"Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин журналисти. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.
Улуттук коопсуздук кызматы өлкөдө фармацевтикалык мафия аныкталганын билдирди. Казакстандын Ооганстандагы элчиси “Талибан” өкмөтүнүн өкүлү менен жолукту.
Ички иштер министрлиги "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматованы “кастыкты козутуу” иши боюнча кармаганын билдирди. Ооганстандан 35 этностук казак Астанага алынып келинди. 10-сентябрь - Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн көрүнүктүү инсандардын бири Касым Тыныстановдун туулган күнү.
Парламентте жүзгө жакын саясатчынын, активисттин телефону тыңшалганы жөнүндө маселе көтөрүлдү. Депутат Жанарбек Акаев 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого бийликчил үч партия даярдалып жатат деген пикирин билдирди. Казакстан оогандык казактарды алып келүү маселесин караштырып жатканы маалым болду.
Оппозиционер Жениш Молдокматовго октябрь окуяларына байланыштуу дагы үч айып тагылды. Депутат Мирлан Жээнчороев жүзгө жакын жарандын телефонун тыңшоого уруксат берген Биринчи Май райондук сотунун судьясын кызматтан кетирүүнү сунуштады. "Талибан" Ооганстандын жаңы өкмөтүнүн курамын жарыялады.
Мугалимдер менен дарыгерлер ипотеканын пайызы боюнча митингге чыгышты. Гаага сотунда малайзиялык учакта курман болгондордун жакындарына сөз берилди. Жалал-Абадда тергөө абагында отурган аялдар кызматкерлердин кордугуна кабылганын айтып чыгышты.
“Кыйноолорго каршы коалиция” уюму Жогорку Кеңешке ачык кайрылуу жолдоп, Жазык кодексине жана Жазык-процессуалдык кодекске Башкы прокуратура сунуштаган өзгөртүүлөрдү кабыл албоого чакырды. Уюмдун өкүлү, Жалал-Абаддагы “Справедливость” уюмунун адвокаты Сардор Абдухалилов бул багытта маек курду.
21-июлда президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары менен шайлоо мыйзамын талкуулаганын “Азаттыкка” депутат Сайдулла Нышанов билдирди. Толук пропорционалдык системадан аралаш системага өтүүгө багытталган долбоор Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралганда көпчүлүк депутаттын сынына кабылган.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова 11 жыл мурдагы июнь окуясынын кесепеттери жана сабагы, улут аралык ынтымак, алардын азыркы жашоосу тууралуу "Азаттыкка" маек курду.
Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу окуя учурунда талкаланган үйлөрдү, социалдык объекттерди калыбына келтирүү иштерине мониторинг жүргүзгөн топтун мүчөсү, «Интербилим» эл аралык борборунун Оштогу жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева "Азаттыкка" маек курду.
“Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзам үчүн кол топтоо башталды. 2013-жылы парламент колдогон мындай мыйзамга ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев "бюджеттин кирешеси кыскарат" деп кол койгон эмес. Долбоорду иштеп чыккан топтун мүчөсү, эколог Калия Молдогазиеванын айтымында, кеминде 10 миң кол керек.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоого катышуусуна уруксат берген жок. «Азаттык» партиянын лидери Адахан Мадумаров менен бул чечимге байланыштуу маектешти.
Боршайком “Кыргызстан” партиясынын документтерин артка кайтарганы талапкерлердин тизмесине байланыштуу маселени күн тартибине чыгарды. Шайлоо мыйзамдарында бул тууралуу эмне деп жазылган? “Азаттыктын” суроолоруна Боршайкомдун мурдагы төрагасы Акылбек Сариев жооп берди.
“Мекен” аттуу көркөм тасманын бет ачары "YouTube" каналынан 31-июлда коюлат. Бир нече мекеменин өкүлүнөн турган комиссия көрүп чыккандан кийин сын айтылып, тасманын айрым жерлери кесилген.
21-июлда президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус шартында иштеп жаткан ыктыярчылар тобу менен жолугушуу өткөрдү.
Мухаммедкалый Абылгазиев премьер-министрлик кызматты тапшыруу тууралуу арыз жазды. Өкмөт башчынын бул кадамына эмне түрткү болушу ыктымал жана саясий жашоого таасири кандай болот?
Бишкекте Kaktus.media интернет-басылмасынын кабарчысы Марат Уралиев белгисиз бирөөнүн кол салуусуна кабылганын айтып, милицияга кайрылды. Милиция "майда ээнбаштык" деген берене боюнча сотко чейинки териштирүү баштады.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Чечме булагы эки өлкөнүн жарандарынын жаңжалына себеп болду.
28-майда Бишкек мэриясынын «Шаардагы парктар» ишканасынын директору Калича Умуралиеваны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) шаардык бөлүмү төрт саат суракка алган. "Азаттык" радиосу бул иштин чоо-жайын билүү үчүн Калича Умуралиеванын өзү менен байланышты.
Дагы жүктөңүз