Филиппин өлкөсүнүн жараны Леа эки жылдан бери Кыргызстандагы колунда бар үй-бүлөлөрдүн биринде бала багуучу болуп иштейт. Ал бала багуучу, үй кызматчы болуп иштегени үчүн айына 25 миң сом маяна алат. Тапкан айлыгын өз өлкөсүндө калган балдарына жөнөтөт. Өзү үчүн акчанын деле кереги жок. Себеби тамак-ашы, жашаган жери кожоюндун эсебинен.
Леа Бишкекке азыркы кожойкесине Катарда иштеп жүргөн тууганынын таанышы аркылуу келген. Буга чейин беш жылдай Гонконгдо, араб өлкөлөрүндө, Кувейтте үй кызматчысы болуп иштеген. Ал бизге өзү учурда кызмат көрсөтүп жаткан кыргызстандык үй-бүлөнүн буга чейин иштеп келген өлкөлөрдөгү үй-бүлөлөрдөн айырмасын айтып берди:
- Араб өлкөлөрүнө караганда Кыргызстанда эркиндик көбүрөөк десек болот. Кожоюндар менен каалаган темаңда ачык-айрым сүйлөшсөң болот. Мисалы, Катарда эмнени ойлоп жатканыңды, эмнени сезгениңди ачык айтыш кыйын. Ал ошол жердин шартына, диний түшүнүктөрүнө туура эмес келип калышы мүмкүн. Кыргызстанда демократиялык маанай бар. Бишкектин көчөсүндө да өзүңдү эркин сезесиң. Адамдар сенин кандай кийинип жүргөнүңө анчалык деле маани беришпейт. Кыргызстандын табияты да жакты.
Анын айтуусуна караганда, Бишкекте өзү сымал бала багуучу, үй кызматчы же ашпозчу болуп отуз чамалуу филиппиндик аял иштейт. Ал эми дүйнө жүзү боюнча ушул кызматтарды аркалагандар саны миллионду чапчыйт. Мунун жөнүн ал филиппиндик аялдардын момундугу менен түшүндүрдү:
- Менин билишимче, филиппиндик айымдар чет өлкөлөргө көбүнчө бала багуучу, үй кызматчысы жана англис тили боюнча мугалим болуп иштешет. Мамлекетибиз кедей. Иш жок. Аялдар чет өлкөлөрдө ушундай жумуштар менен өз мекенинде калган балдарын багып жатышат. Жумуш берүүчүлөр Филиппин аялдары эч кимге зыяны жок, жаман сапаттардан алыс болушарын билип калышты. Ошондуктан аларды чет өлкөгө бала багуучу, үй кызматчысы катары чакыргандар көп.
Тил үйрөтүү боюнча атайын мугалим жалдаганга караганда филиппиндик бала багуучу жалдаган арзан түшөт. Бала тилди оюн аркылуу үйрөнөт. Экинчиден, үйдө болгон ар кандай окуялар сыртка чыкпайт.
Филиппиндик аялды үй кызматчылыкка жалдаган бардар үй-бүлөнүн кожойкеси атын атоону каалаган жок. Бирок Бишкекте деле чет өлкөлүктөрдүн ичинен филиппиндик үй кызматчы аялдарга суроо-талап күчтүү экенин белгиледи. Муну кожойке алардын англис тилин жакшы билгендиги, ак жүрөктүгү, эң негизгиси үй-бүлөдөгү сырды тышка ташып чыкпасы менен негиздеди:
- Булар англис тилинде эркин сүйлөшөт. Ошол эле учурда мүмкүнчүлүгү жеткен ата-энелер өз балдарына кичинекейинен англис тилин үйрөткүлөрү келет. Тил үйрөтүү боюнча атайын мугалим жалдаганга караганда филиппиндик бала багуучу жалдаган арзан түшөт. Бала тилди оюн аркылуу үйрөнөт. Экинчиден, чынында эле бул элдин айымдары эмгекчил, жоош анан сабырдуу келишет. Үйдө болгон ар кандай окуялар сыртка чыкпайт. Ал эми кыргыздар кыргыздарды үй кызматчысы кылып алса ал сөзсүз сени башкаларга ушактайт.
Кожейкенин айтуусунда, ал билген кыргыздын Бишкектеги бир топ оокат-аштуу үй-бүлөлөрүндө филиппиндик кызматчы аялдар иштеп жүргөнүнө таң калбай койсо деле болот. Бирок алар дээрлик кайсы бир иш берүүчү кызматтар аркылуу эмес, жеке тааныш-билиштер аркылуу табылат.