"Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин журналисти. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.
Ирандын ядролук программасы боюнча келишимдин Кыргызстан үчүн глобалдык жана ички экономикалык мааниси тууралуу "Азаттык" философия илимдеринин кандидаты Эмил Каниметов менен маектешти.
Парламенттик шайлоого камданып жаткан Кыргызстанда партиялар бири-бирине "куда түшүп", түрдүү процесстер жүрүүдө. Бул багытта "Азаттык" Стратегиялык изилдөөлөр институтунун жетекчи орун басары, саясий илимдердин кандидаты Чынара Эсенгул менен маектешти.
Аймагынын 90% тоо болгон Кыргызстанда тоо-кен тармагы соңку жылдары саясатташып кетти. Мындай пикирин "Азаттык" менен маегинде Кыргызстандын Эл аралык ишкерлер кеңешинин Минералдык ресурстар боюнча комитетинин төрагасы Максат Көбөнбаев билдирди.
Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция быйылкы парламенттик шайлоо менен катар Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнү сунуштоодо. Бул демилге боюнча “Азаттык” коомдук ишмер, 1995-1996-жылдары Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынын башкарган Мукар Чолпонбаевди кепке тартты.
Кийинки өкмөт кандай критерийлер боюнча тандалышы туура болот, Кумтөр маселесин чечүүдө кайсы жагдайларга көңүл буруу зарыл? "Азаттыктын" суроолоруна Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Амангелди Муралиев жооп берди.
Кыргызстанда аялдар мунапыс алып түрмөдөн бошонуп чыккандан кийин коомго аралашып кетүүсүнө шарт барбы? "Азаттык" "Мутакаллим" аялдар уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы менен ушул темада маектешти.
Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын "Майдан" гезитин сотко берди. Кыргызстанда сөз эркиндиги кандай абалда? Бул тууралуу "Азаттык" "Акча жана бийлик" гезитинин баш редактору Турат Акимов менен маектешти.
Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун аткаруучу директору Мирсулжан Намазалиев Европа-Кыргызстан инвестициялык кызматташтыгы тууралуу "Азаттыкка" маек курду.
Былтыркы расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстандагы эмгекке жарамдуу 2,5 миллионго жакын калктын сегиз пайыздан ашыгы жумушсуз.
Кыргызстандын азыркы бийлиги мурункулардан айырмаланып тарыхта биринчи жолу мүмкүн болушунча таза шайлоого бел байлады.
"Азаттык" орусиялык оппозиционер Борис Немцовдун өлүмүнүн орус коомундагы саясий абалга, көз караштарга таасири туурасында кыргызстандык серепчи, саясий илимдердин кандидаты Чынара Эсенгул менен маектешти.
Эгер Орусия Украинада тынчтык орнотууга макулдугун билдирип, бирок тымызын кол салууларын уланта берсе кырдаал жөнгө салынбайт. Мындай пикирин "Азаттыктын" Киевдеги тургундардын жалпы маанайы боюнча суроолоруна жооп берип жатып, Украинадагы кыргыз жамаатынын башчысы Таалай Сариев билдирди.
Чек арадагы жаңжалдарды кантип жөнгө салса болот? "Эл аралык толеранттуулук үчүн" коомдук фондунун Оштогу жетекчиси Асел Жуматаева "Азаттыкка" маек курду.
Кыргызстанга инвестиция алып келип, бизнес жүргүзүп жаткан ишкерлердин абалы тууралуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин жетекчиси Нурипа Муканова “Азаттыкка” маек курду.
Парламент келерки жылдын бюджетин биринчи окууда кабыл алды. Адистер ал формалдуу негизде жазылып калганын айтууда. "Азаттыктын" бул багыттагы суроолоруна Жаш ишкерлер ассоциациясынын өкүлү, финансист Элдар Абакиров жооп берди.
Кыргызстандагы демократиянын азыркы абалы, келечеги жана проблемалары тууралуу "Азаттык" серепчи Эмил Каниметов менен маектешти.
Орусиячыл жикчилдер Донецк шаарында Украинанын өкмөттүк аскерлеринин көзөмөлүндөгү башкы аэропортту алуу аракетин улантууда. Украин тараптын ырастоосунда, учурда жикчилдер аэропортко кеңири масштабда чабуул коюп жатат.
Орус медиасы “ЕККУнун эксперти” деген адамга шилтеме жасап, Украина чыгышында өкмөттүк аскерлер жергиликтүү элге көргөзгөн мыкаачылыгы тууралуу маалыматтарды таратты. Бирок ЕККУ андай эскперти жок экенин айтып чыкты.
Гонконгдо демократия тарапкерлеринин он миңдеген адам катышкан нааразылык акциялары уланууда. Демонстранттарды таратуу үчүн жергиликтүү полиция көздөн жаш агызчу газ колдонду.
Швейцарияда жашаган Бактыгүл Алыбаева 37 жашта. Италиялык жигитке күйөөгө чыгып, 14 жылдан бери Швейцарияда чогуу түтүн булатып келатышат. Эки баланын энеси. Кызы 12де, уулу 10до. КУУнун экономика факультетин бүтүргөн. Учурда майыптарга жардам берүү борборунда иштейт.
Дагы жүктөңүз