"Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.
9-апрелде Бишкектеги кино үйүндө Тажикстандын Жерге-Тал аймагында жашаган кыргыздар тууралуу тартылган “Каратегинден кат” аттуу даректүү тасманын бет ачары өтөт. Тасмада Жерге-Талдагы этникалык кыргыздардын күнүмдүк жашоосу, алардын тарыхий мекенине болгон кусалыгы чагылдырылган. Даректүү тасма “Ча
Рыспай Абдыкадыровдун ырлары эл арасында кеңири ырдалып жүрөт. Бирок алардын арасында да ырларын өзгөчө созгондору бар. "Азаттыкка" Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин солисти Гүлнара Өмүрзакова жана Турсунбай Маматов конокко келишти.
Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы "Ника" сыйлыгын алган кыргызстандык алгачкы тасма болуп калды. Ага “КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы” наамы берилди. Кыргыз киносу үчүн бул сыйлык эмнеси менен баалуу?
Кыргыз алфавитинен сегиз тамганы (е, ё, ю, я, ц, щ, ь, ъ) алып салууну жана кошумча Ғғ, Ққ, Әә (æ) тамгаларын кошуу сунушталды. Бул сунуш окумуштуулардын кайчы пикирин жаратууда.
Мамонттун сөөгү деп маалымдалган Ысык-Көлдөн чыккан археологиялык табылганы окумуштуулар Улуттук илимдер академиясына алып келишти. Байыркы жаныбардын сөөгү Илимдер академиясынын Зоологиялык музейине коюлушу керек. Бирок адистер сөөктү калыбына келтирүү ондогон жылдарды талап кыларын ырасташууда.
Бишкекте республикадагы мектептер аралык театралдык фестиваль өтүп жатат. Жыл башынан бери биринчи-экинчи айлампада кароо-сынактарда жеңгендер республикалык деңгээлде ат салышты 23-мартта баштады. Үчүнчү айлампанын жыйынтыгы 25-мартта белгилүү болот. Мектеп театрларынын таймашыТоктоболот Абдымомуно
Апта темасы аркылуу “Азаттыктын” кабарчылары Кыргызстанда калыптанып келаткан үй кызматчы, бала багуучу кызматтарынын азыркы көрүнүшүн сүрөттөгөнгө аракет кылышты.
Бул ирет “Азаттыктын” кабарчылары өлкөдө дайыма көйгөй жаратып турган тиричилик таштандыларынын күңгөй-тескейин жер-жерлерден териштирип, аны чечүүнүн жолдорун сураштырып көрүштү.
Кыргыз адабиятынын тарыхына стилист жазуучу катары кирген прозаик жана драматург Мурза Гапаровдун көзү тирүү болгондо 22-мартта 80 жашка чыкмак. 80 жылдыктын алкагында жазуучунун чыгармачылыгын изилдөө демилгеси көтөрүлдү.
“Азаттык” радиосунун “Жан дүйнө” радио түрмөгүндө Кыргыз Эл артисти, композитор Түгөлбай Казаковдун чыгармачылыгы, обондору тууралуу сөз болду.
Жазуучу Бактыбек Максүтов “Азаттыктын” студиясына келип 1916-жылдагы кандуу окуя тууралуу жазган китептери тууралуу кеп салып берди. Автор буга чейин окурмандарга архивтик материалдардын негизинде жазылган “Улуу көтөрүлүш” публицистикалык жыйнагын жана “К
“Азаттыктын” сурамжылоолоруна караганда, капчыктуу кыргызстандыктар акыркы кезде филиппиндик үй кызматчыларды көбүрөөк жалдай баштаган.
Бүгүн Бишкектин борбордук көчөлөрүндө 8-март майрамын утурлай гендердик теңчиликке арналган жөө жүрүш өттү. Акция Курманжан Датканын айкелинин жанында флеш-моб менен уланып, Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында митинг менен аяктады.
Бүгүн Бишкектин борбордук көчөлөрүндө 8-март майрамын утурлай гендердик теңчиликке арналган жөө жүрүш өттү.
Кыргыз кыздар поэзиясынын ири өкүлдөрүнүн бири Майрамкан Абылкасымова 80 жашта. “Роза Отунбаеванын демилгелери” фонду мааракеге байланыштуу 4-мартта Бишкекте акындын поэзия кечесин уюштурду. Жаз майрамын утурлай өткөн ыр кечеге чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү жана поэзия күйөрмандары катышты. Поэзия кечеде акындын ырлары окулуп, обондуу ырлары ырдалып, чыгармачылыгына баа берилди.
58 жашында биринчи жолу компьютерге олтурган Тынычбек Анарбаев азыр интернеттен акча табуунун бир нече жолдорун билет. Ал "Азаттыктын" көрармандарына кеп-кеңештерин берип, өзүнүн уникалдуу окуясы менен бөлүштү.
Асылбаш айылындагы Бейшенаалы орто мектебинин социалдык педагогу Динара Кармышакова бул үй-бүлө тууралуу жакшы билет экен.
Сокулук районундагы Асылбаш айылынын тургуну үч баласын 80 миң сомго сатты деген кине менен камакка алынды. Бирок кошуналары бул үй-бүлөнүн айланасындагы окуяга кайчы көз карашта болуп жатышат.
Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы журналисттерге кыргыз тилинде сүйлөө жана жазуу эрежелери боюнча устаттык сааттарды өткөрүүнү болжоп жатат.
Дагы жүктөңүз