Ага ылайык пенсиянын бул бөлүгүн колдонуу тизмеси кеңейтилди. Алар кандай жаңы мүмкүнчүлүктөр жана бул каражаттарды кимдер, кандай максатка колдоно алат?
Ушул жана башка суроолорго Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасы Бактыяр Алиев жооп берди.
- Бактыяр мырза, Министрлер кабинети токтом чыгарып, ага ылайык пенсиянын топтомо бөлүгүн колдонуунун тартиби өзгөргөн экен, ошону чечмелеп берсеңиз?
- Министрлер кабинетинин буга чейинки токтомунда пенсиянын топтомо бөлүгүн пайдаланууда оорулардын категориялары каралган жана алардын катарына онкологиялык, жүрөк кан-тамыр оорулары кирчү, жүрөккө операция жасалган учурда ошол каражатты пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар эле. Эми ошол категорияга боор оорулары жана бөйрөк оорулары да кошулду. Башкача айтканда, дарылоо үчүн пенсиялык топтоолорду колдонууга мүмкүн болгон оор оорулардын тизмеси кеңейтилди, мисалы, боордун өнөкөт жетишсиздиги, боордун циррозу (гепатит В жана С (4-5 стадиялар), органдарды трансплантациялоо) жана бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын алуу.
- Ипотека алууда жарандарга кандай жаңы мүмкүнчүлүктөр кошулду?
- Ипотекалык кредит алган жарандарыбызга пенсиянын топтомо бөлүгүнөн алгачкы төлөм үчүн каражат алууга мүмкүнчүлүк бар. Болбосо ипотекалык кредити болсо аны жапканга да алса болот.
- Ипотекалык насыя алган жана “Мамлекеттик ипотекалык компаниядан” алган турак жайынын ижарасын төлөгөн жарандар, ошондой эле алардын жубайлары да ушундай мүмкүнчүлүктөн пайдалана алышабы?
- Ооба, эгерде бир үй-бүлөдөн күйөөсү же аялы ипотекага үй алып жатса анда алар жубайынын пенсиялык топтомдорун да пайдала алышат. Башкача айтканда, күйөөсү аялынын, аялы күйөөсүнүн пенсиялык топтомо каражатын ипотекага жумшаса болот.
- Сиздер тараткан маалыматта “алардын өз үйү бар болсо дагы пенсиялык топтоо каражаттарын баштапкы төгүмдү каржылоого жана ипотекалык насыясын төлөө үчүн колдоно алышат” деп жазылган, ушул туура маалымат да?
- Ооба, биринчи жолубу же экинчи жолу алып жатабы – ипотекага жумшашса болот. Мындан тышкары пенсиянын топтомо бөлүгүн жарандар бир катар учурларда да алышса болот. Алсак, биринчиден, жаран пенсия курагына жеткенде, экинчиден, жаран чет мамлекетке туруктуу жашоо үчүн өлкөнүн чегинен тышка чыккан учурда, үчүнчүдөн, эгер жарандын өзү каза болуп калганда ал тирүүсүндө камсыздандырылса, анын жеке камсыздандыруу эсебиндеги топтолгон каражатты маркумдун мураскорлору алууга укуктуу. Төртүнчүдөн, жаран расмий түрдө жумушсуз деп таанылганда жашоо минимумунун өлчөмүн эске алып пенсиялык топтоо каражаттарын ала алышат. Бешинчиден, оор ооруларды дарылоо максатында каражатты жумшаса болот, кайсы оорулар экенин мен жогоруда айтып өттүм.
- Үй алууну каалагандар “Мамлекеттик ипотекалык компаниядан” тышкары башка тараптардан да алууга мүмкүнчүлүк каралганбы?
- Жаңы токтомго ылайык үлүштүк курулуш катары эми пенсиялык топтоолорду Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан ошол эле “Мамлекеттик ипотекалык компания” аркылуу берилген үйлөрдү алууга да колдонсо болот. Эгер мурда коммерциялык банктардын ипотекасын гана каржыласак, эми 24-июндагы №329 токтомго ылайык Улуттук банктан лицензиясы бар микрокредиттик каржы уюмдары жана микрофинансылык уюмдар аркылуу алынган ипотеканы, ошондой эле, банктык кепилдиги бар курулушчулардан турак жайды сатып алууда да баштапкы жана кошумча төгүмдөрдү төлөө үчүн пенсиялык топтоолорду жумшоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эки жылдын ичинде Социалдык фонд беш миңден ашык адамга ипотекалык үй алууга жардамдашты, биз каржылаган сумма 1,4 млрд сомго жетти.
- Жарандар кайсы учурларда жарандар пенсиялык топтомо каражаттарын ала алышат?
- Социалдык фондго топтомо каражатты төлөп жүргөн жарандарыбыз арасынан эркек кишилер 1964-жылдан беркилер, аялдар болсо 1969-жылдан беркилер пайдаланат. Бул топтомо пенсиялык фондго айлык акысынын 2 пайызын чегерип келгендерге жыйналат. Ал каражатты кайсы максаттарга жумшай ала турганын болсо мен жогоруда айтып өттүм.
- Эми мындай каражатты Социалдык фонд каяктан алып жатасыздар? Же өкмөт жардам берип жатабы?
- Каражаттын булагын айта турган болсом, биз 2024-жылга инвестициялык киришени 5 млрд сомго пландаганбыз. Ал эми камсыздандыруу төлөмдөрүнөн кирешени 4,8 млрд сом болжогонбуз, ошону менен быйыл 10 млрд сомго пландалган. Бул каражаттын 1,5 млрд сомун төлөп беребиз. Акчабыз бар.
- Социалдык фонд жакында тараткан маалыматка караганда, сиздер өлкөдөгү эң төмөнкү пенсиянын өлчөмүн жашоо минимумуна теңеп жатасыздар. Мурда канча эле, азыр канчага теңедиңиздер? Канча пенсионер айына минималдуу канча ала баштайт? Анан бул каражатты каяктан таптыңыздар?
- Пенсиянын өлчөмүн көбөйтүүгө бир жылда эле келген жокпуз, ага мына акыркы үч жылдан бери жетишип келатабыз. 2022-жылы пенсияны 33 пайызга көтөрдүк, буга кошумча 20 млрд сом керектелди. 2023-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 38 пайызга көтөрдүк, ага дагы кошумча 20 млрд сом жумшалды. Ушул эки жылда эң төмөнкү пенсиянын көлөмүн көбөйтүүгө жетиштик, мисал катары айтып өтсөм, он миңден он беш миң сомго чейин пенсия алган жарандардын саны 36 000 эле киши болчу, эки жыл аралыгында алардын санын 248 миңге жеткирдик. Ошентип пенсиянын төмөнкү чегин көбөйтүп алдык. Конституциянын 44-беренесинде “пенсия жашоо минимумунан төмөн болбош керек” деп жазылган, мына ошол беренени быйыл 1-октябрдан тартып аткара баштайбыз. Анын жемиши катары эми бардык пенсионерлердин пенсиясы жашоо минимумунан төмөн болбойт.
- Ошондо өлкөдө пенсиянын эң төмөнкү өлчөмү канча болот?
- Пенсиянын эң төмөнкү чеги 6900 сом болот. Биз 2023-жылдын статистикасын алабыз, ага ылайык пенсионердин жашоо минимуму 6816 сом. Ошондо акыркы 3 жылда ар бир ирет камсыздандыруу бөлүк үчүн 20 млрд сомдон кошуп жүрүп отурдук. Бул каражаттар кайдан табылды деген суроо бердиңиз. Акыркы жылдарда камсыздандыруу төгүмдөрү көп түшө баштады. Себеби соңку жылдарда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, мугалим, дарыгерлердин айлык акылары көбөйүп жатат. Ошонун эсебинен каражат көбөйдү. Мындан тышкары бизнестен да төлөмдөр которула баштады. Өзүңүздөр билгендей президенттин кароосуна мыйзам долбоору кирди, ага ылайык бизнес үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмүн 27 пайыздан 12 пайызга төмөндөтүп жатабыз. Социалдык фонддун бюджетине акчанын булагы азаят, бирок, мурда жумуш берүүчү ар бир кызматкерине 17 пайыз каражат төлөп келсе, эми мындан ары 2 гана пайыз чегерип калат. Анын аркасы менен конвертте айлык берген ишкерлердин саны кескин азайып, мамлекетке, Социалдык фондго салым көбөйөт деген ишенимдебиз. Улуттук статистика комитетинин маалыматына таяна турсак, биздин өлкөдө азыркы тапта 900 миң адам Социалдык фондго акча которбойт, алардын ичинен курулуш тармагындагылар 300 миң киши.
- Пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу маселеси кандай чечилди? Анан былтыр пенсиянын жаш курагын жогорулатуу тууралуу демилгелер болгондой болду эле, ал ошол эле куракта калды да?
- Пенсияга чыгуу курагын биз жылдырган жокпуз. Пенсияга чыгуу курагы аялдар үчүн 58 жаш, эркектер үчүн 63 жаш бойдон калды. Аны менен катар жеңилдик менен чыккандар да ошол эле бойдон калды. Биздин өлкөдө мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу деген система бар болчу. Аялдар 55 жаштан, эркектер 60 жаштан пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыкканга мүмкүнчүлүк бар эле, ошол токтотулду. Мындай система дүйнөдө бир да мамлекетте жок, бизде эле бар болчу. Бул чечим Социалдык фонддун туруктуу өнүгүшү үчүн маанилүү кадам деп эсептейбиз. Себеби, Казакстан, Орусияда аял кишилердин пенсияга чыгуу курагы 60 жашка көтөрүлдү, мындан ары да жогорулатылат деген маалыматтар бар. Францияда болсо президент Макрондун демилгеси менен пенсиянын курагы 65 жашка көтөрүлдү. Биз андай кадамга барган жокпуз, аялдардыкы 58, эркектердики 63 жаш бойдон калтырылды.
- Маегиңизге рахмат.
Маалымат үчүн:
- Кыргыз Республикасында пенсия эки бөлүктөн топтолот. Биринчиси - базалык бөлүгү. Экинчиси - пенсиянын топтомо бөлүгү.
- Социалдык фонддун 2024-жылдын 1-майдагы эсебинде Кыргызстанда 779 миң пенсионер бар.
- Алардын төрт жүзү айына 50 миң сомдон көп пенсия алат. Эң аз пенсия 1500 сомдун тегерегинде.
- Учурда Кыргызстанда пенсиянын орточо көлөмү 9170 сом.
- Соцфонддун эсебинде 1-октябрга карата пенсионерлердин саны 787 миңге жетет деп болжолдонууда.
- Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2023-жылы Кыргызстанда пенсия курагындагылардын керектөө жашоо минимуму 6816 сомду түздү.
- 2021-жылы кабыл алынган Конституцияга пенсиянын өлчөмү жашоо минимумунан аз болбошу керек деген норма киргизилген.