Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Сержанттын өмүрүн алган кандуу мушташ


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Милициянын сержанты Майрамбек Абыловду өлтүрүүгө шектүү адам Ноокен райондук сотунун чечими менен эки айга камалды. Ал кылмыш болгондон бир нече саат өткөндөн кийин колго түшкөн.

Милиция кызматкери 1-январда таңга жуук, кызматтык милдетин өтөп жатканда каза болду деп табылды. Маркумдун сөөгү 2-январда жерге берилди.

Окуяга байланыштуу Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Шектүү катары Базар-Коргон районунун 26 жаштагы тургуну кармалды.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Нурдин Жээнтаев учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын билдирди:

Нурдин Жээнтаев.
Нурдин Жээнтаев.

- Кылмышка шектүүнүн бөгөт чарасы 2-январда каралып, тергөө тобунун өтүнүчү менен сот аны эки айлык мөөнөткө камакта калтырды. Базар-Коргон районунун кылмышка шектүү тургуну 2-мартка чейин убактылуу кармоочу жайда болот. Соттук-медициналык экспертиза иштери дайындалган. Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча кылмышка шектүү ичкиликтин айынан ушул жолго барган. Азыр бардык жагдайлар тергелип жатат. Кармалган адам мурда соттолгон эмес.

Маркум Майрамбек Абыловдун сөөгү 2-январда Базар-Коргон районунун Шыдыр айылында жерге берилди. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. ​

Майрамбек Абылов.
Майрамбек Абылов.

- Жаңы жыл түнү досунун иниси Ноокен районунун Арал айылында топ балдардын ур-токмогуна кабылып, жардам берүүсүн суранып чакырган. Майрамбек таанышы менен бирге айылдашына көмөк көрсөтүү максатында барып, ошол жактан бычакталган. Ак көңүл бала эле. Эч кимден жардамын аячу эмес. Ал жакка барбаганда балким бул окуя болмок эмес. Ошол себептүү биз окуяны калыс териштирүүнү каалайбыз, - деди тууганы Нурлан Абылов.​

Маалыматка караганда окуя болгон жерге сержант Абылов Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн аймактык өкүлү Улукбек Рахманалы уулу менен чогуу барган. Буга Абыловдун эки айылдашын белгисиз бирөөлөр сабап жатканы тууралуу телефондон айтылган кабар негиз болгон.

Айбек Сатыбалдиев.
Айбек Сатыбалдиев.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору Айбек Сатыбалдиевдин айтымында, милициянын сержанты Майрамбек Абылов ал күнү эс алууда жүргөн:

- Ага эки айылдаш иниси чалып, Ноокен районунун Арал айылынын Орто-Сай участогунда эки-үч бала сабап, алар талаада качып жүргөнүн айткан. Ал жерге барып, сабагандардын бирин кармаганда 25 жаштагы шектүү бычак шилтеген. Биздин жамаат кесиптешибиздин үй-бүлөсүнө маянабыздын эсебинен азыноолак каражат бердик. Майрамбек өз ишин жакшы билчү. Ооруп жаткан атасына каралашып, багып жаткан.

Кызматтык милдетин өтөп жатып каза тапканы айтылган 31 жаштагы сержант Майрамбек Абылов ички иштер органына 2014-жылдын август айында ишке кирген.

2017-жылдан тарта Ноокен райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кенже инспектору болуп иштеп жаткан.

Анын артында беш жана үч жаштагы эки баласы, жубайы, оорукчан атасы менен мугалим болуп иштеген апасы калды.

Жалал-Абад облусунун аймагында 30дан ашуун кызматкер жумуш учурунда каза болгон. Учурда өлкө боюнча 10 миңден ашуун милиция кызматкери эмгектенет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG