"Азаттык": Бишкекке качан жана эмне үчүн учуп келдиңиз эле?
Мира Риттманн: 2-декабрда эртең менен Стамбулдан Бишкекке учуп келгем. Human Rights Watch уюмунун Бишкектеги кеңсесинде иштеген кесиптештериме, Кыргызстандагы укук коргоочулар менен жарандык коомдун мүчөлөрүнө, бийлик өкүлдөрүнө жолугушууну пландагам. Биздин уюмда иштегендер үчүн бул адаттагы жумуш. Эл менен жолугуп, адам укугунун сакталышы боюнча пикир алышуу - биз аткарчу иштердин бир бөлүгү.
"Азаттык": Бирок сизди Кыргызстанга киргизбей коюшту да. Анын себебин сизге түшүндүрүштүбү?
Мира Риттманн: "Манас" аба майданына келип конгондон кийин мага өлкөгө кирүүгө тыюу салган актты көрсөтүштү. Анда Кыргызстанга "киргизилбей турган адам" экендигим, "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамды бузганым да жазылган экен. Андан башка кандайдыр бир маалыматты көрсөтүшкөн жок. Болгону Кыргызстанга кирүүгө тыюу салган кагазга гана таянышты. Биз эми өлкөгө кирүүгө тыюу салуунун себебин билүү үчүн кыргыз өкмөтүнө өтүнүч кат жөнөтөбүз.
"Азаттык": Мындай мамилеге себеп болгон жагдайлар тууралуу сиздин болжолуңуз же шек-шыбааңыз жокпу?
Мира Риттманн: Бул суроону, Кыргызстандын өкмөтүнө жолдоо керек. Эгер бийликтегилер чын эле мени мыйзам бузду деп эсептешсе, анын себеп-жөнүн да айтса керек деп ойлойм. Азырынча мени Кыргызстанга киргизбей коюуну негизсиз деп эсептейбиз. Бул биздин республикадагы укук коргоо ишибизге таасирин тийгизет.
"Азаттык": Кыргызстандагы Human Rights Watch уюмунун ишине ал кантип таасирин тийгизиши мүмкүн?
Мира Риттманн: Бул иш эки күн мурда болду, ошондуктан анын залакасы кандай болорун азырынча так айта албайм. Маселе тынч чечилип калаар деген үмүттөбүз. Ушул жерден бир нерсени белгилей кетейин, биз Кыргызстандагы ишибизди токтотпойбуз, адам укугунун сакталышына мындан ары да байкоо жүргүзө беребиз, мыйзам бузуулар боюнча Кыргызстан өкмөтү менен башталган диалогду улантабыз.
"Азаттык": Human Rights Watch уюмунун Кыргызстандагы иши канчалык маанилүү деп ойлойсуз?
Мира Риттманн: Human Rights Watch жана башка укук коргоо уюмдарынын иштери Кыргызстан үчүн абдан маанилүү экенин өкмөттүн өзү таанып отурат. Бийликтегилер тарабынан бул бир нече ирет белгиленген.
Кыргызстан эл аралык мыйзамдар боюнча белгилүү милдеттерди өзүнө алган, биздин ишибиз дүйнөлүк стандарттарга ылайык адам укугунун баркталышы жана сакталышы, аны жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууга багытталган изилдөөлөрдү жүргүзүүнү камтыйт. Биз жалаң эле сындоо менен алектенбей, адам укугунун сакталышы боюнча иштиктүү сунуштарды берип турабыз.
"Азаттык": Кыргызстанда адам укугунун сакталышы боюнча учурдагы абалды кандай деп баалайт элеңиз?
Мира Риттманн: Кийинки кездери бизди чочулаткан окуялар болуп кетти. Быйыл жазда "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо уюмунун офиси тинтүүгө алынды, Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине кайчы келген мыйзам долбоорлору иштелип чыкты. Мындан башка Кыргызстан өкмөтү күрөшүп аткан проблемалар бар, дагы көп иштер жасалышы керек. Адам укугуна байланышкан жагдайларды жакшыртуу боюнча мерчемделген иштерди алдыга жылдырып, аны өркүндөтүү Кыргызстанда дагы улантылат деген үмүттөбүз.
"Азаттык": Сиз буга чейин Кыргызстанда болгонсуз жана ишти улантууга уруксат алууга жетише алган эмессиз, туурабы?
Мира Риттманн: Ооба, ушундай болуп калды. Акыркы жолу Бишкекке быйыл июнь айында учуп келип, кайра июлда учуп кеткем. Улуттук мыйзамга ылайык, чет өлкөлүк жарандар Кыргызстанда иштөөгө ар бир жылы уруксат алып турушу керек.
Мурдагы уруксаттын мөөнөтү бүткөнчө керектүү документтерди чогултуп, ошол кездеги Эмгек, жаштар жана миграция министрлигине жаңы уруксат алуу үчүн өтүнүч жөнөткөнбүз. Бирок министрлик ал кагазды узартууга макул болбой койгон.
"Азаттык": Кыргызстан бийлигине кандай каалоо айтаар элеңиз?
Мира Риттманн: Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерин урматтоо жана сактоо үчүн олуттуу чараларды кабыл алат деп үмүттөнөбүз. Кыргызстандын Конституциясы өлкөдө адам укугунун сакталышы жаатында одоно мыйзам бузууларга жол бербеши ырасталган, өлкө калкы ага ишенип бейгам жашашы керек.