- Сайдулла мырза, бүгүнкү жолугушууга кимдер катышты, эмне маселе талкууланды?
- Президент, Жогорку Кеңештин төрагасы, депутаттар жана шайлоо мыйзамын даярдаган топ катышты. Негизинен парламентке 55 депутатты партиялык тизме, 35 депутатты бир мандаттуу округдан шайлоо маселесинин тегерегинде талкуу болду. Эмне үчүн 55 жана 35, эмне үчүн бир мандаттуу деген суроолор айтылды.
Кээ бирлер 90у тең бир мандаттуудан болсун десе, айрымдары баары партиялык тизме менен, бирок добушту даректүү кылып, талапкердин фамилиясына берүү аркылуу шайланганы туура болорун айтышты.
Президент убагында эл партиялык тизмеден тажагандыктан, бир мандаттуу округ сөзсүз болушун суранганын айтып, “ошондуктан 35ин же 45ин өзүңөр чечкиле, сүйлөшүп кабыл аласыңар да” деди. Калганын партиялык тизме менен, эгер мүмкүнчүлүк болсо, канча каражат кетерин Борбордук шайлоо комиссиясынын адистери менен да такташып, фамилия боюнча бериле тургандай кылып кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар экени айтылды. Мыйзам долбоорун эртең биринчи окууда кабыл алабыз жана экинчи окууда оңдойбуз.
- Жеке сиз кандай сунуш же пикир айттыңыз?
- Биз эми келечекте баары бир добушту даректүү негизде фамилияга берүүгө келишибиз керек. Мүмкүнчүлүк болсо 90ун тең ошондой системага өткөрүү зарыл. Анан “беш жыл эмес, төрт жылга шайлоого кандай карайсыз?” деп сурадым. Себеби, беш жыл көбүрөөктөй болуп жатат. Эл да тажап калгандай болууда. Карап көрсө болорун, чечимди биз өзүбүз кабыл аларыбызды, ошого техникалык мүмкүнчүлүк бар же жогун тактап көрүү керектигин айтты.
- Шайлоо мыйзамынан башка маселелер да айтылдыбы?
- 90% ушул маселенин тегерегинде болду. Кээ бир депутаттар жергиликтүү кеңештер боюнча мыйзамдар, айыл өкмөт башчыларын район акимдери шайлай турганы жөнүндөгү сунуштар тууралуу пикирлерин айтышты. Негизинен парламентти шайлоо боюнча мыйзамдын тегерегинде талкуу жүрдү. Адистер, депутаттар ойлорун айтышты.
- Эмне менен жыйынтыкталды жолугушуу?
- Президент чечимди депутаттар кабыл аларын, өзүндө кандайдыр бир принципиалдуу каршылык жок экенин билдирди. Бирок элге бир мандаттуу округ болору айтылып калганын, 35 же 45 кылса болорун билдирди. Жалпысынан өзгөчө каршылык жок экен ал кишиде.
- Жолугушуу кимдин демилгеси менен уюштурулду? Сиздерди президент чакырдыбы?
- Президент чакырды. Себеби, депутаттардын көбү өткөн жумада талкуу болгондо карама-каршы, ар тараптуу пикирлерин айтышкан эле.
- Жолугушууда өлкөдөгү жалпы саясий абал, башка да орчундуу маселелер тууралуу сөз болдубу?
- Эми, орчундуу маселелер айтылды. Алардын анча-мынчасы айтылбай турган маселелер. Ошондуктан мен да айта албайм. А негизинен президент экономика боюнча маселелер бар экенин, бирок аз-аздан жылыштар башталганын билдирди.
“Мен президент болгондон бери 10 миллиондой эле жардам алдык, калганын баарын өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүз менен чечебиз. Мына, иш акырындап жыла баштады” деп айтты.
- Жолугушуу жалпысынан кандай маанайда өттү? Балким, катуу сын же каршы пикирин айткандар болгондур?
- Жок, андай болгон жок. Президент өтө жумшак, жакшы жооп берди. “Өзүңөр чечкиле, менин оюм ошондой эле. Даректүү добуш берүүгө принципиалдуу каршылыгым жок. Эгер техникалык жактан мүмкүнчүлүк болсо макул, ошого өткүлө” деди.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынан сурады эле, ал мурда мүмкүнчүлүк бар экенин билдирген болчу, а бүгүн азырынча бир аз коркунуч бар экенин, балким, мүчүлүштүктөр чыкса, эсептей албай кыйналып калышарын айтты.
- Сиздин жеке баамдооңузда, бул мыйзам долбоору парламенттен колдоо тапчудайбы?
- Депутаттардын көпчүлүгү макул болду. Бирок жанагы фамилияга берүү боюнча эле талаш-тартыш болуп жатат. Көпчүлүгү ошондой системага ыктап жатышат.