“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин 2009-жылы аяктаган.
Президент Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча Борбор Азияда алдынкы орунда экенин айтса, Freedom House уюмунун маалыматында, өлкө сөз эркиндигинин дүйнөлүк рейтингинде 149-орунда жайгашып, "эркин эмес" өлкөлөрдүн катарында турат.
Бишкекте ислам дининдеги радикалдашуунун Борбор Азиядагы көрүнүшүн талкуулаган аймактык конференция ишин баштады. Анда аймактагы диний коопсуздук жана агартуу маселеси талданууда.
Кыргызстанда үч жыл мурда өнүккөн 45 өлкөнүн жарандарына киргизилген визасыз каттам тартибин алып салуу сунушталды. Анын демилгечилери визасыз каттамды террорчулар да колдонушу мүмкүн деп ырасташууда.
Кыргыз бийлиги Human Rights Watch уюмунун Бишкектеги кеңсесинин башчысы Мира Риттманнды Кыргызстанга киргизбей койду.
Human Rights Watch уюмунун изилдөөчүсү Мира Риттманн Кыргызстанга кирбей калышынын өзүнө белгилүү себептери жана өлкөдөгү адам укугунун абалы тууралуу "Азаттыкка" маек берди.
Бишкектеги кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын отуруму талкуулаган башкы маселе өлкөдөгү энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруунун күңгөй-тескейи болду.
Улуттук банк Кыргызстан ичиндеги алып-сатуулардын бардыгын сом менен жүргүзүүнү сунуштады. Башкы банктын ишениминде, бул долларга болгон суроо-талапты азайтып, улуттук валюта - сомду турукташтырат.
Орусия өз мекендештерин Түркияга эс алууга барбоого үгүттөп жаткандыктан, кыргыз бийлиги бул мүмкүнчүлүктү колдонуунун аракетин көрө баштады.
Улуттук валютага кызыл кулактыкты "ФинансКредитБанктын" Абдырахманов менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан филиалы козутканын Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымат жыйында билдирди.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаевди үч, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Хажимурат Коркмазовду 1,5 жылга кести.
Бүгүн Биринчи май райондук соту президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Хажимурат Коркмазовдун ишин карап, өкүм чыгарды. Ага ылайык, Нарымбаевдин үй-мүлкү конфискацияланып, үч жыл күчөтүлгөн тартипте абакка кесилди. Коркмазов үй-мүлкүн конфи
26-ноябрга караган түнү Орусиянын Иркутск облусунда эки кичиавтобус кагылышып, жети киши набыт болуп, алардын үчөө кыргызстандыктар экени аныкталды.
Эксперттер “Таблиги жамаат” кыймылынын аркасы менен террористтик, экстремисттик уюмдарга кошулуп кеткендер көбөйүп жатат деп тынчсызданууда.
Соңку убакта мамлекеттик сатып алууларды интернет аркылуу жарыялоо түшүмүн берип жатканы айтылып, коомчулук бюджеттин эсебинен сатылып алынчу керектөөлөргө көз салып туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
“Азаттык” апта темасында акча базарындагы улуттук валюта сомдун куну түшүп, доллар таңсыктыгы жаралышынан улам келип чыккан көйгөйлөр тууралуу айтып бермекчи.
№50 түрмөнүн мурдагы башчысы Иманкул Телтаевдин өлүмү коомчулукта ар кыл пикирге жем таштады.
№50 абактын мурдагы башчысы каза болду
Доллардын кымбаттоосу айрыкча коммерциялык банктардан АКШ валютасы менен насыя алгандарга зыянын тийгизди.
“Эсибизде, аза күтөбүз” деген аталышта акция өттү
Ички иштер министрлиги өз күчү менен "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга киришти. Бирок буга жарандык коомдун айрым өкүлдөрү ишенбей турушат.
Дагы жүктөңүз