Бензиндин кымбаттаганына каршы акция өттү
Акция Бишкектин түштүк тарабында Ак-Кеме мейманканасынын жанында орун алган Ормон Хандын эстелигинин алдында өттү. Ушул эле жерде бул иш-чарага каршы дагы бир акция өтүп, ага катышкан онго жакын адам, “Жаңы муун” кыймылынын мүчөлөрүн бул акцияны өздөрүнүн атын чыгаруу үчүн уюштурууда деп айыптап чыгышты.