Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:33

“Алтын үндүн” ээси бир көзүнөн айрылды


“Алтын үн” ыр фестивалында Гран-приге ээ болгон 17 жаштагы Темирлан Мукашевди белгисиз бирөөлөр көзгө атып кетишти.

Жаш ырчылардын республикалык “Алтын үн” фестивалы 27-декабрда өтүп, Гран-прини Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык мектептин 2-курсунун студенти Темирлан Мукашев жеңип алган. Калыстар тобун маданият министри Султан Раев, композитор Муратбек Бегалиев толуктаган эле.

Темирланды 31-декабрдан 1-январга караган түнү Бишкектеги кафелердин биринде белгисиз адамдар травматикалык тапанча менен көзгө атып кетишкен. Темирлан ал учурда достору менен кафеде ырдап жаткан жана достору сыртта белгисиз топ менен мушташа кетип, желим ок жаш ырчынын сол көзүн агызып түшөт.

Учурда бул факт боюнча Октябрь райондук ички иштер бөлүмү тергөө амалдарын жүргүзгөнү менен, азырынча шектүүлөр кармала элек.

Бир көзүнөн айрылган Темирлан Мукашев болуп өткөн окуяны фестивалга байланыштырбайт. Ал атышууну кокустук деп баалайт.

- Бул атышуу “Алтын үн” деген наам үчүн болгон жок. Анткени фестивалга мен сыяктуу эле жаш ырчылар, студенттер катышты. Алар мындай жаман ишке барат деп ойлобойм. Мен кафеден чыгып, мушташ болуп жаткан жакка бет алганда көзүмө ок тийди. Ким атканын так элестете албайм. Бирок аткан киши кызыл галстукчан болчу. Менимче алар бизди коркуталы дешкен. Мага ок атылгандан кийин балдардын баары качып кетишти.

Анткен менен Темирланды бала кезинен чоңойткон чоң апасы Эркингүл Бормокова небересинин көзүнөн айрылышы конкурска түздөн-түз байланыштуу экенин айтууда.

- Конкурска 20-30 ырчы катышты. Алардын ичинен көрө албастар чыгат да. Конкурс бүткөндөн кийин кайра ырдайбыз дегендер да болду. Жюрилерге нааразы болгондор да чыкпай койгон жок. Атүгүл ошол конкурска катышкандардын бирөө Темирландын жанында жүрүп эле окуя болгондон кийин Жалал-Абадга качып кетиптир деп угуп жатам.

“Алтын үн” фестивалынын негиздөөчүсү Мирлан Муратов болуп өткөн окуяны конкурска байланыштырбоого чакырды.

- Конкурска катышкан балдардын баарынын ичинде кири жок. Алар Темирлан жеңишке жеткенде залдан креслого отургузуп алып чыгып кетишкен. Эгер ичи тарлар болсо мындай кылбайт эле да. Мага бирөө да конкурстун жыйынтыгына нааразы экенин айткан эмес. Катышкандардын документтери азыр да жанымда. Алар мындайга барышпайт деп ишенимдүү айта алам.

Айрым маалыматтарда ок чыгарган адам милиция кызматкери болушу мүмкүн экендиги айтылууда. Кандай болгон күндө да Темирландын көзүн калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес дейт апасы Чынар Осмоналиева:

- Темирлан үй-бүлөдө жалгыз эркек. 17 жашында көзүнөн айрылып, бизди азапка салып отурат. Ким кылса да өз жазасын алса дейбиз. Өзү көзүнөн айрылганын билди, бирок канчалык жоготуу экенин жакшы сезбей жатат. Дагы врачтардын жардамы менен операция жасалды. Эми дагы операция жасалып, көзүнө башка жеринен эт алып чапташат экен.

Аталган фестиваль алгачкы жолу 2011-жылы уюштурулуп, ырчы Курал Чокоев жеңип чыккан. Быйылкы конкурста 30 чакты жаш ырчы ат салышкан. Уюштуруучулардын айтымында, жеңүүчүгө диплом жана айкелден башка эч кандай баалуу сыйлык берилген эмес.

XS
SM
MD
LG