Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

ПРЕЗИДЕНТ ОППОЗИЦИЯ МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮГӨ ДАЯР


Президент Курманбек Бакиев өлкөдө түзүлгөн кырдаал боюнча саясий партиялар жана жарандык коом өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө даяр. Оппозиция уюштурган кечээки улуттук форумда 2-ноябрга белгиленген нааразылык акциясына дейре президенттин катышуусунда дагы бир жолу маселени талкуулоо сунушу бийлик өкүлдөрү тарабынан айтылган эле. Оппозиция өкүлдөрү мындай сунушту кабыл алганы менен ага кимдер катышаарын жана кандай маселе талкууланарын алдын-ала тактап алууну талап кылууда.

Кечээки улуттук форумда бийликке катуу сын-пикирлер айтылып, оппозиция өкүлдөрү тандемди кызматтан кетирүү талаптарынан кайтпастыгын баса белгилешкен. Президенттин маалымат кызматы бул жыйын аяктагандан көп өтпөй эле мамлекет башчысы конструктивдүү диалогго барууга даяр экени тууралуу кабар таратты: «КР президенти Курманбек Бакиев жакын арада саясий партиялардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү менен бирге тегерек үстөл өткөрүп, өлкөдөгү бүгүнкү кырдаал боюнча конструктивдүү диалог өткөрүү демилгесин көтөрдү»- деп билдирди, «Азаттыкка» президенттин маалымат кызматынын башчысы Досалы Эсеналиев.

Канткен менен оппозиция өкүлдөрүнүн арасында бийликтин мындай сунушуна карата азырынча бирдиктүү пикир жок. Маселен, «Асаба» партиясынын лидери Азимбек Бекназаров президенттин командасы эч нерсе чечпестигин айтат:

- Биз менен кимдер сүйлөшөт. Маселен, президент менен премьер-министр же өкмөттүн башка мүчөлөрү катышса мен барбайм. Алар эч нерсе чечпейт. Президенттин өзүнүн командасы бар. Алар үй-бүлө мүчөлөрү, инилери. Мына ошолор менен чечет. Эгер ошолор менен сүйлөшүү болсо мен көрө жатам, деп айттым кечээ өкмөт мүчөлөрүнө.

Адам укуктары боюнча президент алдындагы комиссия төрагасы Турсунбек Акун болсо мындай сүйлөшүү мурдагы бийликтин учурундагыдай үч эмес, эки тараптын гана катышуусунда болгону ийги деп эсептейт:

- Оппозиция менен бийликтин гана өкүлдөрү катышыш керек. Маселен эки тараптан ондон киши катышса болот. Акаев учурундагыдай ортого бейөкмөт уюмдарды, «дүжүр» аксакалдарды кошуунун кажети жок. Эки тарап консенсуска келиши керек, тирешүүдөн эч кандай пайда жок.

Кечээки жыйынды алып барган "Реформа үчүн" кыймылынын мүчөсү Өмүрбек Абдракманов бийликтин сунушу негизинен кабыл алынганын, бирок ага кимдер катышаарын жана кандай маселе талкууланарын алдын ала тактап алуу зарылдыгын белгилейт:

- Бийлик тарап бул сунушту Акаев учурундагыдай «кишилерди биз чогултабыз, ошолор менен сүйлөшкүлө» деп айтып жатат. Жо-ок, талашкан эки тарап гана сүйлөшүп, бир чечимге, консенсуска келиши керек. Негизинен мындай сунушту кабыл алдык, бирок ким менен жана кандай форматта болоорун алдын ала сүйлөшүп алыш керек.

Президент демилге кылган бул жолугушуу качан, кандай форматта өтөөрү азырынча белгисиз.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG