Жалалабат облустук мамлекеттик бийлигинин имаратында эркин жана мамлекеттик маалымат каражаттары менен коомчулуктун өкүлдөрү бүгүнкү күндө олуттуу маселе болгон маалымат каражаттарын өз алдынча кое берүү маселесин талкуулашты. Анда басылмалар менен электрондук маалымат каражаттарын мамлекеттин карамагынан чыгаруу жаатында журналисттер менен окурмандардын ой-пикирлери дал келген жок.
Жалалабат облусунун аймагында баш калкалап турган өзбек бозгундары жаңы шайланган президент Курманбек Бакиевге «Ош шаарындагы тергөө абагында турган 29 адамды Өзбекстанга өткөрүп бербейт» - деген ишеним менен карашууда. Бозгундар Ош СИЗОсундагы кылмышы аныкталгандарды Өзбекстанга өткөрүү жөнүндө кыргыз бийлигинин айткандарын кооптонуу менен кабыл алышкан болчу.
13-июлда Жалалабат облусунда баш калкалап жүргөн өзбек бозгундарын Анжиян окуясынын күбөсү жана айрымдарынын кылмышы бар, же жок экендигин аныктоо максатында бозгундарды сурак жүргүзүү иши улантылды. Бул иш чара Өзбек Республикасынын Башкы прокуратурасынын өтүнүчү боюнча жасалууда. Бозгундар Өзбекстандын прокуратурасы айыптагандай террорист же экстремист эмес экендиктерин айтып жатышат.
Президентке талапкер Турсунбай Бакир уулунун Жалалабат облусундагы шайлоо штабы 10-июлдагы президенттик шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолуп, талапкердин ишенимдүү кишилери жана байкоочулары токмоктолгонун билдиришүүдө. Ошондой эле алар шайлоонун активдүү өткөндүгүнө ишенбей жатышат. Ал эми шайлоодо утуп чыккан Курманбек Бакиевдин шайлоо штабы менен облустук шайлоо комиссиясы Турсунбай Бакир уулунун жактоочуларынын айткандарын ырасташкан жок.
Лондондогу террордук акцияларды жалалабаттык тургундар да айыптоодо. Адам укугун коргоочу «террордук акциялардын себептерин дүйнөлүк коомчулук изилдөөсү керек» - деп эсептесе, атайын кызматтын өкүлү «террорчулукка каршы күрөшкө мамлекеттик кызматкерлер гана эмес, бүткүл эл күрөшүүсү зарыл» деп эсептейт. Жашыруун уюмдун өкүлү Кыргызстанда террорчулукка негиз жок экенин билдирди.
6-июлда Жалалабат облусуна келген Улуу Британиянын Кыргызстан менен Казакстандагы элчиси Жеймс Шарп кабарчыбыздын Шанхай кызматташтык уюмунун Борбор Азия өлкөлөрүнөн Кошмо Штаттардын аскер базаларын алып чыгуу чечимине жана өлкөдөгү шайлоо алдындагы кырдаал менен өзбек бозгундарынын тагдырына байланышкан суроолоруна жооп берди.
Жалалабатта убактылуу баш калкалаган бозгундар Өзбекстандагы социалдык-экономикалык абалга нааразы. Алардын пикиринде, Анжиянда жумушка орношуу кыйын, иш жоктугунан балдарга жөлөк пул төлөнбөйт, жумушсуздар көп, эмгек акы аз.
Жалалабаттагы өзбек бозгундарынын алдында бир топ маселелер турат. БУУнун Качкындар боюнча Башкы комиссариатынын Кыргызстан бозгундардын коопсуздугун анча камсыздай албагандыктан аларды үчүнчү өлкөгө өткөрүү аракеттери көрүлөрүн жарыялагандан кийин бозгундар мындан аркы тагдырын ойлоно баштады.
Өзбекстанга өткөрүлгөн төрт бозгундун тагдыры Жалалабат облусунда баш калка издеген өзбек жарандарын тынчсыздантууда. Лагердегилердин ынанымында, төрт кишинин Анжияндагы митингге чыккандан башка айыбы жок. Бозгундар Кыргызстандан аларды кайтарып келүүнү талап кылышууда. Облустук прокуратура мекенине кайтууну каалагандарга тоскоолдук кылууга болбой турганын жана төрт киши арызына ылайык өзбек чек арачыларына өткөрүлгөнүн билдирди.
Улуу Британиянын Кембридж университетинин окутуучусу Ник Мегарон орус тилдүү кыргыздардан айырмаланып, кыргызча ырдайт, сүйлөйт. Кыргызчаны Нарында жана Ошто болгон кезинде үйрөнгөн. Жалалабатка өзбек бозгундарынан кабар алганы келген англис окумуштуусун аймактагы кабарчыбыз кепке тарткан.
Жалалабат облусуна өтө качкан өзбекстандык көптөгөн ишкерлер - устачылык, кол өнөрчүлүк, соода-сатык менен жан баккан адамдар ишканалары жабылганы аз келгенсип, түрдүү шылтоолор менен кылмыш жообуна тартылгандыгы жана жашоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырагандыгы үчүн Анжияндагы митингге катышкандыгын айтышат. Бозгун туугандарын алып кетүүгө келген жарандардын пикиринде, азыр Анжиянда ишкерликке тоскоолдук жок.
Жалалабат облусунда баш калкалаган өзбек бозгундары Оштогу СИЗОдо турган 29 адамдын Өзбекстанга өткөрүлүп берилишине каршы болушуп, нааразылыгын билдиришүүдө. “Кыргызстан мындай жолго барса, эл аралык уюмдардын алдындагы беделин түшүрөт” - дешет алар. Жалалабаттын айрым тургундары болсо бозгундардын арасындагы кылмышкерлерди Мекенине кайтарууну туура көрүшүүдө.
Жалалабат облусунун аймагында баш калкалап турган Анжияндык бозгундар өзбек президенти Ислам Каримовду эл аралык сотко береерин билдиришти. Качкындардын пикири боюнча Ислам Каримов 13-майда Анжиянда болгон козголоңдо набыт кеткен адамдар үчүн жооп берүүсү керек. Жалалабат обулусунун айрым өкүлдөрү президент Ислам Каримовдун терроризмге каршы аракетин кубатташканы менен аны сотко берүүнүн кажети жок деген пикирде.
: 20-июнда бүткүл дүйнөлүк качкындар күнүнө байланыштуу БУУнун качкындар боюнча Башкы комиссариатынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен Жалалабат облустук бийлиги жергиликтүү журналисттерге маалымат жыйынын өткөрдү. Анда облус аймагында баш калкалап турган качкындардын азыркы абалы жана мындан аркы тагдыры тууралуу суроо-жооптор болду.
Жалалабат облусунун аймагында баш калкалап турган өзбек жарандарына дары-дармек, таңуучу-байлоочу каражаттар жетишпейт. Жергиликтүү дарыгерлердин айтымында качкындар турган жерде тазалыктын сакталышы начар, санитардык эрежелерге жооп бербейт.
14-июнда качкындар лагерине барышкан Жалалабат шаары менен Сузак районунун кыргыз жана өзбек улутундагы түрдүү курактагы жарандары бир айдан бери облустун аймагында убактылуу жашап турган өзбек бозгундарын мекенине кайтуусун талап кылышты. Алар талаптары үч күн ичинде аткарылбаса, көп эл менен келип бозгундарды күч менен сүрүп чыгараарын билдиришти. Ал эми өзбекстандык бозгундар мылтык менен атса да мекенине кайтпай тургандыктарын айтышууда.
Кыргыз-өзбек чегарасынан Жалалабат облусунун Сузак районундагы Сасык участкасына көчүрүлүп келген анжияндык качкындар абалынан кабар албаган өзбек бийлигин сындашууда. Кабарчыбыз жүргүзгөн сурамжылоодо алар президент Ислам Каримов шайлоочулардын үмүтүн актабаганын, Өзбекстанда адам укугу сакталбай, саясат туура эмес жүргүзүлүп, жашоо начар экендигин жана качкын аялдар менен балдарга «террорист» деп жарлык тагуу жөндүү эмес экендигин белгилешти.
Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев менен Бириккен Улуттар уюмунун Баш катчысы Кофи Аннандан Кыргызстандын ичкерки жагына көчүрүүнү, жашоого ылайыктуу шарттарды түзүүнү жана качкын макамаын берүүнү өтүнгөн өзбекстандык жарандардын жаңы лагерге көчүрүлгөндөн кийинки жашоо абалы кандай?
7-июнда алтымыштан ашык адам балдары менен Жалалабат облустук бийлигинин имаратынын кире беришинде нааразылык акциясын баштады. Колдоруна 2003-жылы алды 25, арты 16 жылга кесилишкен 8 жигиттин түрмөдөгү абалына көңүл буруп, сот жана түрмө-абакканаларды реформалоо жөнүндө жазуулары бар тасмаларды кармап турушкан пикетчилер Акаевдин режимин кулатуу үчүн эки жыл мурун облустук жана Жалалабат шаардык ички иштер башкармаларынын имаратын ээлеп алган балдарды бошотууну жана адам укугун сактоону талап кылышууда.
Буга дейре “Жарандык коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюму Жалалабат облусунун Сузак районундагы Карадарыя айыл өкмөтүнүн аймагында турган өзбекстандык качкындар жугуштуу ооруларга кабылгандыгы жөнүндө маалымат тараткан эле. Сузак райондук санитардык эпидемия кызматы менен райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчилери жана өзбекстандык жарандар мындай маалыматты жокко чыгарышууда.
Дагы жүктөңүз