"Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин журналисти. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.
Премьер-министр Темир Сариев Шанхай кызматташтык уюмунун өкмөт башчыларынын саммитине катышты, андан кийин кытай тараптын чакыруусу боюнча уюшулган эки күндүк расмий сапарда болду.
Кыргызстанда 2016-жылдан тарта турак жайды милдеттүү түрдө мамлекет аркылуу камсыздандыруу системасы киргизилгени жатат. Бул багытта "Азаттык" Менеджмент боюнча консультанттар институтунун директору, каржы, укук маселелери боюнча эксперт Азамат Аттокуровду кепке тартты.
Кыргызстанда доллардын токтобой кымбаттап жатышына байланыштуу банктарга насыяны сом менен гана берүү сунушу айтыла баштады. Бул тууралуу "Азаттык" Эл аралык ишкер кеңешинин аткаруучу директору, банк тармагы боюнча адис Темирбек Ажыкуловду кепке тартты.
Үгүт учурунда артыкчылыктардан баш тартуу декларациясына кол койгону менен шайлангандан кийин депутаттар муну ишке ашырууга шашылбай турат. “Азаттык” “Жигиттик сөз” макулдашуусунун демилгечилеринин бири, “Коомдук анализ институту” уюмунун жетекчиси Рита Карасартова менен маектешти.
Кыргызстандын мурдагы экономика министри, белгилүү бизнесмен жана коомдук ишмер Эмил Үмөталиев "Азаттыкка" авиация тармагындагы айрым маселелер боюнча маек курду.
Ош облусунда 17-ноябрдагы күчү 7 баллга жеткен жер титирөөнүн кесепетин жоюу иши тууралуу "Азаттыкка" өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов айтып берди.
Кыргызстанда турак жай курулуш тармагындагы өсүү темптери басаңдоодо. Кризиске байланыштуу "Азаттык" Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин төрагасы Иса Өмүркуловду кепке тартты.
Кыргызстанда мамлекеттик мектептерде ата-энеден акча чогултуу маселеси чечилбей келатат. Айрыкча бул көйгөй Бишкекте курч.
Соңку бир жыл ичинде Кыргызстанда үй-батирлердин баасы кескин төмөндөп, арзандоо 20-30% жетти.
Түркияда жол кырсыгына кабылган кыргызстандык беш баланын бирөөнүн абалы оор бойдон калууда.
Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы, УКМКнын антитеррористтик борборунун экс-директору Марат Иманкулов абактан качкан Алтынбек Итибаевди кармоо операциясы жана андагы мүчүлүштүктөр тууралуу "Азаттыкка" маек берди.
№50 абактан качкандардын өлүмүнө байланыштуу окуя боюнча "Азаттык" укук коргоочу, "Кылым шамы" укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова менен маектешти.
Жогорку Кеңеште жаңы курала турган башкаруучу коалицияга ким кириши мүмкүн? Жаңы өкмөттүн курамы, башчысы жана миссиясы кандай болот? "Азаттык" бул суроолорун саясий илимдердин кандидаты, Жапонияда эл аралык мамилелер боюнча жогорку билим алып келген серепчи Чынара Эсенгулга узатты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматы боюнча Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо алты партия аймактык босогодон өтүп, алдыга чыгышты. Калган сегиз партия жети пайыздык чектен аша албады.
1-октябрда жылдагыдай эле өлкөдө карылар күнү белгиленүүдө. Бул күнгө карай “Азаттыктын” кабарчылары кыргызстандык карылардын жашоо-тирилигинен кабар алып, ал-ахыбалын билүүгө аракет кылды.
13-20-сентябрда Орусиянын Анапа шаарында өткөн "Киношок" эл аралык фестивалында "Сүтак" тасмасы баш байгени жеңди. Кино сынакка КМШдан, Латвия, Литва жана Эстониядан толук метраждуу тасмалар катышты.
Кыргызстандын Билим жана илим министрлиги бала бакчадан тарта илим жаатына чейинки система боюнча жаңы реформа сунуштоодо. Анын айрым багыттары тууралуу "Азаттык" радиосу билим берүү боюнча илимдин доктору, профессор Дүйшөн Шаматов менен маектешти.
Советтик доордо Кыргызстанды чейрек кылым жетектеген Турдакун Усубалиев 7-сентябрда 96 жаш курагында дүйнө салды.
БШК быйылкы парламенттик шайлоого катышчу партиялардын документтерин кабыл алууну аяктады.
Дагы жүктөңүз