"Азаттыктын" Бишкектеги кызматкери, журналист. Борбор Азиядагы Америка Университетинин журналистика факультетинде окуган.
18-июлда бир нече эл аралык уюм кыргызстандык мигранттардын абалы тууралуу баяндамасын жарыялады. Анда Орусия менен Казакстанда жүргөн мигранттар дуушар болгон негизги кыйынчылыктар тууралуу маалымат жана тийиштүү мамлекеттик органдарга багыттаган бир катар сунуштар камтылган.
16-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын атасын кабыл алууну ички иштер министрине дайындады. Кандуу окуядан бери дээрлик эки ай өтсө да талаштуу жагдайларга чекит коюлбай келатат.
Кыргызстанда медреселердин макамы жана алардын бүтүрүүчүлөрүнүн тагдыры талкууга алынды.
Бүгүн Ысык-Ата районунун Өтөгөн айылынын тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Муратаалы Будайчиев 99 жашында көз жумду. Аны акыркы сапарга узатууга Башкы штабдын оркестри жана Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери келишти.
Бишкек мэриясы “Газпромбанк” берген насыяга газ менен жүрүүчү автобус сатып алмак.
Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирген алтернативдүү жолдун 2014-жылы башталган курулушу аяктай элек.
Быйыл март айынан бери президенттик аппараттын жетекчиси дайындала элек.
25-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту казакстандык активист жана блогер Муратбек Тунгышбаевди экстрадициялоо боюнча Башкы прокуратуранын чечимин колдоду. Ошентип Тунгышбаевди Казакстанга экстрадициялоого жол ачылды. Ал эми бүгүн укук коргоочулар жана активисттер Тунгышбаевдин маселесин талкуулашты.
Бүгүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Башкы прокуратуранын казакстандык жаран, активист Муратбек Тунгышбаевди Казакстанга кайтарып берүү токтомун күчүндө калтырды.
Аймактардын экономикалык абалы жана өнүгүү деңгээли активист аялдардын жыйынында талкууланды.
Бишкекте Кыргызстандагы журналисттердин республикалык конференциясы болуп өттү. Анда сөз эркиндигинин абалы, өлкөдөгү Жалпыга маалымдоо каражаттарынын этикалык жоопкерчилиги, алардын үстүнө келип түшкөн даттанууларды караган комиссиясынын ишмердүүлүгү талкууга алынды.
Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссиянын курамы жаңыланды.
Илимдер академиясынын Автоматика жана маалымат технологиялары институтунун жамааты имаратты "Жогорку технологиялар паркынын" дирекциясына өткөрүп берүү тууралуу Сапар Исаков премьер-министр кезинде чыккан өкмөттүн токтомун жокко чыгаруу маселесин көтөрүп жатат.
Кыргызстанда "Sound Cloud" аудио таркатуучу платформасына тыюу салынды. Октябрь райондук соту аталган сайтта экстремисттик мүнөздөгү аудиолор жайгаштырылганын жүйө келтирди. Бирок коомчулукта ""Facebook" же "YouTube" сыяктуу эле бул платформаны толугу менен жаап салууга муктаждык жок" деген пикирлер айтылууда.
Ушул тапта Бишкектин отузга жакын көчөсү ремонтко жабылып, унаалардын тыгынын күчөттү. Айрыкча, чоң көчөлөрдүн кесилишиндеги тыгынга шаар тургундары нааразы. Шаар мэриясы көчөлөр план боюнча оңдолуп жатат деп түшүндүрсө, карапайым тургундар бир учурда ондогон ири көчөлөрдү жабуу чечими ыңгайсыздык ж
Бишкектин "Берекет" базарындагы өрттө товары күйгөн жүзгө чамалуу соодагер Ак үйдүн алдына митингге чыгып, өкмөттөн компенсация талап кылышты. Андан ары Бишкектин Ленин райондук акимчилигине барып, зыянга туш болгондордун, күйүп кеткен товарлардын тизмесин тапшырмай болушту. Райондук администрация ж
Ош базарынын батыш тарабындагы "Берекет" базарында 13-апрелде түндө чыккан өрттөн болжол менен 2000 чарчы метр соода аймагы күйгөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө 14 техника тартылып, өрт 7:40та гана өчүрүлгөн. Өзгөчө кырдаалдар министринин орунбасары базар өрттөлгөн болушу мүмкүн деген божомолду "Азаттыкка"
"Берекет" базарында түндө чыккан өрттү кимдир бирөө уюштурушу мүмкүн экени айтылууда.
4-апрелде Т. Сатылганов атындагы улуттук филармониянын чоң залында өткөн бул иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Сапар Исаков баштаган мамлекеттик ишмерлер, апрель окуясында шейит болгондордун жакындары катышып, сөз сүйлөштү.
Отунбаеваны, Текебаевди ж.б. сындаган даректүү тасма 7-апрелге арналган жыйында көрсөтүлдү.
Дагы жүктөңүз