"Азаттыктын" Бишкектеги кызматкери, журналист. Борбор Азиядагы Америка Университетинин журналистика факультетинде окуган.
УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго издөө жарыялады.
Кумтөр боюнча акыркы келишимдин мазмунунан Жогорку Кеңештин көп депутаттары кабарсыз экени белгилүү болду.
Чек ара кызматы экстремисттик топтор өлкөгө корголбогон чек ара тилкелери аркылуу өтүп келишин жокко чыгарбайт.
Бишкек шаарындагы №47 орто мектептеги эки окуучунун бир окуучуну сабаганы боюнча Ленин райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоп, териштирип жатат. Буга таяк жеген окуучунун ата-энесинин арызы негиз болду.
Депутат Руслан Казакбаев президентке кайрылып, Өмүрбек Бабановдун ишин акыйкат карап берүүнү өтүндү.
Тогуз-Тородогу кендин айланасындагы окуяларга байланыштуу Атай айылдык кеңешинин төрагасы эки айга камалды.
Кыргызстанда кыйноонун экономикалык кесепеттери изилденди. Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбор бул изилдөө аркылуу кыйноого дуушар болгон жаран жана мамлекет учураган чыгымдарды эсептеп чыгып, сунуштарды берди.
Башкы прокуратура Социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилери чет өлкөлөргө уруксатсыз чыкканын билдирди.
Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Парламенттик ассамблеясынын президенти Георгий Церетели "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, Ооганстанды изилдөө боюнча аналитикалык борборду ачууну кубаттай турганын айтты.
ЕККУ жыйынында кыргыз тарап Бишкекте Ооганстанды изилдөө аналитикалык борборун ачууну сунуштады.
БТА банктын директорлор кеңешинин төрагасы болуп турган Темир Рыскулов “Идеал Хаустун" сатылышына байланыштуу кармалды.
Ала качуунун курмандыгы болгон 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызы каза тапкандан бери дээрлик үч ай өттү.
Башкы прокуратура маркум кесиптешибиз Уланбек Эгизбаевдин “Көрүстөндөгү коррупция” иликтөөсүндөгү фактылар боюнча кылмыш ишин 22-июнда козгогону эки айдан кийин гана маалым болду.
“Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга кызыккан компаниялардын онлайн сынагы үзгүлтүккө учурады. Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет муну техникалык себептер менен түшүндүрүп, "бир-эки күндүн ичинде жыйынтыгы жарыяланат" деп убада берди.
Мамлекеттик бажы кызматына караштуу Адистештирилген окутуу бажысы Евразиялык экономикалык биримдигинин талаптарына жооп бере ала турган адистерди даярдай алабы? Баңгизат табуу үчүн үйрөтүлгөн иттерди инспекциялык кароо комплекстери (рентген комплекстери) качан алмаштырылат?
Бүгүн, 9-август таңга жуук Бишкектеги Ош базарынын жанында жайгашкан мурдагы эт комбинатынын имаратында өрт чыгып, беш миң чарчы метрди каптады. Өрт өчүрүүчүлөр аны кечке жуук гана өчүрүп бүттү. Ал эми Таластын Манас районунун аймагында корукту каптаган тилсиз жоо 11 күн дегенде араң басылды. Өрткө туруштук берүүгө кыргыз өкмөтүнүн өрт өчүрүү кызматы даярбы жана анын мүмкүнчүлүгү жетиштүүбү?
Ала качуунун курмандыгы болгон кыздын өлүмү боюнча соттук экспертизанын экинчи жыйынтыгы чыкты.
6-августта жарандык активисттер 8-августка белгиленген Бишкек шаарынын мэрин шайлоонун шартына каршы акция өткөрүштү.
Медреседе үч жыл билим алган соң окуучулар дин илимдерин окугандыгы тууралуу күбөлүккө ээ болот, бирок ал күбөлүктү мамлекеттик окуу жайлар тааныбайт. Ошондуктан алардын кошумча кесипке ээ болушу зарыл экендигин бир катар диний эксперттер айтып келет.
Быйыл Кыргызстанда сууга чөгүп өлгөндөрдүн саны 80ге жетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын көбү мас абалындагы эс алуучулар же кароосуз калтырылган балдар экенин эскертүүдө. Ал эми жарандар эс алуучу пансионаттардагы куткаруучулардын саны жана сапаты тууралуу маселе көтөрүшүүдө.
Дагы жүктөңүз