Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Темир Сариевди расмий сапарга чакырган Кытай жетекчилиги эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн тышкары кызыктуу маданий программа да тартуулады. 15-декабрда кыргыз делегациясы айтылуу Шаолин монастырында болду. Ал Хэнан провинциясында жайгашкан. Монастыр 1,5 кылым мурда негизделген.