Коштошуу зыйнатына Түрксой уюмунун башкы катчысы, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Султан Раев да катышып, сөз сүйлөдү. Ал “Азаттыкка” берген интервьюсунда Мурат Ауэзовдун окумуштуу, активист жана саясатчы катары көп кырдуу, бийик инсандык сапаттарына токтолду.
- Султан мырза, 16-июнда Алматыда белгилүү окумуштуу Мурат Ауэзов менен коштошуу зыйнаты өттү. Ага сиз да катышып, сөз сүйлөдүңүз. Сиз Мурат Ауэзовду инсан катары, окумуштуу катары, жарандык позициясы бар адам катары жакындан билип калдыңыз. Казак, кыргыз, жалпы, түрк дүйнөсү кимден айрылды?
- Мурат Ауэзов - Орто Азия гана эмес, жалпы түрк дүйнөсүнө белгилүү инсандарыбыздын бири. Ал киши Курман айт күнү, аптанын жума күнү жерге берилди. Бул бекеринен эмес деп ойлойм, себеби, Мурат Ауэзов Кудайды чындыктын, акыйкаттыктын бийик чокусу катары эсептеген. Себеби, анын турмуштук, адамдык, жарандык позициясы улуу принциптер менен тыгыз айкалышкан инсан эле. Мурат Ауэзов - жаш кезинен эле коомдук, саясий турмушка активдүү аралашкандардын бири.
Студент кезинде Москвада окуп жүргөндө эле "Жаш тулпар" маданий-агартуу уюмун түзгөндөрдөн. “Жаш тулпар” 1930-жылдардагы “Алаш-Ордонун” принциптерин ишке ашыруу максатында прогрессивдүү жаштардын башын кошкон. Алар советтик система күчүндө турган чакта, тоталитардык түзүмдүн камчысынан кан таамп турган учурда улуттук аң-сезимди ойготуп, улуттук идеяны, улуттук дөөлөттөрдү жайылтууну көздөгөн. Өз учурунда анын мындай иштерин бийлик билип калып, аны камап коюу аракеттери болгондо Мурат Ауэзовду Динмухамед Кунаев сактап калган. Экөө бири-бирине жакын болгон, ошондуктан Кунаевдин кадыр-баркы менен гана Ауэзов абактан аман калган. Башкача айтканда анын активдүү жарандык позициясы жаш кезинен эле калыптанып, билинген.
Кийин ал атасы Мухтар Ауэзовдун мурасын, көз карашын, мүнөзүн алып жүрүүчү уулу гана катары эмес, анын өзгөчө сапаттарынын мураскери катары да таанымал. Мурат Ауэзов Казакстандын эгемендигине, мамлекеттүүлүгүнө өзгөчө салым кошкон инсандардын бири. Ал өз принциптерин эч убакта саткан эмес, өз көз караштарын дайыма коргой билген. Ошол үчүн Ауэзовдорду системанын тирүү бутасы болуп келген деп коюшат. Ошондон улам мен айтат элем – Ауэзовдордун генетикалык коду бар, ал - акыйкаттык, чындык үчүн күрөш.
Коомдо акыйкаттык орношуна башын сайып койгон инсандар. Өзүңүз жакшы билесиз – “Манас” эпосун коргоп калууга Мухтар Ауэзов эбегейсиз салымын кошкон. 1952-жылы “Манаска” каршы чабуулдар, ага каршы айып тагуулар болгондо Борбордук комитет уюштурган жыйынга канжыгага башын байлап коюп, келип катышып, өзүнүн “бүгүн “Манасты” жоготуп, кыргыздын руханий дүйнөсүнөн ажыратсаңар, эртең кыргыз элинин өзүнөн ажырап калса болот, “Манас” менен кыргыз руханий түшүнүк” деген сөзүн айткан.
Мухтар Ауэзовдун ал сөзүнөн кийин жыйындын нугу такыр башкага бурулган. Ошондуктан булардын үй-бүлөсү өзгөчө үй-бүлө. Биздин түшүнүгүбүздө, биздин баамыбызда Ауэзовдор алдыңкы интеллуктуалдык, саясий ойду алып жүргөн, өзгөчө аристократтар деп айтат элем. Ошол эле учурда булардын адамдык позициясы дайыма чындык, акыйкаттык тарапта болуп келди.
- Мына сиз Мурат Ауэзов студент кезинен эле “Жаш тулпар” деген уюмду түзүп, жетекчилеринин бири болуп келгенин айттыңыз. Мына казакстандык активист Арон Атабек соттолгондо, башкалар камалганда да өзүнүн калыс сөзүн айткан экен. Анын адамдык ар-намысы, позициясы өмүрүнүн акырына чейин сакталды окшойт?
- Ооба, бул киши өзүнүн жарандык позициясынан эч убакта тайган эмес. Ал аны бийликтин жылуу креслосуна да алмаштырган жок. Кийин ал "Невада-Семей" өзөктүк куралга каршы кыйылынын вице-президенти катары Семипалатинск өзөктүк полигонго карата пикирин айтып келди. Ал Арал маселесин да козгогондордун бири. Андан тышкары ал коомдогу терс көрүнүштөргө өзүнүн пикирин дайыма айтып келген. Мухтар жана Мурат Ауэзовдордун кыргыз элине, “Манаска” болгон өзгөчө мамилесин айтпай кетүүгө болбойт. Мен Саякбай Каралаевдин “Манасын” анын тонуна оронуп алып уккам дейт. “Манас” аркылуу кыргыз элин таанып, сүйдүм деп айткан. Кыргызда да, казакта да туу тутар адамдар бар, ошондой адамдарды бири – ушул Мухтар Ауэзов.
- Мурат Ауэзов Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Чыгыш тилдери институтунун филолог-чыгыш таануучу адистиги боюнча билим алган экен. Ал Казакстандын Кытай Эл Республикасындагы туңгуч элчиси болгон экен. Ушул ыңгайдан алганда, геосаясий контекстен алганда анын көз караштары кандай эле?
- Ал киши Кытайды, анын философиясын, тарыхын, адабиятын мыкты билген адис богон. Ошол эле маалда ал ааламдашкан доордо, геосаясий ушундай кырдаалда кыргыз-казактын гана биримдиги эмес, жалпы түрк дүйнөсүнүн биримдигинин идеологдорунан болгон. Ал дайыма “биздин жалпы тарыхыбыз бар, тагдырыбыз ошол жалпы орток тарыхыбыз аркылуу каралышы керек” деп айтып келди. Ал “биздин тарых бир гана улуттун тарыхы эмес, бул интеграциялашкан элдердин, камыр-жумур болгон элдердин тарыхы, ошондуктан бир элди бөлүп алып тарых жаза албайбыз” деп айтчу. Биз бир кемедеги, тарых, тагдырыбыз бир элбиз деп айтчу.
- Мурат Ауэзовду акыркы сапарга узатуу кандай шартта өттү?
- Мурат Ауэзовдун сөөгү атасы Мухтар Ауэзовдун жайынын жанына коюлду. Президент Касым-Жомарт Токаев көнүл айткан катын жолдоду. Аны узатуу зыйнатына кадырлуу, аттуу-баштуу адамдар, бийлик өкүлдөрү, интеллигенция катышты. Жалпы элдик аза күтүү күнү болду. Болгону алты адам сүйлөдү, анын бири катары мен Түрксойдун атынан жана Мурат Ауэзовдун шакирттеринин бири катары сөзүмдү айттым.
- Маегиңизге ыракмат.