“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин 2009-жылы аяктаган.
Бишкекте доллардын баасы 72 сомдон ашты. Улуттук банк доллардын курсу кескин көтөрүлүп кетпөөсүнүн алдын алып 14 миллиондон ашык долларды сатыкка чыгарды.
Бүгүн, 12-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековго козголгон кылмыш иштер боюнча сот өкүмү чыкты.
Президент Атамбаев 6-ноябрда Жогорку Кеңеште президенттик шайлоого бир жарым жыл гана убакыт калганын белгилеп, капчыктуулар элдин добушун сатып алган көрүнүш токтобогонуна тынчсыздануусун билдирди.
Экс-спикер Акматбек Келдибековго байланыштуу соттук териштирүү толугу менен аяктады. Кийинки жумада сот өкүмү чыгары айтылууда.
6-ноябрда Биринчи Май райондук соту экс-депутат Акматбек Келдибековго байланыштуу ишти карады. Бул күнү тараптардын жарыш сөзү улантылды.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы мындан ары оор кылмыш кылгандарды өзүнчө, мурдагы "погончондорду" өзүнчө бир абакка бөлгөнү жатат.
Оштогу №30629 аскер бөлүгүндө токмокко кабылдым деген жоокер Азирет Сатимамат уулунун оң көзү мындан ары элдир-селдир гана көргөнгө жарайт.
"Австралия Кыргызстанга качкындарды жиберет" деп жазган австралиялык басылманын маалыматы өлкөдө бир топ талкууга жем таштады.
Ички иштер министрлиги 28-октябрда Мамлекеттик каттоо кызматынын жарандарды каттоо департаментинин мурдагы башчысы Дүйшөн Сатыбалдиевди кармаганын маалымдады.
28-октябрда Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары мандаттарын алып, биринчи отурумун өткөрдү жана фракция башчыларын шайлады.
«Республика – Ата-Журт» партиясынын бүгүн мандат алган депутаты Аида Исмаилова "Азаттыкка" маек куруп, буга чейин соттошуп, жаңжалдашкан өз партиясы менен тил табышканын айтты жана алдыдагы өз пландарын ортого салды.
Өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган террористтик кыймыл катарын Фергана өрөөнүнөн барган жүздөгөн жаңы жоокерлер менен толуктап жатат.
Жапониянын премьер министри Синдзо Абэ Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында эки өлкө ортосунда 120 миллион долларлык келишимдерге кол коюлду.
Абактан качкан Алтынбек Итибаевди кармоо учурунда моралдык-психологиялык жактан жабыр тарткан жарандарга Бишкек шаар бийлиги медициналык жардам көрсөтүүдө.
"Кара тизме" мунапысынын мөөнөтү узарды. Мигранттар менен диаспора өкүлдөрү бул кадам “кара тизмеге” байланышкан көйгөйлөрдү жеңилдетеринен ишенбей турган чагы.
Эки күндө абактан качып, кармалгандардын үчөө өлдү. Айрым укук коргоочулар абактагылар атайылап өлтүрүлгөн болушу мүмкүн деп айтып чыгышты.
Кийинки жылы өкмөт 16 мамлекеттик ишкананын акцияларынан тышкары 21 мамлекеттик комплекс жана мүлктү сатыкка чыгаруу ниетинде турат.
11-октябрдан 12-октябрга караган түнү №50 абактан качып чыккан төрт адамдын бири - Данияр Кадыралиев өлтүрүлгөнү маалым болду.
Кызмат учурунда шейит кеткен үч жаза аткаруу мекемесинин кызматкерлеринин сөөгү 14-октябрда жерге берилет. Эки кызматкердин сөөгү туулган жеринде коюлса, майор Таалайбек Өмүрзаковдун жасаты Бишкекте жерге берилет. Өмүрзаковдун артында төрт баласы калды.
Дагы жүктөңүз