"Азаттыктын" "Арай көз чарай" берүүсүнүн алып баруучусу жана саясат, экономика, адам укугу жаатында баяндамачы.
Олимпиадага даярдык, балбандар канча медаль утууга мүмкүнчүлүктөрү бар, өлкөдөгү күрөштүн келечеги жана башка маселелер боюнча суроолорго Кыргыз Республикасынын бириккен спорттук күрөш федерациянын президенти Мелис Турганбаев жооп берди.
Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы токтомуна ылайык пенсиялык топтоолорду төлөөдө жаңы өзгөртүүлөр кирди.
Он күндөн кийин 26-июлда Франциянын борбору Париж шаарында Олимп оюндары башталат. Бул ирет Кыргызстандын намысын он алты спортчу коргогону турат. Бул ирет Олимп оюндарына даярдык, медал утууга мүмкүнчүлүк, өлкөдө спорт тармагындагы маселелерди талкууладык.
14-июлда нөшөрлөгөн жаандан улам Ош облусунун аймагында катуу сел жүрүп, адам өмүрү кыйылып, бир катар кыйроолорду алып келди. Селдин себеби катары климаттын өзгөрүүсү айтылууда. Жаратылыш кубулуштарын эске алуу менен бийлик кандай чаралары көрүшү керек жана эмнелерге даяр болгону оң?
CIVICUS эл аралык уюму Кыргызстанды жарандардын эркиндигин чектеген мамлекеттердин тизмесине кошту.
11-июлда Бүткүл дүйнөлүк калк күнү белгиленип жатат. БУУнун Калк фондусунун Кыргызстандагы башчысы Бактыбек Кайназаров “Азаттыкка” берген маегинде калктын өсүшүнөн өлкө кантип пайда алса болорун, үй-бүлөнү пландоо сыяктуу маселелер тууралуу айтып берди. Интервьюну Кубат Оторбаев алды.
Жакында Улуттук банктын төрагасы алмашып, Министрлер кабинети башкы банкка бир катар жаңы милдеттерди жүктөдү. Акыркы жылдарда коммерциялык банктардын тапкан таза кирешеси көбөйүп жаткан шартта керектөө насыяларынын көлөмү өсүүдө. Ошол эле маалда банктардын кредити кымбат бойдон калып жатат.
6-июлда Азербайжандын Шуша шаарында Түрк мамлекеттери уюмунун өлкө башчыларынын бейформал саммити өттү. Ага президенттер Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Түркиянын, Венгриянын өкмөт башчылары катышты.
Акыркы күндөрдө өлкөнүн бир катар аймактарында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, 15тей адамдын өмүрү кыйылды. Өзгөчө кырдаал абалы жарыяланган Ноокат районунда жана башка жерлерде азыркы тапта абал кандай? Эмне себептен мындай окуялар болуп жатат?
2010-жылдагы Апрель окуясынын катышуучулары президент Садыр Жапаровго кайрылып жер сураганы, бөлүнгөн жерге Курманбек Бакиев фабрика салып берет деген маалымат тарады. Бул окуя коомдо азыр талкууланып жаткан жаңылыктардын бири.
Соңку убакта Орусиядагы мигранттардын укугуна, алардын абалына байланыштуу ар кандай маалымат чыгууда. Бир чети Евразия экономикалык биримдигине Кыргызстандын мүчөлүгү мекендештерге бир катар жеңилдиктерди бергени менен Орусия Украинага согуш ачканы алардын абалы кыйла оорлогону белгилүү.
16-июнда Алматыда белгилүү окумуштуу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Мурат Ауэзовдун сөөгү жерге берилди. Аны эскергендер атасы Мухтардын жолун татыктуу улантуучу катары өзүнүн атуулдук позициясын бекем кармаган интеллигенциянын үлгүлүү өкүлү өмүрдөн өткөнүн айтышты.
1-июлдан тарта бардык соода жүгүртүү иштеринде көзөмөл-кассалык машинасы - ККМ милдеттүү түрдө колдонулушу керек. 6-июнда Садыр Жапаров 6-июнда ири базар ээлери, соодагерлер менен жолугуп, ККМ, электрондук эсеп-фактуралар боюнча жыйын өткөргөн. Акыркы күндөрү ишкерлер нааразылык билдирип жатат.
Сүйлөшүүлөрү 20 жылдан ашык созулган Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу иштерине негиз түзө турган юридикалык келишимге 6-июнда Бээжинде расмий түрдө кол коюлду.
Сузакта Кыргызстандын желегин өрттөп, ордуна арапча жазуусу бар ак матаны илип кеткен окуяга байланыштуу бир нече адам, арасында 16-19 жаштагы кыздар кармалды. Атайын кызмат билдиргендей, кармалган кыздар диний-экстремисттик уюмдун буюртмасы менен кыргыз желегин атайылап өрттөөгө барышкан.
Сузак районунун эки мектебинде жана айыл өкмөтүндө илинип турган мамлекеттик тууну өрттөп, анын ордуна ак мата илип кеткен факты катталды. Бул окуяны азыркы тапта күч органдары иликтеп, күнөөлүүлөрдү аныктап жатат.
Сүттүн баасы Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде талкууланды. Эл өкүлдөрү буга чейин да бул маселени карап, Министрлер кабинетине фермерлер үчүн бирдиктүү бир бааны коюуну тапшырган болчу. Жыйынга катышкан өкмөт мүчөлөрү сүткө бекитилген бир баа коюш азырынча мүмкүн эместигин айтышты.
Дагы жүктөңүз