Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жана болочок коалициянын курамы тууралуу серепчи Эмил Жураев "Азаттык" менен ой бөлүштү.
“Азаттык”: 4-октябрда шайлоого катышкан элдин жалпы добушунун жети пайыздан жогорусун алган КСДП, “Республика Ата-Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Бир Бол” жана “Ата Мекен” партиялары аймактык босогодон да өтүп, алдыга чыгышты. Бул жыйынтыктар күтүлгөндөй эле болдубу? Же жыйынтыгында сиз ойлобогон нерселер да орун алдыбы?
Жураев: Негизи бул алты партиянын өтүп кетиши буга чейин айтылып келген бир топ божомолдорго туура эле келип турат. Анан эң таң калтырганы - пайыздык көрсөткүчтөр менен алганда алдыга озуп чыккан партиялар менен артта калган партиялардын ортосундагы айырманын чоңдугу. Экинчиден, “Кыргызстан” саясий партиясынын көп добуш алууга жетишип, үчүнчү орунга чыккандыгы да күтүүсүз жыйынтыктардан.
“Азаттык”: Сиз “Кыргызстан” партиясынын бул ийгилигин эмне менен байланыштырасыз?
Жураев: Ошону азыр так мындай деп айтуу кыйын болуп турат. “Кыргызстан” саясий партиясынын алдыга озуп кетүүсүнө бир катар кыйынчылыктар бар болчу. Биринчиси – анын жаш жана кечээ жакында гана түзүлгөн партия экендиги болсо, экинчиси – үгүт өнөктүгү учурунда деле алар башкаларга караганда анчалык активдүү болушкан эмес. Бирок бул нерселерге карабастан ийгиликке жетишкендиги бир аз күтүүсүз болду.
“Азаттык”: Кечээки добуш берүүгө шайлоочулардын 55% катышты деп Борбордук шайлоо комиссиясы айтып жатат. Муну шайлоочулардын солгун катышуусу деп бааласак болобу, сиз кандай дейсиз?
Жураев: Кыргызстанда буга чейин улуттук деңгээлдеги шайлоолордо элдин мындай төмөн - 55% гана катышуусу такыр болгон эмес. Кечээ добуш берүү аяктап, шайлоо тилкелери жабылып жатканда элдин катышуусу 50% да жеткен эмес болчу. Башында болгону 43% деп айтып жатышкан. Акыркы маалыматтардагы добуш берүүгө 55% эл катышты деп айткандары алгачкы маалыматтарга салыштырганда өтө чоң секирик сыяктуу көрүндү мага. Бул маселени шайлоого тыкыр көз салып жаткан байкоочулар да көтөрүшөт болуш керек. Анткени, менин баамымда, 55% деген маалымат акыркы бир саатта пайда болуп калды. (Ред. - БШК акыркы маалыматтарында шайлоого 60% эл катышты деп берүүдө).
“Азаттык”: Бул жолу биометрикалык маалыматтар боюнча шайлоо өттү. Шайлоонун бул жаңы ыкмасы сизди ынандырдыбы?
Жураев: Мен өзүм да шайлоо барып, добушумду берип келдим. Чындыгында өтө бат, ыкчам жана ишенимдүүдөй болду. Аппараттан сүрөтүң чыгат экен, байкоочулар да карап турушат экен. Бирок мен өзүм Бишкек шаарындагы эле бир участокторго маршруттук таксилер менен элди ташып жатышканын байкадым. Алар шайлоо тилкесинде бир аз ары-бери болуп, талашып-тартышкандай да болушту окшойт. Эми ушундай көрүнүш Бишкектин так ортосунда болуп жатса, аймактарда кандай болуп жатты болду экен деген суроо туулат.
“Азаттык”: Эми кандай болгон күндө да жаңы парламенттин курамы болжолдуу белгилүү болуп калды. Анын келечеги тууралуу да сүйлөшсөк. Сиз жаңы парламенттеги коалициянын курамы кандай болушу мүмкүн деп ойлоп жатасыз?
Жураев: Азыр эми Жогорку Кеңеште кайсы партиялар коалицияга биригери алдын ала дайын эле боло баштады. Буга чейин айтылып келгендей, Кыргызстан социал-деомкраттар партиясы менен “Кыргызстан” саясий партиясы биригип, коалиция түзүүсү мүмкүн. Бул экөөнүн мандаттары бириккенде жалпы парламенттин жарымына жакындап калат экен, бирок алар экөө көпчүлүктү түзө албайт.
Анан буларга кошула турган үчүнчү талапкер партия - “Өнүгүү-Прогресс” болот. Анткени “Өнүгүү-Прогресс” буга чейин бийликке карата сынчыл жана оппозициялык позицияны карманган эмес. Ал эми жаңы коалицияга “Ата Мекен” партиясы кирбей тургандыгы анык.
“Руспублика Ата Журт” менен “Бир Бол” партиялары болсо коалицияга киреби-кирбейби, бул маселе ачык болуп турат. Булар да коалицияга кирбей калышы толук ыктымал.