Оштун тергөө абагындагы 29 бозгунду Өзбекстанга өткөрүү маселесине Жалалабаттан баш калка издегендер тынчсызданышууда. Алардын бири Икрамжан Юлдашев Кыргызстан качкындарды Өзбекстанга кайра берсе дүйнөлүк коомчулуктун алдына уят болот деген пикирде:
- Кыргызстан акыл калчап иш жасап, алардын күнөөсүз экендигин далилдөө менен Өзбекстанга бербейт деген үмүтүм чоң. Өткөрүп берсе, бүт дүйнөгө уят болот, демократиялык аброюн түшүрөт.
Дагы бир качкын Адил Ахмедовдун пикири боюнча, Өзбекстанга берилер адамдардын айыбы – өз укугун коргоону талап кылып, митингге чыкканы:
- Кыргыз өкмөтү аларды «бербейбиз» деп алып кеткен. Өзбекстанга өткөргөнү жатса, Кыргызстан кандай далилге таянууда? Анда БУУнун конвенциясын, эл аралык мыйзамдарды бузган болот. Биз нааразыбыз.
Мирзаев Мирзахид «кылмышка күмөндүү» аталгандар мекенине кайтарылса, эл аралык жаңжал чыгарын эскертсе, Мамытханова Данахан аларды түгөлү менен лагерге алып келүүнү талап кылды:
- Кыргызстан ал кшилердин бир тал чачын түшүрбөй кайтарып берсин, лагерден аман-эсен кетишкен. Мен эне катары айтам.
Облустагы ички иштер кызматкерлеринин укугун коргоо коомдук корунун башчысы, адвокат Сагын Жумашевдин оюнда бозгундардын кылмышы аныкталса, келишимге ылайык Кыргызстан Өзбекстанга өткөрүүгө милдеттүү:
- Мамлекет аралык келишим бар. Эгерде Өзбекстандын жарандарынын артында кылмыш иши бар болуп, Өзбекстан тараптан көрсөтүлгөн материалдар боюнча берүү талаптары коюлса, далилденсе, биз берүүгө милдеттүбүз.