Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун салтанаттуу ачылыш аземи аталган иш-чарадан күмөн санагандардын үмүтүн жандыргандай эле болду. Президент Алмазбек Атамбаевдин эл алдына спорттук делегация менен бирге чыгып, “Көчмөндөр оюну” кийинки жылы да Кыргызстанда өтөт деген жалындуу сөзү ат майданга батпай турган 10 миңге жакын көрүүчүнун алкышына татыды. Иш-чарага сыйлуу конок катары чакырылган өлкө башчылары келбей калса да Башкыр президенти, Малайзия тышкы иштер министри, “Газпромдун” башчысы алардын ордун жоктоткон жок.
Көчмөндөр оюнунун ачылышы
Ким, эмнеге нааразы?
“Көчмөндөр оюну” болот дегенден бери эле коомчулукта ар кандай пикирлер айтылууда. Бири оюндарга карата кыйылган Раппопорт аллеясын жоктоп, иш-чарага кеткен каражатты максатсыз коротулду десе, дагы бири оюн башталарда соңуна чыккан курулуш иштерин, иш-чаранын уюштуруу деңгээлинин төмөндүгүн сынга алууда.
Пайгамбар жашынан өтүп калган Ашым Култаев байбичесин ээрчитип алып "Көчмөндөр оюнун" көрүүгө атайын Оштун Кара-Кулжасынан келген. Ал иш болгон жерде кемчилик болорун айтып, эки күндүк иш-чарадан алган таасирлери менен мындайча бөлүштү:
- Бул иш-чара тууралуу радиодон угуп эле келдим. Абдан жакшы өтүп жатат. Кырчын жайлоосуна барып, көчмөндөрдүн байыркы буюм-тайымдарына күбө болдум. Кыргыздын унутта калып бараткан баалуулуктарын, ат оюндарын эске салдым. "Көчмөндөр оюну" кыргыз элин дүйнөгө таанытат. Мага окшоп бул жакта өлкөнүн булуң-бурчунан келген адамдар, чет элдиктер көчмөндөрдүн турмушу менен жакындан таанышып, көздөрү кубанып жатат.
Жергиликтүү эл биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун Кыргызстанда өтүп жатканын ийгилик катары баалап, анча-мынча кемчиликтерге көз жумуп жаткандай. А бирок чет өлкөдөн келген меймандар кандай пикирде?
Орой милиция, кашаң интернет...
Түркиялык журналист Хусейин Кылыч байыркы көчмөндөр цивилизациясына Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунда күбө болуп жатканына чексиз ыраазы. Бирок иш-чараны уюштуруудагы айрым кемчиликтер аны бираз ирээнжиткендей таасир калтырды.
Түрк боордошубузду ээрчип, аксакалдан маек алып жаткан жеринен кепке тарттым.
- Биринчиден, стадионго кирип-чыгып жатканда милиция кызматкерлери абдан орой мамиле жасап жатышты. Экинчиден, жалпыга маалымдоо каражаттары менен мамиле начар болду. Бул жакта чаржайыттык өкүм сүрдү. Интернет байланышы өтө жай. Журналисттер үчүн иш-чараны чагылдырууга шарттар түзүлгөн эмес. Мисалы биз видеого тарта алган жокпуз. Журналисттер сахнаны көрө алышкан жок. Эң биринчи кезекте журналисттерге жакшы шарт түзүү керек болчу. Анткени кыргыз маданиятын даңазалаган бул иш-чараны ошолор дүйнөгө таратат да теле, радио аркылуу...
Түркиялык журналист Антальядагы 5 жылдыздуу мейманканага бир түнгө 50-60 доллар берсе, Ысык-Көл жээгиндеги жылдызы жок эле мейманканага 150-160 доллар төлөп жатканын кыстара кетти.
Чет элдиктер “Көчмөндөр оюнунан” кабарсызбы?
Кырчын жайлоосундагы Кыргызстандын жети дубан калкынын башын бириктирген 200 боз үйдөн турган этно-шаарчада жубайы менен саякаттап жүргөн Дэниел Линхард Калифорниядан келген турист. Ал "Көчмөндөр оюну" тууралуу кокусунан эле угуп, көчмөндөрдүн жашоосу менен таанышуу үчүн эс алуусун уланткан.
Дэниел мырза Көчмөндөр оюну тууралуу чет жерлик туристтерге маалымат жетпегенин айтууда.
- Мага оюндардын жадыбалындагы башаламандыктар жаккан жок. Көкбөрү эртең менен 10до болот деп жазылып турган. Улам жылып отуруп, түштөн кийин саат 4тө болот дешкенинен күтпөй кетип калдык. Бирок көкбөрүнү аябай көргүм келген. Бул оюндар, албетте, туристтерди Кыргызстанга тартат. Бирок жакшылап жарнамалаш керек болчу. Мисалы Америка, Европада "Көчмөндөр оюну" өтүп жатканы тууралуу эч кандай маалымат жок.
Түрк тилдүү элдердин "Көчмөндөр оюну" деп аталган бул оюндар 14-сентябрда жыйынтыкталат. Оюндар Чолпон-Ата ат майданында, Рух-Ордо комплексинде жана Кырчын жайлоосунда өтүүдө. Уюштуруучулардын айтымында, оюндарга 18 мамлекеттен миңге жакын киши келди. Оюндар спорттун он түрү боюнча өтүүдө.