"Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.
Бишкекте Кыргыз балетинин чолпон жылдызы Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленип жатат. 22-февралда Опера жана балет театрында улуу бийчинин урматына эл аралык конференция өтүп, хореографиялык искусствонун азыркы өкүлдөрү концерт беришти.
Кыргызстандагы таанымал жаш ырчылардын дээрлик басымдуу бөлүгү намазга жыгылат. Алардын арасынан ислам дини музыкага каршы экенин айтып, сахнаны таштап кеткендер да бар.
Кезектеги апта темасында кылмыштын акыркы кездери күч алган уурулук көйгөйү тууралуу сөз болот. Кабарчыларыбыз жер-жерлерде күч алган уурулуктун себептерин, кесепеттерин талдашат.
“Ыйман” фонду акын-жазуучулардын “Калем жана ыйман” аттуу китебин чыгарды. Долбоордун шартына ылайык, жыйнакка атайын комиссиянын элегинен өткөн проза жана поэзия жанрындагы мыкты делген чыгармалар киргизген.
Февраль айынын башынан тарта жер-жерлерге өнөрүн көргөзө баштаган куудул Талант Анарбаев аймактык айрым маданият үйлөрүнүн жетекчилери ага бут тосуп жатканын айтып чыкты.
Кыргыз эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев беш жылдан бери Үркүн темасына арналган чыгармачылык долбоордун үстүндө эмгектенүүдө. Калемгер "Азаттыкка" жасап жаткан эмгеги тууралуу айтып берип, жарыялана элек сүрөттөрү менен бөлүштү.
Бишкек шаарында ирандык аялдарга арналган фотосүрөт көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөгө коюлган 50дөн ашуун сүрөттөрдө айымдардын заманбап жетишкендиктери чагылдырылган. Бул маданий иш-чара Ирандагы Ислам революциясынын жеңишинин 37-жылдыгынын алкагында өтүп жатат. Ал 23-февралга чейин уланат.
Бүгүнкү күндө кино тармагында актерлор тартыш. Кино ишмерлери айрыкча башкы каармандын образын жарата турган жаш актерлор жана абышкалардын образын жарата турган улуу муундагы актерлорду табуу кыйын экенин айтышат.
Экономика министрлиги "Манас” аба майданынын аймагында чет өлкөлүктөр үчүн казино ачуу демилгесин былтыр жыл этегинде көтөрдү.
Аттиң дүйнө, токсонду тоголотуп, кылымга жакындабай кыргыздын дагы бир кырааны, улут адабиятынын классиги Сооронбай Жусуев бу жалганды таштап кетти.
Кыргыз Эл баатыры, Токтогул сыйлыгынын ээси, белгилүү акын Сооронбай Жусуев 91 жаш курагында дүйнө салды. "Азаттык" 2015-жылы март айында акын менен маек уюштурган эле. ("Азаттыктын" архиви)
Кыргызстанда Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына арналган иш-чаралар өтүп жатат. Бишкекте 1-февралда коомчулук өкүлдөрү Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн чыңдоого салым кошкон мамлекеттик ишмерлердин айкелдерине гүл коюшту. Андан кийин Чоң-Таш айылындагы “Ата Бейит” эскерүү комплексине зыярат жасашты.
Кыргыз АССРинин 90 жылдыгы белгиленүүдө
Кыргызстан архивдик материалдарды сактап калуу, аларды санариптик форматка өткөрүү боюнча инвесторлордун жардамына муктаж.
Эл акыны Тенти Адышеванын кыргыз адабиятындагы мемуардык чыгармалардын алдыңкысы саналган “Кылы үзүлгөн комузум” чыгармасынын үчүнчү басылышы жарык көрдү.
Быйыл чыгаан акын Турар Кожомбердиевдин 75 жылдыгы белгиленет. Ал 30-январда – Турар Кожомбердиевдин дүйнөдөн өткөн күнүнө карата эскерүү иш-чарасы менен башталат. Бул тууралуу акындын небереси, жаш талант 19 жаштагы Мухаммад Кожомбердиев “Азаттыктын” студиясына келип, айтып берди.
26-январда Бишкекте Кытай кинолорунун жумалыгы башталды. Анын алкагында 31-январга чейин шаардагы кинотеатрларда Кытайдын эң мыкты деген беш тасмасы көрсөтүлөт. Бүгүнкү күндө кытай киноиндустриясы өтө тездик менен өнүгүп, көрүүчүлөрдүн саны бир жыл ичинде 48 пайызга өскөн.
“Саякбай манасчы” коомдук фонду Улуу Үркүн тууралуу тарыхый көркөм тасма тартканы жатат. Демилгечилер улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгына аралаш тартыла турган бул тасма саясий максатты көздөбөгөн тарыхый көркөм чыгарма болорун белгилешти. Үркүн темасында “Кайран эл” аттуу кинотасманы 90-жылдары режиссер Дооронбек Садырбаев тартып, бирок аны көрсөтүүгө саясий себептерге байланыштуу тыюу салынган.
Бишкектеги соода борборлордун биринде жаш сүрөтчүлөрдүн сатык-көргөзмөсү өтүп жатат. Уюштуруучулар бул ыкма менен кыл калем чеберлерине өз эмгектерин сатууга шарт түзүү менен бирге коомчулуктун сүрөт искусствосуна болгон кызыгуусун ойготуу экенин айтышат.
Дагы жүктөңүз