21 жаштагы студент Бакай Боромбаев жарым жылдан бери тоок бизнеси менен шугулданып келет. Учурда анын миң тоокту батырган жеке фермасы бар. Анын айтымында, учурда тооктордун 85 пайызы жумурткалайт. Орто эсеп менен күнүнө 4 миң сомдун тегерегинде киреше түшөт. Корозду талап кылбаган шейвер тооктору жылуулукту жактырат. Ферма ичинде дайыма бирдей температура сакталышы шарт.
Жер талаш: кезек окуу жайларга жеттиби
Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педогогикалык колледжине таандык 1 гектарга жакын спорт аянтчасы ар кандай жолдор менен жеке менчикке өтүп, учурда курулуш иштери мыйзамсыз жүрүүдө.
“Дордой” базарынын жака белиндеги Ак-Бата, Ак-Жар, Дордой-2 сыяктуу конуш жашоочуларынын басымдуусу жакыр жашагандыктан базар менен эптеп күн көрүшөт. Алар шаар башчысы ким болгонунан деле кабарсыз, ар ким өз тиричилиги менен алек. Кышкысын тамтыгы чыккан жол, үлүрөйгөн жарык жана отун-суунун тартыштыгы ого бетер кыйнайт. Конуш балдарынын каникул учурундагы жалгыз эрмеги муз тебүү.
Шыпыргынын шыбагасы
Кыргызстанда көп аял алууга мыйзам тыюу салганы менен шариятка такап үстү-үстүнө аял алгандар арбып барат.
Орус жергесинде эмгектенип жүрүп ар кандай себептерден улам каза болгон мигранттардын сөөгүн мекенине жөнөтүүдөгү чыгымдар маселе жаратууда.
Муфтияттын Уламалар кеңеши 8-февралда өтүүчү Кыргызстан мусулмандарынын курултайына чейин Максат Токтомушевди муфтийликке шайлады.
“Алтын үн” ыр фестивалында Гран-приге ээ болгон 17 жаштагы Темирлан Мукашевди белгисиз бирөөлөр көзгө атып кетишти.
Өкмөттүн токтомуна ылайык, мындан кийин мамлекеттик жана муниципалдык кызматтан терс негизде бошотулган адамдар атайын тизмеге алынат.
Кыргызстанда диний ишенимине байланыштуу жаңы жыл майрамын белгилебеген саясатчылардын саны арбып барат.
Айрым журналисттер жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан берилчү “Жылдын мыктысы” наамы сатыларын айтып чыгышты.
Коргоо кеңешинин алдындагы жумушчу топ Геология агенттигиндеги, Энергетика министрлигиндеги жана Жол кайгуул кызматындагы коррупциялык схемалардын бетин ачты.
Чет элдик жарандарга мыйзамсыз паспорт бергендиги үчүн Калкты каттоо департаментинин бир катар кызматкерлерине Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду.
Жол кырсыктары айдан-айга, жылдан-жылга көбөйүп, ага жараша жол коопсуздугу коомчулуктун көңүлүн бурган башкы маселеге айланды. "Азаттыктын" кабарчылары бул көйгөйдүн себептерин ар тараптан сураштырышты.
Кыргыз улуттук илимдер академиясы 2025-жылга чейин өнүгүү стратегиясын талкуулап, президентке жана өкмөткө жолдоду.
Айрым жогорку окуу жайлардын студенттери жалаң 4 жана 5 деген бааларга окугандарга стипендиянын кыскарышы паракорчулукту күчөткөнүн айтышууда.
Залкар жазуучунун 85 жылдыгына карата Кыргызстанда жана дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө эскерүү иш-чаралары өткөрүлдү.
12-декабрда “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюлуп, куран окулду. Ошондой эле “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Айтматовдун үй-музейине экскурсия уюштурулду.
Дагы жүктөңүз