АКШнын мамкатчысынын Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Дэниел Розенблюмдун Кыргызстанга болгон беш күндүк сапары Бишкекте башталды.
Бензиндин кымбаттаганына каршы акция өттү
Семён Чуйков атындагы cүрөтчүлөр союзунун галереясында 3-октябрдан тарта “Бейне” аттуу көргөзмө башталды. 18 жаш сүрөтчү 40тан ашык Кыргызстандын маданий ишмерлеринин портреттерин жараткан. Көргөзмөгө портрет, живопись жана скульптура жанрындагы чыгармалар коюлду. Сүрөтчүлөр каармандарды өздөрү тандаган. “Бейненин” башкы максаты белгилүү адамдар аркылуу элди музейге, сүрөтчүлүк өнөргө тартып, алардын кызыгуусун арттыруу. Көргөзмө эки жумага созулат. Кирүү акысыз.
Бишкектин эски аянтында айт намазы окулду. Жааган жаанга карабай намазга келгендердин саны көп болду. Курман айт майрамы менен калың журтту муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов жана Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков куттуктады.
Робот бийи менен таанылган бийчи Атай Өмүрзаков жана "Тумар КР" бийчилер тобу Германиянын Франкфурт шаарында өткөн Das Supertalent-2014 телесынагында финалга чыкты.
Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын жанында 26-сентябрда башталган бал жармаңкеси 5-октябрга чейин уланат. Анда ар кыл аймактардан келген балчылар өздөрү өндүргөн продукцияларын сатыкка коюшууда. Кыргызстанда бал жармаңкеси 3 жылдан бери өткөрүлүп келет.
"Ар-намыс" фракциясы Маданият, маалымат жана туризм министрине талапкер катары көрсөткөн Алтынбек Максүтов боюнча чечимин өзгөртүп, өкмөт башчысына дагы бир талапкерди сунуштады.
3,5 жылда 34 бейтап өлдү деп айтылып жаткан Чүй облустук ооруканасынын жетекчисинин орун басары Нуралы Матаипов ИИМ тараткан маалымат карандай калп экенин айтууда.
Бөйрөгүнөн жабыркагандардын укугун көптөн бери коргоп келе жаткан жарандык активист Темир Султаналиев аталган ооруканадан ажал тапкандардын жалпы саны 36 экенин ага жазылган арыз боюнча тизмектеп берди.
Ички иштер министрлиги бөйрөк дартынан жабыркаган 34 бейтаптын өлүмү боюнча Чүй облустук оорукана кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду.
Мүмкүнчүлүгү чектелген же майып адамдар коомчулук тарабынан айрым учурларда басмырлоого кабыларын айтып келишет. Кабарчыбыз бул ирет шаар тургундарына “майыптарга мамиле өзгөрдүбү?” деген суроо узатты.
Бишкек шаарынын 60 жаштагы бир тургуну кызы вахабизм идеологиясынын туткунуна түшүп, өзү кысымга кабылып жатканын айтып чыкты.
Вахабизмден жапа чеккен Ольга айым
Мамлекеттик тил боюнча мыйзамдын кабыл алынганына чейрек кылым болсо да, ага жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбаганы сындалып келет.
“Ар-намыс” фракциясы режиссер Алтынбек Максүтовдүн талапкерлигин Маданият, маалымат жана туризм министрлигине көрсөттү.
“Ар-намыс” фракциясы режиссер Алтынбек Максүтовдү Маданият, маалымат жана туризм министрлигин жетектөөгө талапкер кылып көрсөтөт.
Бишкектеги №1 төрөтканадан жаңы төрөлгөн ымыркай сатылды деген маалымат кызуу талкууга жем таштап, кылмышка шектүү делген врач-гинеколог камакка алынды.
Дүйшөмбүдө өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун 14-саммитинин алкагында президент Алмазбек Атамбаев кытай жана тажик лидерлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Ысык-Көлдө өтүп жаткан биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата коомчулукта ар кандай пикирилер айтылууда. Айрымдар аталган оюндардын ачылыш аземи жогорку деңгээлде өттү десе, уюштуруу иштеринин башаламандыгына нааразылар да аз эмес. Өлкөнүн туристтик имиджин көтөрөт деген “Көчмөндөр оюнуна” чет элдиктер кандай баа беришет?
Дүйнөлүк биринчи көчмөндөр оюнуна карата айтылуу Кырчын жайлоосунда этно-шаарча каалгасын ачты.
Дагы жүктөңүз