балдардын коопсуздугуна кам көрүүнүн маанисин арттырды. Кыргызстандык балдар деле мындай тобокелчиликтерден корголгон деп айтуу кыйын.
“Азаттыктын” кезектеги апта темасында Кыргызстандагы өрт коопсуздугуна байланышкан көйгөйлөр жана көрүлүп жаткан чаралар тууралуу сөз болот.
Оштун Навои көчөсүндөгү эстакада көпүрөнүн плиталары туташкан жерлер оңдолуп, кайрадан асфальт басыла баштады. Бул шаардыктар арасында көпүрөнүн сапаты жөнүндө шекшинүүнү күчөттү.
Ошто бөлүп төлөө шарты менен батир сатып алгандар корей ишкерлерине алданып калышканын айтып чыгышты. Тургундар акчасынан кутулуп бүткөн үйлөрдү кыргыз-корей биргелешкен “Алим-Курулуш” фирмасы банкка күрөөгө коюп, андан ары башкаларга сатып жиберген. Ишкананын өкүлдөрү талаштуу маселе сот аркылуу чечилерин билдирүүдө.
Дагы жүктөңүз