Улуу Британиядагы жардырууларда каза тапкандарга көңүл айткан айрым жалалабаттыктар окуяга терс көз караштарын билдиришти. Облустук борбордун тургуну Нурбек Касымбеков жардырууну чоң трагедия катары кабыл алды:
- Адамдар үчүн трагедиялуу нерсе катары кабыл алдым. Чындыгында көп адамдардын өмүрү үзүлүп, жети жүздөн ашык адамдар жаракат тартыптыр. Бул террористтер менен алдыда өтө катуу күрөшүүнү талап кылат.
Шухрат аттуу жигиттин көз карашында Лондондогу алаамат «ал-Каида» уюмунун гана колунан келет:
- Баарыбыз жакшы билебиз. Усама Бенладен тарабынан каржыланып, жаман иштерге алып барган бул “ал-Каида”. Бүгүн радиодон уктум “ал-Каида” өз мойнуна алыптыр терракты биз кылдык деп. Уюштуруучулук жактан жакшы пландаштырылып, техника жаткан каржыланган террактарды бир гана финансысы күчтүү ушул уюм гана каржылай алат.
Үнүн жаздырууга көнбөй койгон аял террактты Шотландияда чогулган сегиз чоң мамлекетке террорчулардун сес көрсөтүүсү катары баалады.
Облустук улуттук коопсуздук башкармасынын мурдагы төрагасы Марат Иманкулов мамлекеттик кызматкерлер менен бирге элдин да экстремизм менен эл аралык террорчулукка келишпес мамиле жасоосун туура көрөт:
- Эл аралык терроризм боюнча жалаң эле мамлекеттин күчүнө ишенип туруп албастан коомчулук дагы чогуу иштеп, терроризм менен экстремизм маселеси боюнча коомчулук түзүп, коомчулуктун арасында ушуларга келишпестик атмосфера түзүп, элдин баары жапырт туруп, ушуга каршы болушубуз керек болчу. Мындай иштер кескин кыскара турганына менин көзүм жетет.
«Фергана өрөөнүндөгү коомчулуктун кызыкчылыгын коргоо» түйүнүнүн Кыргызстандагы координатору Абдиназар Маматисламовдун пикири боюнча дүйнөлүк коомчулук террордук акциялардын жаралуу себептерин изилдебей жатат:
- Натыйжада кайра эле карапайым элдер, атуулдар өлүп атат ар жерде. Ошондой болбошу үчүн албетте дүйнөлүк коом чогулуп, теракт деп эле жамандай бербей, отуруп бул маселени изилдеш керек. Ошондо гана токтошу мүмкүн деп ойлойм.
Өлкөдө катталбаган «Хизб-ут Тахрир» уюмунун өкүлү Абдрахман Жолчиевдин көз карашында, бийлик уюштурбаса, Кыргызстанда Лондондогудай террордук акциялардын болуусу мүмкүн эмес:
- Чыныдыгында ал жердеги террордук иштердин баардыгын бийлик өзү чыгарат. Себеби эл канча кыйналса ошол жерде террордук иш ошончо көп болот. Биздин Кыргызстанда эл анча деле кыйналган жок.