Калия Молдогазиева: Борбор Азиядагы мөңгүгө бай өлкөлөр бул – Кыргызстан жана Тажикстан. Кээ бир компаниялар мөңгүнүн жанында иштегенде аны бузуп жатышат. Буга нак мисал – Кумтөр. Анда Лысый жана Давыдов деген мөңгүлөрдү бузуп, калдыктарды үстүнө ташташкан. Мындай шартта мөңгүлөр булганып, жылып, кырсыкка алып келиши мүмкүн. Кир суу дарыяларга кошулса сууну булгайт.
Мөңгүлөр жөнүндөгү мыйзам алгачкы жолу Аргентинада кабыл алынган. Алар мөңгүнүн жанынан кен казууга тыюу салып коюшкан. Биз да ошондой мыйзам киргизсек жакшы болот эле. Себеби келечекте суу ресурстары алтындан да, башка заттардан да аябай кымбат болот.
Азыр суунун ресурстары азайып, булганып жатат. Башка өлкөлөр сууга жете албай, суу сактагыч куруп, айласын таппай жүрүшөт. Биздин өлкө болсо мөңгүлөрдүн үстүндө отуруп, ошолорду бузганга уруксат бергени аябай туура эмес жана алдыга, келечекке карабаган иш болуп жатат. Мөңгү таза суунун эң бир маанилүү булагы экени белгилүү.
Ошол эле Канадада мөңгү булактарынан алынган суу премиум класстагы сапатка кирет. Аябай таза, параметрлери жогору деп эсептелет.
"Азаттык": Сиздер кол топтооону уланта баштадыңар. Бул мыйзам мурда да парламентте кабыл алынып, бирок кол коюлбай калбады беле. Азыр анын зарылчылыгын далилдеген документтериңер барбы?
Калия Молдогазиева: Бул аябай бюрократиялашкан процедура. Коюлган колдорду кайра жаңылап чыктык. Экономикалык корутундуну алдык. Экономист, профессор Рахат Садырбеков корутундуну кайра карап чыгып, мыйзам кабыл алынса экономикалык жактан чыгым алып келбей турганы жөнүндө пикирин жазып берди. Башка да корутундуларды жаңырттык. Үмүтүбүз бар, анткени Кумтөрдөн сабак алышыбыз керек да.
"Азаттык": Кол топтоо кандайча жүрүп жатат? Колун коем дегендер кайсы жакка кайрылышы керек?
Калия Молдогазиева: Бизде www.change.org деген сайт бар. Ошол жерде бир-эки жыл мурда кол топтоо үчүн “Кыргызстандын мөңгүлөрүн сактап калалы” деген петиция түзүлгөн. Даректерин Facebook сайтына да чыгардык. Азыр 700дөн ашык кол топтолуп калды. Кол канчалык көп топтолсо, ошончолук жакшы болот эле. Петиция менен биз Жогорку Кеңешке, өкмөткө, президентке кайрылабыз.
Президент Садыр Жапаров экологиялык коопсуздук жөнүндө жарлык чыгарган. Анда да мөңгүлөрдү коргоо керектиги тууралуу өзүнчө пункт бар. Бул аябай жакшы жарлык, эми ошого ылайык тийиштүү мыйзамдарды киргизүү керек.
"Азаттык": Эгерде бул мыйзам кабыл алынса эмне өзгөрөт? Азыркыдан айырмаланган кандай жаңы шарттар жана мүмкүнчүлүктөр пайда болот?
Калия Молдогазиева: Азыр сууга, суу булактарына жана дарыяларга байланыштуу мыйзамдар, кодекстер бар. Аларда деле мөңгүлөрдү бузбоо тууралуу талаптар жазылган. Бирок Кумтөр кенинде мөңгүлөр ошого карабастан бузулбадыбы.
Өзүнчө мыйзам чыгарып алсак мөңгүлөр коргоого алынат эле. Атайын изилдөөлөрдү жүргүзүүгө каржылык мүмкүнчүлүктөр ачылат. Эл аралык донорлор экологиялык долбоорлорун ишке ашырып, мөңгү изилдеген туристтер келет эле.
Азыр жалпысынан жазылган мыйзамдар бузулуп жатат. Анын үстүнө геология агенттиги лицензия берүүнү улантууда. Казыла турган же изилдене турган кендин жанында мөңгү барбы же жокпу, эсеп жок.
Жанында же астында мөңгү бар кендерди иштетпеш керек. Эгер иштете турган болсо коопсуз технологияларды колдонушу зарыл. Жер астынан казып же, балким, цианид колдонбой иштетсе болот. Кыскасы, ар бир кен боюнча чечим мөңгүлөрдү сактап калуу деген көз караштын негизинде кабыл алынуусу керек.
Алтындан да кымбат болуп жатат мөңгү. Алдыңкы 5-6 жылда таза сууга жана мөңгүлөргө муктаждык аябай өсөт.