«Элге 2002-жылы ок аткан Аскар Акаевге каршы чыккан уулдарыбызды абактан бошоткула!», “Эл деп күйгөн Адыл Каримовдун тобуна эркиндик берилсин!», “Абак-түрмөлөрдөгү бей-бечаралардын балдарына көңүл бурулсун!», “Абак тармагын реформалоо керек!» деген жана башка жазууларды кармаган алтымыштан ашык киши балдары менен облустук бийликтин имаратына эртең менен келишкен. 2003-жылы облустук жана Жалалабат шаардык ички иштер Башкармалыктарына куралдуу кирип, имаратты басып алды деп айыпталышкан 8 адамдын бири Орозалиев Жоомарттын агасы Талант Орозалиев экс-президент Аскар Акаевдин бийлигин кулаткысы келген жигиттер саясий куугунтукка кабылганын билдирди:
- Ошол учурда балдар куралдуу төңкөрүш көтөрүп Акаев режимин кулатабыз дешкен. Бирок тилекке каршы андай болбой, ал балдар саясий куугунтук менен кетишти. Ошондо прокурорлор жети жылдан сураганда Акаев өзү киришип он сегиз жылдан жыйырма беш жылга чейин балдарды камакка алды. Ошондон бери биз жүгүрүп жүрөбүз. Менин апам да жүгүрүп жүрүп кыйынчылыкта көчөдө өлдү. Азыр ата-энелер дагы эле жүгүрүп жүрүшөт.
Камактагы Эрлан Ботобаевдин энеси Зымырат Калыкова азыркы бийликке нааразы:
- Революцияда да турганбыз, ошондон бери дагы эле келип атабыз, үч айдан бери бизди тыңшаган, эмнеге келип атасыңар деп сураган адам жок. Кайрылбаган жерибиз калбады. Бакиевге, Бекназаровго, депутаттарга, Жогорку сотко кайрылдык, эмдигиче чечимин ала элекпиз. Биздин талабыбыз балдарды тез аранын ичинде бошотуп берсин.
25 жылга эркинен ажыратылган Адыл Каримовдун пикетчилер менен турган кызы Санагүл атасын бошотууну өтүндү:
- Мен Адыл Каримовдун кызы болом. Менин атамды чыгарып берсеңер жакшы болот эле.
Нааразылык акциясын өткөргөндөр талаптары аткарылмайын пикетти токтотпой тургандыгын, айрымдары өзүн-өзү өрттөшөөрүн да айтышты:
- Күнүгө келип тура беребиз, турганыбыз турган. Жогорку сот чечип бериши керек. Эгерде чечип бербесе ата-энелер ушул жерден өзүбүздү-өзүбүз өрттөп жиберебиз.
Пикетчилер менен сүйлөшкөн облустук бийликтин бөлүм башчысы Кадыр Бечелов менен тартип коргоо жетекчилери маселени мыйзам жолу менен чечүүнү түшүндүрүштү:
- Балдарга жеңилдик келтире турган документтерди чогулткула деп айтпадым беле. Ушул убакытка чейин документиңер жок. Арыз гана эмес, ошол соттолгондордун үй-бүлөсү, азыркы абалдары тууралуу документтерди топтоп, анан кийин караш керек бул ишти. Азыр Жогорку сотто өкүм бар, өкүм күчүндө, аны кайра кайрылуунун негизиндеби, же болбосо Башкы прокуратура кайрылуу, сунуш келтиреби, же болбосо жаңы ачылган жагдайлар мененби ошол мыйзамдын негизинде Жогорку сот кайра карап чыгыш керек болчу.