Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

Бишкек-Вашингтон алакасы базадан кийин


"Манас" аэропортундагы АКШнын Транзиттик базасы ушул жылдын 3-июнунда жабылган.
"Манас" аэропортундагы АКШнын Транзиттик базасы ушул жылдын 3-июнунда жабылган.

АКШнын мамкатчысынын Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Дэниел Розенблюмдун Кыргызстанга болгон беш күндүк сапары Бишкекте башталды.

Ал бүгүн ЮСАИДдин “Реформа” программасынын жабылышына жана бизнести колдоого багытталган жаңы программасынын ачылышына күбө болду. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз катчысы Турат Макенбаев билдирди. Анын айтымында, Розенблюм Ош жана Жалал-Абад шаарларын да кыдырып, жергиликтүү бийлик жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугат. Мамдепартаменттин өкүлү кыргыз тарап менен мындан аркы кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулайт.

Мамилени сууткан авиабаза...

Анткен менен айрым эксперттер Транзиттик борбордун “Манас” аба майданынан чыгарылышы эки өлкөнүн мамилесин кыйла солгундатканын айтып келишет. Алардын бири - саясат талдоочу Эмил Жураев кыргыз-америка алакасына өз баасын мындайча берди:

- Мындан ары Кыргызстандын Америка үчүн стратегиялык мааниси төмөндөйт. Буга чейин деле анча жогору эмес болчу. Бир жагынан авиабаза жабылып жатат, экинчи жагынан Американын Ооганстандагы операциялары соңуна чыгууда. Бирок Американын өкмөт өкүлдөрүнүн айткандарына караганда, алардын Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга болгон тышкы саясаты анча деле өзгөрбөйт. Мурда кандай болсо ошол бойдон улана берет.

Быйыл июнь айында АКШнын “Манас” аба майданындагы жүк ташуучу борбору жабылгандан кийин бул өлкөнүн Кыргызстанга кошкон экономикалык салымы кыйла азайды. Тагыраак айтканда, Кыргызстан Транзиттик борбордун ижара акысы үчүн жыл сайын берилчү 60 млн. доллардан кол жууду.

Жогорку Кеңеш депутаты Равшан Жээнбеков аталган борбордун өлкөдөн чыгарылышы бир гана экономикага эмес, саясий кызматташтыкка да көлөкө түшүргөнүн баса белгилейт. Анын айтымында, Кыргызстандын Орусия демилгелеген уюмдарга биригиши кыргыз-америка саясий кызматташтыгына да доо кетирет.

- Өкмөттүк мамиле Бажы биримдигине киребиз дегенден тарта кыскара баштаган. Эгер мындан ары да Орусиянын жетегинде кете турган болсок, байланыш дагы кыскарат. Бүгүнкү кыргыз бийлиги баарын Кремлдин айтканы менен жасап, Европанын, Американын демократиялык институттарына тоскоолдук жаратып жатат.

Бейөкмөт уюмдардын данакерлигине чекит коюлабы?

Деген менен дагы бир саясий талдоочу Кубан Абдымен эки өлкөнүн аскердик, саясий жана экономикалык кызматташтыгы канчалык кыскарса да, АКШ өкмөтү эгемендик жылдарда баштаган демократияны жайылтуу жана жарандык коомду өнүктүрүү саясатынан баш тартпайт деген пикирде. Анын ишениминде Кремль менен Бишкектин ымаласы канчалык жакындаган сайын бул кызматташтык улам жаңы баскычтарга көтөрүлөт.

- АКШ мындан ары Кыргызстандагы өз таасирин бейөкмөт уюмдар, жарандык коом аркылуу кармап турат. Аларды каржылоо аркылуу, маалыматтык технологиялардын жардамы менен өз таасирин күчөтөт. Бул ыкманы республика боюнча жайылтып, керек учурда жаштарды колдоно алат. Бирок парламент тарабынан сунушталып жаткан чет элдик агенттер тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынып калса, бул иштерди каржылоо кыйла азаят.

Кыргыз-америка алакасы мындан ары экономикага оойт дегендер да жок эмес. Өткөн айдын соңунда экономикалык форум Бишкекте өтүп, анда эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтык жана инвестиция тартуу жолдору талкууланган. Расмий маалыматтар боюнча өткөн жылы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 227 млн. доллар болгон. Америкадан келген түз инвестиция болгону 8 гана млн. долларды түзгөн. Америка Кыргызстандын эгемендигин биринчилерден болуп таанып, дипломатиялык кызматташтык 1991-жылдын соңунда эле башталган.

XS
SM
MD
LG