Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:25

Ала-Букадагы өзбек каналын гана көргөн айыл


Кош-Болот айылындагы үй-бүлөлөрдүн бири.
Кош-Болот айылындагы үй-бүлөлөрдүн бири.

Ала-Бука районундагы миңден ашык адам жашаган Кош-Болот айылында жакынкы убактан бери Кыргызстандын телеканалдары тартпай калды. Учурда айылдыктар Өзбекстандын жана Орусиянын гана каналдарын көрүп жатканын айтышууда.

Ала-Бука районунун Кош-Болот айылынын бир топ тургундары Кыргызстанда болуп жаткан жаңылыктар менен окуялардан кабарсыз.

Миңден ашык адам жашаган бул айылдын тургундары жаңылыктарды бири-биринен оозеки угушат.

Анткени айылда Кыргызстандын телеканалдары дээрлик көргөзүлбөйт. Жергиликтүү тургундардын бири Салтанат Курманкулова буларды айтты:

Салтанат Курманкулова
Салтанат Курманкулова

- Эки жылдан бери кыргыз каналдарын көрө элекпиз. Кыргызстандагы жаңылыктарды көрө албайбыз. Интернеттен көрөлү десек, колдонгонду билбейбиз. Өзбек каналдарынан кино жана башка көрсөтүүлөрүн көрүп келебиз. Райондун борборуна барган учурда гезит сатып алып, жаңылыктардан кабардар болуп турабыз. Кээде шаарда жашаган балам телефон аркылуу айтып турат. Санариптик телевидение бизге жете элек деп эч кимге кайрылган жокпуз. Сыналгынын антенналарын алмаштырып, түрүнөн орнотуп көрдүк. Тилекке каршы кыргыз каналдары тарткан жок.

Айылдыктардын айтымында, бул жерде тургундардын тең жарымы Кыргызстандын телеканалдарын көрүшпөйт. ДВД, видео магнитофондор менен кино көрүп алыксышат. Кыргыз телеканалдарын издөө үчүн айылдыктар сыналгынын антенналарын бийик орнотушуп, кайсы бир канал көрсөтүп калар деп үмүт артышкан. Бирок андай да болгон жок.

Айыл тургуну Рамазан Абдирасулов төрт жылдан бери кыргыз көрсөтүүлөрүн көрбөй калганын айтат.

Рамазан Абдирасулов
Рамазан Абдирасулов

- Мен бул жерге 2015-жылы көчүп келсем, ошондон бери кыргыз каналдарын көрө элекпиз. Учурда Өзбекстандын 19 каналы жана кээ бир орус каналдары көрсөтүп жатат. Мурда эски телевизордон эле бир-эки кыргыз каналдарын көрчүбүз. Кийин жаңы сыналгы алып келгенибизге карабай жаңы каналдар тартпай жатат. Балдарым Өзбекстандын телеканалдарынан берилген мультфильмдерди көрүп, сыртка чыгып ойногон учурда ошол тилде сүйлөп калышты. Аргасыз эми телефон аркылуу балдарыма кыргызча мультфильмдерди көрсөтүп жатам.

Кош-Болот айылы.
Кош-Болот айылы.

Кош-Болот айылынын башчысы Сейитбек Шабданов да кыргыз каналдарын көрүү акыркы учурда кыйын болуп жатканын кошумчалады. Ала-Бука районунда 20 миңге жакын кожолук бар. Анын ичинен 9 айылда жашаган 2700дөн ашык үй-бүлөгө санариптик сигнал жетпегендиктен кошумча жабдыктар орнотулган.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков аймакта азыр да сигнал жетпеген айылдар бар экенин кошумчалады.

Ырысбек Ызабеков
Ырысбек Ызабеков

- Азыркы учурда Ала-Бука районундагы бир топ айылдарда ушундай маселе бар экен. Мисалы, 1-май айыл өкмөтүнүн Ак-Башат жана Кең-Колот айылдарында, Өрүктү айыл аймагындагы Кең-Кол айылында, Көк-Серек айыл аймагынын Төлөйкөн айылында да санариптик сигнал жетпеген үй-бүлөлөр бир топ. Учурда жергиликтүү бийлик менен бирге радиорелейлик станциянын адистери жеринде тактоо жумуштарын жүргүзүп жатат. Мындан маселе буга чейин Сузактын тоолуу айылдарында жана Аксы районунун Кара-Жыгач жана Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн аймагында жаралган. Ал жактарга кошумча аппараттар коюлуп, маселе чечилгендей болду.

Кыргызстанда 2017-жылдын май айында аналогдук көрсөтүүлөр өчүрүлүп, санарипке өткөн. Өлкөдө санариптик сигнал жетпеген 326 кыштактарга кошумча санариптик күчтөндүргүч жабдыгы орнотулган.

Радиорелейлик магистралдарынын телекөрсөтүү жана радио уктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмесинин түштүк аймактык башкармалыгынын башчысы Марлес Ибрагимов буларга токтолду.

- Санариптик сигнал жетпеген айылдарга жергиликтүү бийлик менен келишим түзүп, кошумча ретрансляторлорду орнотконбуз. Эгерде алар бузулуп же токтоп калса айыл өкмөттөр бизге дароо кабар бериши керек. Көк-Серек аймагындагы маселе боюнча бизге маалымат берилген эмес. Жеринде адистер тактоо жумуштарын алып барып жатышат. Санариптик сигналды Кыргызстандын шартын эске алганда бардык айылдарга жеткирүү мүмкүн эмес. Анткени тоолуу аймактарда жашаган тургундарга сигнал жеткирүү маселеси жаралган. Өлкө боюнча 100 түтүнгө жетпеген 99 айыл бар болчу. Санариптештирүүдө социалдык пакетке кирген 11 каналдарды ошол айылдын тургундарына спутник аркылуу көргөнгө мүмкүнчүлүк берилген.

Өткөн жумада эле Ала-Бука районунда облустук деңгээлде “Санариптештирүү - өлкөнүн өзөгү” аттуу регионалдык диалог уюштурулган. Анда санариптештерүүнүн алкагында аймакта аткарылып жаткан иштер жана калкка электрондук кызмат көрсөтүүнүн абалы талкууланган. Бирок региондогу санариптик сигнал жетпей жаткан айылдардын маселеси көтөрүлгөн эмес.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG