"Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.
Чаткал районундагы билим берүү мекемелеринде ата-энелер түптөгөн көмөкчү чарбада мал-жандыктын саны миңден ашты. Жакында эле райондогу эки бала бакчада жергиликтүү тургундар 40тай баш мал берген.
Өткөн айда Екатеринбургда баңгизатын мыйзамсыз сактоого шектелип кармалган Качкынбек Тажиевди полиция кызматкери атып салган.
Драма театры жайгашкан жерге байланышкан талашты Финансы полициясы өндүрүшкө алды.
Жалал-Абад шаарынын тургуну, мурда айдоочу болуп эмгектенген Абдуллажан Насыров мамлекет чегерчү пенсиядан өз ыктыяры менен баш тартканына бир топ жыл болду. Байбичесин да пенсияга чыгарган эмес.
«Зомбулукка каршы 16 күн» деп аталган жылдык салттуу акцияга кыргыз коомчулугу 26-ноябрда кошулду. Кыргыз өкмөтү үй-бүлөдөгү зомбулук кыргыз коомунда да олуттуу көйгөй экенин белгиледи. «Азаттыктын» кабарчылары бул көйгөйдү каармандар аркылуу ачып бергенге аракет кылышат.
Ноокенде лидер аялдар футбол аянтында мелдеште. Алар кийинки жылы өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоого талапкер болууга камынып жатышат. “Кыргызстандын лидер аялдары” улуттук түйүнү демилгелеп өткөрүп жаткан бул саамалыктар коомдогу аялдардын ордун көтөрүү максатын көздөйт.
Аксыда кыздардын мушташына байланыштуу отуздай мугалим жана окуучу тергөөгө катышып жатат.
Базар-Коргон районунда 2010-жылдагы улут аралык кастыкты козутууга катыштыгы бар деп 9 жылдан кийин кармалган адам соттун чечими менен шарттуу жаза алып, абактан бошотулду.
Аксыда эки көзү көрбөй калган Нурайым Шайбекова эки айдан ашык ооруканада жатат.
Ош-Бишкек автожол трассасынын Маданият - Жалал-Абад бөлүгүндөгү 67 чакырымга созулган аймагынын курулушу ноябрь айынан тарта токтоду.
Кыргызстандын калкынын 36 пайызын жашы 18ге жете элек өспүрүмдөр түзөт. 2015-жылдагы изилдөөлөр көрсөткөндөй өлкөдөгү балдардын 40 пайызы жакырчылыкта жашайт. Ошол себептен алар жаш кезинен жумушка тартылат.
Кара-Көл шаарындагы өспүрүмдөрдүн спорттук мектебинин машыктыруучусу өгөй кызын зордуктоого байланыштуу шектүү катары эки айга камакка алынды.
Кыргызстандын пахта эгилген аймактарында ушу тапта пахта терими жүрүп жатат. Адистер быйыл 80 миң тонна пахта алынат жана анын баасы килограммына 40-45 сом болушу мүмкүн деп болжоп жатышат.
Ноокендин Кызыл-Туу айылынын тургундары калктуу конушка жакын жайгашкан таштанды талаасын жабуу талабы менен чыгышты. Мамлекеттик экотехинспекция таштанды жайы мыйзамсыз ачылганын аныктап, айыл өкмөткө эскертүү берди. Айылдыктар өкмөт башчысынын атына кайрылмай болду.
Алар талаада пахта терип жүрүп, түштөнүү убагында колдо жабылган салат жешкен.
Санкт-Петербургдагы жардырууга шектелип кармалган ага-ини Азимовдордун үй-бүлөсү соттук иштерге Кыргызстандан интернет аркылуу гана көз салууда. Уулдарынын актыгына ишенген ата кайрадан эки өлкөнүн президенттерине кайрылды. Жалал-Абад шаарында жашаган Азимовдордун үйүнө кабарчыбыз барып келди.
Өткөн аптада Аксы районундагы эки башка айылда эки өспүрүм өз өмүрүнө кол салып, жарык менен кош айтышты. Азыр бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергелип жатат. Алар окуган мектептин директорлору өз каалоосу менен кызматтан кетти.
Электр колдонуунун лимити жөнүндө маалымат айрым керектөөчүлөрдү ойго салды.
«Жалал-Абад темир бетон» заводунун 100дөй жумушчусу нааразылык билдирип жөө жүрүшкө чыкты.
Дагы жүктөңүз