"Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.
Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө жалпысынан 20 айыл болсо, анда 15 мектеп жана 4 гана бала бакча иштейт.
Сузак районунда эки жашар бала ур-токмоктон каза болгону айтылууда. 27-январда туугандарынын колунда багылып жаткан бала ооруканага чарчап калгандан кийин жеткирилген. Окуяны ички иштер органдары иликтеп жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Судья Элмира Сулайманованын доо арызын Жалал-Абад шаардык соту карай баштады.
«Йакын инкарчы» деп эсептелген үй-бүлө 10 жаштагы баласын окутуудан баш тартып жатат.
Базар-Коргон районунун Арстанбап айылынын Кызыл-Алма участкасында башталгыч класстар үчүн жаңы мектеп ачылды. 180 окуучуга ылайыкташкан бул мектепте эми кызылалмалык 1-класстан 4-класска чейинки курактагы балдар окуй башташат.
Бир эле жылда 73 млн. сомдон ашык тендерлерди утуп алган компания курулуш иштерин бүтүрө элек.
Кыргызстандын аймактарында карапайым тургундар жер, турак жай жана башка мүлктөргө укуктарын аныктоодо кыйынчылыктарга тушугуп жатат. Буга укуктук сабатсыздык кедергисин тийгизүүдө.
Ала-Буканын Көк-Серек айылынын уз-чеберлери шырдак шырып, аны райондун бренди катары чыгарууну максат кылышууда. Аймактагы ар бир кыздын себине кошулган бул буюмду жергиликтүүлөр шырмал деп аташат. Азыр 14 аялдан турган өз алдынча топ чеберчилигин башкаларга да жайылта баштады.
Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылынын 60 жаштагы тургуну Дилбар Жумабаева пенсия курагында шарты катаал алыскы айылда акушер болуп иштеп жатат.
Ноокенде милициянын сержантынын өлүмүнө шектүү адам эки айга камалды.
"Азаттык" аймактар жашаган тургундардан "2019-жыл эмне менен эсиңизде калды жана жаңы жылга кандай тилегиңиз бар?" деген сурамжылоо жүргүздү.
Өзбекстандык жаштарды окууга өткөрүү максатында 10 миң доллардан ашык акча алган деген шек менен Жалал-Абаддагы жогорку окуу жайдын окутуучусунун иши Кылмыштар жана жоруктар кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Аксы районунда соңку жылдары мал уурулук күчөдү. Буга нааразы болгон Итагар айылынын тургундары 21-декабрда көчөгө да чыгышты.
Жалал-Абад шаарынын 300дөй окуучусу балдар катышкан жол кырсыктарын азайтуу максатында жөө жүрүшкө чыгышты. Балдарды ЖКК кызматкерлери коштоп жүрдү.
Жалал-Абадда молдолор нике кыюуну атайын китепчеге каттоо чечимин ишке киргизишти. Нике кыюу акысын алар миң сом деп бекитишкен.
Ала-Бука районундагы Чоң-Сай айылынын тургундары Өзбекстан талаштуу жерди пайдаланып жатат деп нааразы болушууда. Өзбекстандын Наманган облусу менен чектеш аймакта 19 миң гектардан ашык аянт азыр талаштуу болуп турат.
Ала-Бука районундагы миңден ашык адам жашаган Кош-Болот айылында жакынкы убактан бери Кыргызстандын телеканалдары тартпай калды. Учурда айылдыктар Өзбекстандын жана Орусиянын гана каналдарын көрүп жатканын айтышууда.
Сузак районундагы №27 минералдык булактын айланасындагы талаш бир топ жылдардан бери уланып келатат. Анын айынан Барпы айыл өкмөтү жерди ижарага алган ишкерлерден бошото албай келет.
Дагы жүктөңүз