Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:16

Сариев: БШК сотко мүмкүнчүлүк бергендей


Акылбек Сариев.
Акылбек Сариев.

Боршайком “Кыргызстан” партиясынын документтерин артка кайтарганы талапкерлердин тизмесине байланыштуу маселени күн тартибине чыгарды. Шайлоо мыйзамдарында бул тууралуу эмне деп жазылган? “Азаттыктын” суроолоруна Боршайкомдун мурдагы төрагасы Акылбек Сариев жооп берди.

- Акылбек мырза, билишибизче, партия съездин өткөрүп, ошондо талапкерлердин тизмеси аныкталышы керек. Ал тизме анан Боршайкомго тапшырылат.

Мунун так мөөнөтү да бар. Бирок кээ бир партиялардын ичинде азыркыга чейин тизмеде ким бар, ким жок экенин талапкерлер өздөрү да билбейт деп жатышат.

Айрымдары съездде фамилиясы тизмеге кошулганы жарыяланып, бирок кийин өзгөрүп кеткени же таптакыр чыгарылганы да айтылууда. Айтып берсеңиз, мыйзамда бул тууралуу эмне деп жазылган жана чындап эле чырлуу жагдай түзүлүшүнө жол берилгенби?

- Шайлоо ушундай жагымсыз көрүнүштөр менен башталганы өтө өкүнүчтүү. Мыйзамда бир гана кыска жобо кирип калган. «Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечим саясий партиянын съездинде жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат» деп. Башка эч кандай түшүндүрмө жок.

Азыр айтылып жаткандай чыр чыкпашы үчүн БШК түшүндүрмө же тартип сыяктуу кандайдыр бир ченемдик-укуктук акт кабыл алып койсо болмок.

Анда, мисалы, «съезддин чечими менен бекитиле турган талапкерлердин тизмеси делегаттарга сөзсүз таркатылып берилет, анда талапкерлердин аты-жөнү, жалпы саны так көрсөтүлөт» деген сыяктуу ченемдерди киргизип койсо, мындай маселе чыкпайт эле. Ошондо съездге катышкан делегаттар өздөрү билип, анан добуш бермек.

- Шайлоонун ушул маанилүү бөлүгүн жөнгө сала турган мыйзам, демек, ушунчалык чийкиби?

- Негизи мыйзамда кыскача эле ченем көрсөтүлөт. Ал эми БШКда, мыйзам боюнча, толуктоо иретинде кошумча ченемдик акт кабыл алуу укугу бар. Аны аткарууга бардык тарап милдеттүү. Башка учурларда ар кандай ченемдик актылар кабыл алынып жүрөт, бирок ушундай негизги маселе боюнча кабыл алынбаганы өкүнүчтүү.

Бул маселе бүгүн чыккан жок, дайыма болуп келген. Ошондуктан алдын ала тартипти аныктап алуу керек.

Ар бир съездге БШКнын өкүлү катышат. Эгер ошондой болсо, ал кандай максатта барып катышып жатат? Жөн эле элдин чогулганын көрүү үчүнбү? БШКнын өкүлү белгиленген бир тартиптин сакталышын кароо үчүн катышат.

Ушундай тартипте алып барчубуз илгери. Азыркы кырдаалга мен да таң калып жатам. Бул же шалаакылык, же атайын ошондой кылып калтырып коюшкан.

Мурда биз шайлоо өткөргөндө БШК өкүлү съездге барып катышканда ошол жерде бекитилген тизмени колуна алып, расмий түрдө күбөлөндүрүп, анан БШКга өткөрүлчү. Ошондо талапкерлердин укуктары да сакталчу, съезд өткөндөн кийин тизмени өзгөртүүгө мүмкүн эмес болчу. Бул жолку шайлоодо эмнегедир ушул жагы каралган жок.

Экинчиден, эпидемияга байланыштуу жагдай таасир бердиби, шайлоого катышуучулардын баары кеч ойгонду, менин байкашымча.

Тартиби так көрсөтүлбөгөнү үчүн ушул акыбалга келип калдык. Бир эле партия эмес, эми эки-үч партиянын да маселеси каралат окшойт.

Ал эми БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов журнал маселесин аппараттын кызматкеринин «иш журналы» деп шылтап койгону уят нерсе. Баарыбыз эле көрдүк, ал жерде ар бир партиянын тапшырган ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол коюптур. Эмнеге алар аппараттын кызматкеринин журналына кол коюшу керек? Бул оюнчук эмес, расмий шайлоо документи. Ал эми шайлоо документин бурмалоо кылмыш болуп эсептелет жана ага жол бергендер сөзсүз жоопко тартылууга тийиш.

Эмнеге алар аппараттын кызматкеринин журналына кол коюшу керек? Бул оюнчук эмес, расмий шайлоо документи.

- Сиз жогоруда БШК тизмени кабыл алуунун тартибин аныктап алышы керек дедиңиз. Андай ченемдик-укуктук актыны иштеп чыгуу канча убакытты талап кылат жана аны башка кайсы бир мамлекеттик органдар менен макулдашуу зарылбы?

- Бул жөнөкөй эле нерсе. Боршайком жобо кабыл алып койсо болмок. Мисалы, съездди өткөрүү тартиби, документтерди БШКга өткөрүү тартиби деп… Ченемдерди так-так көрсөтүп койгондо партиялардын баары окуп, аны аткармак. Шайлоого катышуучуларга да жеңил болмок.

БШК эч кимден көз каранды эмес, ченемдик-укуктук актыларды кабыл алууга толук укуктуу.

- Парламенттик шайлоо алдында ар бир партия Боршайкомго арыз жазып, ыйгарым укуктуу өкүлүн каттатат эмеспи. Бул да өзүнчө расмий жараян. «Партиянын биз менен иштеше турган өкүлү мына бул адам" деп Боршайком ага атайын күбөлүк берет. «Кыргызстан» партиясынын окуясынан кийин документтерди бул партиянын расмий өкүлү эмес, башка эле бирөө тапшырыптыр деп айтылып жатпайбы. Айтсаңыз, кандай учурда мыйзам ошондой кылууга жол берет?

- Мыйзамда бул так жазылган. Документтерди партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тапшырат. Башка эч бир субъект: партиянын жетекчиси болобу, өкүлү болобу, БШК менен алака түзүүгө эч кимдин укугу жок. Мыйзам ага тыюу салат. Бул биринчиден.

Экинчиден, "ыйгарым укуктуу өкүлдөр экиден ашык болбосун" деген чек коюлган. Ошолордун гана өткөрүүгө укугу бар.

Ал эми БШКнын «Кыргызстан» партиясы боюнча чечими чала болуп калды окшойт. Сот өз чечими тууралуу эч кимге отчет бербейт. Соттун чечимдерин көп эле көрүп жүрөбүз. Эгер кызыкдар тарап күчтүү болсо же «жогору жактан» кандайдыр бир тапшырма берилсе, менимче, соттор ушул маселени чечип койчудай болуп турат.

Анткени БШКнын чечиминин маңызы орто болуп калыптыр. Бир өңчөй эмес. Илең-салаң. Менимче, сот аркылуу кандайдыр бир чечим алып келгенге мүмкүнчүлүк берилгендей.

- Партиянын пайдасына дейсизби?

- Ооба.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG