Премьер Сариев Шанхай кызматташтык уюмунун өкмөт башчыларынын саммитине катышты, андан кийин кытай тараптын чакыруусу боюнча уюшулган эки күндүк расмий сапарда болду. Жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.
ШКУ саммити бекеринен Чжэнчжоуда өткөн жок. Себеби дал ушул шаарды кытай бийлиги келечекте эл аралык деңгээлдеги ири логистикалык борборго айландырууну көздөп жатат. Ал калкы 100 миллион болгон Хэнан провинциясынын борбору.
Саммит жыйынтыгында өкмөт башчылар уюмдун бюджети боюнча отчетторду, пландарды бекитип, эки чечим кабыл алышты. Биринчиси – ШКУнун Өнүктүрүү банкын жана Өнүктүрүү фондун түзүү боюнча ишти улантуу. Экинчиси - уюмга мүчө өлкөлөрдүн компетенттүү органдарынын корголгон маалыматтык-технологиялык системасын түзүүгө каражат бөлүү.
Жыйында сүйлөгөн сөзүндө Темир Сариев көп тараптуу соода-экономикалык кызматташуу программасын ишке ашырууга көмөктөшчү ШКУнун Өнүктүрүү банкы жана Өнүктүрүү фонду тууралуу канча жылдан бери оозеки айтылып, бирок ишке ашпай, алигүнчө ачылбай келатканын белгиледи.
Ошондой эле ШКУнун өкмөт башчылары интернет маселесин талкуулаган жыйын өткөрүштү. Экинчи дүйнөлүк интернет-конференция деп аталган бул иш-чарага, бирок, интернет мыкты өнүккөн АКШ жана Европа мамлекеттеринен лидерлер катышкан жок. Кытай жетекчиси Си Цзинпин анын катышуучуларынын алдында сүйлөп, дүйнө коомчулугун интернетти башкаруу ыкмасы ар бир мамлекетте ар башкача болушу мүмкүн деген фактты таанууга чакырды. Белгилүү болгондой, Кытайда интернет катуу көзөмөлдөнөт, дүйнөдө кеңири жайылган социалдык түйүндөр жана сайттар ал жакта ачылбайт. Бул үчүн кытай бийлиги Батыштын катуу сынына кабылып келатат.
Жыйынга катышкан кыргыз өкмөтүнүн башчысы Темир Сариев Кыргызстан глобалдык интернеттик башкаруу тутумунун демократиялуу, ачык-айкын болушун колдоорун жана бул багытта коопсуздукту камсыз кылууга өз салымын кошоорун айтты.
Ал эми Бээжинде өткөн расмий сапар алкагында жүргүзүлгөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билим, маданият тармактарында кызматташтыкты өркүндөтүү, банктык көзөмөл жаатында биргелешип иштөө тууралуу документтерге жана Түркмөнстандан Кыргызстан аркылуу Кытайга газ алып өтүүчү куур боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлду.
Кытай премьер-министри Ли Кэцян менен жолугушууда Темир Сариев өзүнүн бул расмий сапарын эки өлкөнүн жана элдин ортосундагы кызматташтыктын башкалар үчүн өрнөк болчу мисалы катары баалады:
- Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достук, жакшы кошуналык мамиле байыртан бери өнүгүп келатат. Биз Кытай менен стратегиялык өнөктөштүккө өзгөчө маани беребиз.
Темир жол боюнча жыйынтык жок
Сапар алкагында кол коюлган куур боюнча макулдашуу Түркмөнстандан Кытайга Кыргызстан аркылуу газ алып өтүүнү карайт. Бул үчүн кытай тарап 1 миллиард 200 миң доллар бөлөт. Экономика министринин энергетика маселелери боюнча орун басары Айбек Калиевдин “Азаттыкка” айтымында, Ош облусу аркылуу 220 чакырым куур өтөт.
- Трасса толук макулдашылды. Чоң-Алай жана Алай райондорунан 18 гектар жер трансформацияланды. Келерки жылдын март-апрел айларында курулуш башталат. Биз транзит үчүн акча алабыз. Жылына 30-36 миллиард куб метр газ өтөт.
Инвестициялык макулдашуу боюнча курулуш иштерине миңге жакын жергиликтүү тургунду тартып, аларды убактылуу иш менен камсыз кылуу каралып жатат.
Темир Сариевдин Бээжин сапарынын алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча да сүйлөшүү өттү, бирок жыйынтык документ кабыл алынган жок. Мунун себеби кытай тараптын ички макулдашуу процесси аяктай электиги менен байланыштырылууда. Бул жол тууралуу да канча жылдан бери айтылып келатканы менен жыйынтык чыга элек. Анын багыты, баасы, шарттары жана стандарты тууралуу орток пикир алигүнчө табыла элек.
Кытай премьер-министри Ли Кэцян ШКУ саммитинде сүйлөп жатып бул боюнча үч тараптуу сүйлөшүүну тез арада баштоо керектигин жана келерки жылдын биринчи жарымында бир жыйынтыкка келүү зарылдыгын айткан болчу.
Кытай Кыргызстандын тышкы соодасында Орусиядан кийинки эле экинчи орунду ээлейт. Эксперттердин пикиринде, реэкспорттон кыргыз тарап мурда жакшы эле пайда көрүп келген. Бирок Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кошулгандан бери Кытайдан келүүчү товардын көлөмү кескин азайды. Экономика министри Арзыбек Кожошев муну доллардын кымбаттап кетиши менен байланыштырууда:
- 25 жылдан бери реэкспорттон биз көп киреше тапчубуз. Азыр Кытайдан импорт 20-30% азайып кетти. Негизги себептердин бири – доллардын кымбатташы жана ЕАЭБге киргенден кийин кээ бир шарттардын өзгөргөнү. Бирок бул маселени ЕАЭБ аркылуу чечебиз деп ойлоп жатабыз.
Темир Сариевдин Кытай сапары маданий программа менен да коштолду. Ал Соншан тоосунун койнундагы айтылуу Шаолинь монастырын барып көрдү жана Бээжинде Элдик баатырлар эстелигине гүлчамбар койду.