Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:25

"Коопсуз шаардын" сынга кабылган сынагы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга кызыккан компаниялардын онлайн сынагы үзгүлтүккө учурады. Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет муну техникалык себептер менен түшүндүрүп, "бир-эки күндүн ичинде жыйынтыгы жарыяланат" деп убада берди.

Мындан бир ай мурун Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет жарыялаган онлайн сынак бүгүн техникалык үзгүлтүккө учурап, жыйынтыкталбай калды. Онлайн аукциондун шарттарына ылайык “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга кызыккан компаниялар 23-августта саат 15.00дөн баштап долбоорго сарпталчу суммаларын онлайн режимде сунуш кылышы керек болчу.

"Он мүнөттүк үч негизги айлампа жана кошумча төрт мүнөттүк убакыттын ичинде тендерге катышкан компаниялардын аттары жана сунуш кылган сандары экранга чыгат" дегени менен, убакыт бүткөн соң “Мегалайн” жоопкерчилиги чектелген коому гана сунуш кылган сумма ачык жарыяланды. Ал сумма 50 миллиард сомду түзүп, чогулган журналисттердин жана мамлекеттик байланыш комитетинин адистерин таң калтырды.

Шартка ылайык долбоорду ишке ашырууга 2,5 млрд. сомдон төмөн баа сунуш кылган компаниялар тандалып алынмак. Сынакка андан башка “Кыргызтелеком” ачык акционердик коому жана орусиялык “Вега Радиокуруу Концерни” акционердик коому катышкан, бирок алар сунуш кылган сумманы Мамлекеттик сатып алуу порталынын системасы көрсөткөн жок.

Ошентип башталбай жатып үзгүлтүккө учураган сынактын жыйынтыгы аныкталбай калды. Ал эми 50 миллиард сомду тендердик комиссиянын төрагасы, Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагсынына орун басары Кубанычбек Шатемиров техникалык ката деп таанып, маселе бир-эки күндүн ичинде чечилерин убада кылды. ​

Кубанычбек Шатемиров.
Кубанычбек Шатемиров.

- Онлайн тендер саат үчтө башталган. Анын жыйынтыгында биз кеминде үч компания тендерге кызыкчылыгы бар экенин аныктадык. Алардын экөө жергиликтүү компания, ал эми бирөө орусиялык компания. Бирок Мамлекеттик сатып алуу порталынын системасы жеңүүчүнү аныктай албай койду. Азыр техникалык операторлор мунун себебин аныктап жатышат. Аларга тез арада бүтүм чыгарып, тендердик комиссиянын кароосуна коюу тапшырылды. Техникалык адистердин аныктамасы чыккан соң гана биз мындан аркы кадамдар тууралуу айтып бере алабыз. Бирок бүгүнкү тендер аткаруучу боло тургандар долбоорду ишке ашырууга кызыкчылыгы бар экенин көрсөттү.

Кубанычбек Шатемировдун айтымында, сынактын жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө азырынча чечим кабыл алына элек.

Буга чейин “Коррупцияга каршы демилгелер” деп аталган коомдук уюм өкмөт өткөрүп жаткан тендердин шарттарын жана даярдыгын сындап чыккан. Уюмдун жетекчиси Назира Раимкулова сынактын укуктук базасына жана анын кыска мөөнөттүн ичинде жарыяланышына нааразы экенин “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, тендер эл көзүнө гана жүргүзүлүп, орусиялык компания жеңүүчү аталмак.

- Сынактын катышуучулары жөнүндө сөз кыла турган болсок, "Мегалайн" компаниясы коомчулукка өзүнүн түздөн-түз аткара ала турган кызматын аткара албайт. Анан каяктагы тендерге катышып жатканы бизге түшүнүксүз. Дагы бир катышуучу "Кыргызтелеком" мамлекеттик ишкана экенин өзүңөр билесиңер. Ал айла жоктон эле катышып жатат. Жөн эле эл көзүнө тендер өткөрүп, бизди шылдың кылып жатышат. Техникалык жактан үзгүлтүккө балким чын эле учураган чыгар, бирок шарттарын карап көргөндө башка катышуучуларга мүмкүнчүлүк берилбейт деген эле нерсе. Булар орусиялык “Вега Радиокуруу Концерни” компаниясын эле жеңүүчү кылып аныктамак.

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендер быйыл 20-июлда жарыяланган. Жеңип чыккан компания баш калаанын ичи-сыртына 110 комплекстүү видеобайкоо орнотушу зарыл.

Долбоордун наркы 2 миллиард 552 миллион сомдон ашпашы керек. Каржылоону тендерден уткан компания жүргүзөт, кыргыз өкмөтү компаниядан эреже бузулган учурлар тууралуу маалыматтарды сатып алат.

Кыргызстанда “Коопсуз шаар” долбоору тууралуу акыркы алты жылдан бери тынбай айтылып келгени менен жүзөгө аша элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG