Шыпыргынын шыбагасы
50 жаштагы Мухтар Масалиев 10 жылдан бери Дордой базарынын жанындагы айланма жолдо шыпыргы сатып, андан түшкөн каражатка үй-бүлөсүн эч нерседен кем кылбай багууда. 11 уулу бар, улуусу 27де болсо, кичүүсүнө эми 2 ай толот. Жубайы үйдө бала багуу менен алек. Ал өзү жалгыз жайды жайлай 2 гектар жерине эккен шыпыргысын кыштата жол боюнда отуруп сатат. Жардам сурап бирөөлөрдүн эшигин кагып көргөн жан эмес. Ал эртеби-кечпи ак эмгектин акыбети кайтаарына ишенип жашайт. (Уланбек Эгизбаев)
Чыгарылыштар
-
Март 27, 2025
Бишкек: Бөбөк араба үчүн жол кире алуу туурабы?
-
Март 14, 2025
"Тынчтык үчүн көчөбүз". Жаңы Достук айылы түптөлөт
-
Март 14, 2025
“9400 евро акчамды бербей жатат”
-
Март 08, 2025
"Жаша, аялзат!". Кыз-келинди коргоону талап кылган жүрүш