Шаардык милициянын тергөө башкармалыгы Чүй облустук ооруканасынын Жасалма бөйрөк бөлүмүнүн кызматкерлерине карата кесиптик милдетин так аткарбаган деген берене боюнча кылмыш ишин козгоду. Буга аталган ооруканада дарыланып жүрүп бөйрөк дартынан каза болгон 34 бейтаптын жакындары жазган арыз себеп болгон. ИИМдин өкүлү Эрнист Осмонбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, аталган өлүмдөргө мөөнөтү өткөн “Репретин” дарысы себеп болгон.
- Тергөөнүн жүрүшүндө аталган оорукананын кызматкерлери 2013-жылдын февралында мөөнөтү бүткөн дарыны май айына чейин бейтаптарга берип жүргөнү аныкталды. Бул факт боюнча текшерүүлөр, экспертизалар улантылып жатат. Кылмыш иши мөөнөтү өткөн дарынын негизинде козголду. 2010-жылдан бери аталган ооруканадан 30дан ашык бейтап көз жумган.
Учурда бул факт боюнча Свердлов райондук милициясы тергөө иштерин улантууда. Анткен менен 3,5 жылда 34 бейтап өлдү деп айтылып жаткан Чүй облустук ооруканасынын жетекчисинин орун басары Нуралы Матаипов ИИМ тараткан маалымат карандай калп экенин айтууда. Анын ишендиришинче, Жасалма бөйрөк бөлүмү ачылгандан бери 34, эмес 20 бейтап жан берген.
- Үч жарым жылда биздин бөлүмдө сеанс алып жатып 20 бейтап кайтыш болгон. 3-4 айда 34 адам каза тапты деген жалган маалымат. Мөөнөтү өткөн дарыларды бейтапка берип жаткан врачтарга чара колдонгонбуз. Бирок бул аралыкта бир гана бейтап жан берген жана ал да өз оорусунан. Бейтаптардын өлүмү менен мөөнөтү өткөн дарылардын байланышы жок. Баары тең өтүшүп кеткен бөйрөк оорусунан ажал табышкан. Гемодиализ жабдыгы ооруну сакайтпайт, болгону адам өмүрүн убактылуу узартат.
Чүй облустук ооруканасында Жасалма бөйрөк бөлүмү 2010-жылдын соңунда ачылган жана 5 жасалма бөйрөк жабдыгы бар. Учурда 30 бейтап кезеги менен жашоосун узартып келет.
Врачтар билип туруп өмүрү жабдыкка байланган бейтаптарга мөөнөтү өткөн дарыларды беришкен. Мындай оюн Жогорку Кеңеш депутаты Ширин Айтматова билдирди. Ал Чүй ооруканасынын кызматкерлерине чара көрүү маселесин буга чейин да бир нече ирет көтөргөн, бирок эч кандай майнап болгон эмес.
- Врачтар мөөнөтү өткөн дарыларды билип туруп беришкен. Анысы аз келгенсип оорукана жетекчилиги аталган дарыларды мындан ары да колдонгула деп көрсөтмө берген. Биздин бейтаптар тажрыйба жасоочу чычкан же оюнчук эмес да. Эски дарыны колдонууга такыр болбойт. Чет өлкөлөрдө бөйрөк дартынын мындан да оор түрүнө кабылгандар биздин жарандарга караганда узак жашашат. Бул ооруканада эмне болгонун терең иликтеш керек.
Айтматова бейтаптардын өлүмүнө эски дары себеп болбогон күндө да бул факт тыкыр иликтөөнү талап кыларын кошумчалады.
1015 бейтап гемодилизге кезек күтүүдө
Бөйрөгүнөн жабыркагандардын укугун көптөн бери коргоп келе жаткан жарандык активист Темир Султаналиев аталган ооруканадан ажал тапкандардын жалпы саны 36 экенин ага жазылган арыз боюнча тизмектеп берди. Анын ишениминде, бейтаптар жасалма бөйрөк аппаратына болгон кезек күтүүнүн жана аталган тармактагы коррупциянын айынан жан берип жатат.
- 36 адамдын өлүмү үчүн күнөөлүүлөрдүн баары жоопко тартылышы керек. Анткени аталган оорукана жеке менчик эмес, өкмөттүкү. Ошого карабай гемодиализ аппаратын пара берүү менен алышат. Буга мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеванын да тиешеси бар.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, өлкө боюнча өтүшүп кеткен бөйрөк оорулуулардын жалпы саны - 1488. Алардын 473ү гана бюджеттик негизде гемодиализ аппараты менен камсыздалган. Калган 1015 бейтап кезерип кезек күтүп келет. Гемодиализге муктаждардын саны 2010-жылы болгону 305 болсо азыркы көрсөткүч мындан төрт эсе көп. Мындай оорулуулар бөйрөк аткаруучу функцияны жасалма жол менен аппарат аркылуу жасатып, айына 12 жолу канын тазалатып турушат. Кезекке илинген бейтаптар үчүн бул мамлекеттин эсебинен бекер жасалат. Бөйрөк жуудуруунун бир айлык акысы 1200 долларды түзөт. Кыргызстанда мындай 65 гана аппарат бар.