Ооганстандагы 2014-жылдан кийинки кырдаалды талкуулаган Бишкектеги жыйында террордук "ал-Каида" уюмунун катарындагы кыргызстандыктардын саны эки жүзгө жетип калганы айтылды.
Кыска метраждуу тасмалардын эл аралык III фестивалы 12-декабрда старт алат.
Айрым депутаттар интернеттеги социалдык тармактардын колдонуучуларын сөгүп, этикага сыйбаган билдирүүлөрдү байма-бай жарыялап келет.
Таластын Кара-Буура районундагы Маймак айылынын инспектору үч ирет кыз ала качканы айтылууда.
Кыргызстандын жабык жайларында эркинен ажыратылгандар чөнтөк телефон, интернет колдонушат.
Башкы прокуратура Мирбек Тешебаевди кыйнады делген Ош облустук ички иштер башкармалыгынын бир катар кызматкерлерине 4 берене боюнча кылмыш ишин козгоду.
Кыргызстанда биринчи жолу ишкерлер акыйкатчысы түзүлүп, бул орунга Азис Абакиров шайланды.
Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун кармалышына жай тургундар кандай баа берип жатышат? "Азаттык" Бишкектин көчөлөрүндө жүргөн элден сурамжылоо жүргүздү.
Камалган депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери жекшембиден бери бууп турган Ош - Эркеч-Там жолун дүйшөмбү күнү кечке жуук ачып, бийликке үч күндүк убакыт чектеди.
Кара-Буура районунун Маймак айылынын аймактык инспектору 20 жаштагы кызды күчкө салып ала качып кеткенин акыйкатчынын Таластагы өкүлү билдирди.
"Азаттыкттын" кабарчылары медициналык жайлардагы коопсуздукка, тез жардам кызматындагы жагдайга, бейтап -дарыгер мамилесине кызыкты.
Сатыбалдиев кол койгон токтомго ылайык, чет элдиктер узак мөөнөткө жер тилкесин ижарага жана имараттарды жеке менчикке алууга укуктуу.
Кеминдеги жол кырсыгы 8 кишинин, анын ичинде 6 адамдан турган бир үй-бүлөнүн өмүрүн алып кетти.
Бишкектеги Ак-Өргө, Ак-Ордо жана Ала-Тоо конуштарын бириктирген №3 муниципалдык-аймактык башкармалык кеңсесинен кол жууп калышы мүмкүн.
13-ноябрда белгисиз бирөөлөр тарабынан токмоктолгон адвокат Икрамидин Айткулов өзүнүн сабалышын саясатка байланыштырды.
Белгилүү алып баруучу жана шоумен Бакыт Букаевдин киши колдуу болуп жан бергени коомчулукта ар кыл пикир жаратты.
Торугартта жүз берген кыргыз-дунган айдоочулар арасындагы чатак "Дордой" базарына кымбатчылык алып келди.
№4 төрөтканадан жоголгон бир айлык Кызжибектин дайыны белгисиз бойдон калууда.
Бишкектеги айрым тойканалар аш-тойлорду карызга өткөрүүгө даяр.
Кыргызстандагы кезектеги парламенттик шайлоого айрым саясый партиялар эмитен эле кам көрүүгө киришти.
Дагы жүктөңүз