Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:07

Үркүн азабы ырларда


Кыргыздардын Тянь-Шань аркылуу Кытайга качышы. 1916-жылы. Макет.
Кыргыздардын Тянь-Шань аркылуу Кытайга качышы. 1916-жылы. Макет.

Орус изилдөөчүсү, адвокат Г.И.Бройдонун Орусия Мамлекеттик Думасына даярдап жазган маалыматтары боюнча кыргыз-кытай чек арасындагы Бедел ашуусунан ашып өтүүдө эле жазалоочу орус отрядынын огунан, катуу сууктан жана ачарчылыктан улам 170 миңден ашуун кыргыздар каза болгон. Улуттук геноцидге алып келген Үркүн окуясынан улам жалпысы 250 миңден ашуун адам курман болгон...

Азыркы кездеги кыргыз акындарынын 100 жыл мурдагы окуяга арналган ырларын кабарчыбыз Зайырбек Ажыматов барактады.

“Үркүн”

Мал үркчү эле... адам-пенде үркчү эмес,

Малдан бетер үркүп качты тургундар.

Малын дагы атышчы эмес кыргыздар,

Малдан өтүп, элди атышты куугундар.

Адамдарды чымчык өңдүү аткылап,

Ак падыша аскерлери жанды алды,

“Көк-Өгүздөн” учту төөлөр турнадай,

Көк жарака - көрүстөнгө айланды.

Жандык союп, ысык бойдон терисин

жапса музга, жол салынды өтүүгө.

Жаракадан жол үзүлүп калганда,

Жасады журт кереге-ууктан көпүрө.

Кылым өттү... кыргын-сүргүн баары эсте,

Кырсаң кетпей турат сөөк, жан этте,

Бешик учуп, бешик менен эне учуп,

“Бедел” ашуу боздойт дале каректе...

Ымыркайга салган бойдон эмчегин...

Ызгаар мойсоп... катып калып энеси,

балдар өлүп, чалдар өлүп ачкадан,

Көмүлбөстөн калып кетти денеси...

Бөрү менен жолбун итке жем болуп,

Болду нечен бөөдө өлүмдү тапканы.

Турпан жакта табак унга сатылып,

Тууган жерин көрбөй калды канчасы.

“Үркүн” - деген апаат сөздү укканда,

Үркөт элдин селт дей түшүп жүрөгү.

Арнай берсе ар кылымын согушка,

Адам чиркин адамча өмүр сүрөбү?..

Адамдарын өлүктөрүн жей берип,

Державалар сасык кетти тиш өңдүү.

Кан төгүүнү токтото көр, Жараткан!..

Империялар талашпасын ит өңдүү.

Башчыларга баш бере көр, Оо Кудай!..

Адамзат да жашап көрсүн киши өңдүү..

Атантай Акбаров

Азаптан азат

Тилим буулуп сөз табалбай карандай,

Үнүм муунуп, ой уладым араң жай.

Кантип баштайм? Эс-таң болуп турамын,

Жакынына кайрат айткан адамдай.

Ооба,

Айтам кайрат, кан жыттанган бир жылга,

Ала-Тоону ыйга жууган кыргынга.

Аттиң арман кары-жашы жан берип,

Азап кечип, эрлер өлгөн кыркында.

Айла таппай алсыз ойго багынып,

Ашты ашуу каран түндү жамынып.

Алдуулары барып-келди. Алсыздардын,

Ай-талаада калган сөөгү чачылып.

Кайран элим, шордуу элим азаптуу,

Каның менен алып келдиң азатты.

Кас адамга тилебеген мынчалык,

Кыяматың эстеп көздөн жаш акты.

Акбар Кубанычбеков

1916-жыл

Арман заман - Ай да, Күн да тутулган,

арман заман – мекен кутун учурган!

Кул болбойм деп өжөрлөнөт кайран эл,

империя аскерине кутурган.

Күчү жетпей калган кезде чабышта,

кулдук урбай качты кыргыз алыска.

Эркиндикти издеп чыкты эр тургай,

Эчки жашы калган эне, абышка.

Жолдон тосуп турса дагы миң азап,

жоо жазгырган ажал-сапар уланат...

Эркин бойдон жашап ушул өмүрдө,

эркин бойдон өлүү кандай ырахат!

Эл башына түшүп катаал кыямат,

эр жигиттер жоо тосом деп куланат.

Аруу келин абийир үчүн бой таштап,

аска, таштар аккан канга чыланат.

Баё балдар колун сермеп учууга,

бакыраят түшүнүшпөй учурга.

Желек сыңар дирилдедет денесин,

желдеттердин штыгынын учунда.

Кыя жолдон бешик кулап өңөргөн,

кыйрап жаткан улуу көчтү көрөм мен...

Ошол тапта “баа” дейт башка наристе,

үмүт өлүп, үмүт кайра төрөлгөн...

Бейит жолдор, бейит жылга, бейит бел,

эстеп дайым ошол күндү кейийит жер.

Эркиндиктин баасы кандай экенин-

элге азыр айтып турат шейиттер...

Зайырбек Ажыматов

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG