“Бирге зордук-зомбулукту токтотобуз!”, “Ала качууга жол жок!” деген сыяктуу ураандар менен коштолгон жөө жүрүшкө мүмкүнчүлүгү чектелген кыздар түзгөн “Назик кыз” коомдук уюмунун мүчөсү Үкөй Мураталиева да келген экен:
- Эгер мырзалар айымдарга көңүл бургусу келсе, күн сайын эле гүл тартуулап, таттуу алып берсе болот. Көңүл буруу жалгыз эле туулган күн же 8-март менен чектелип калбайт. Бирок 8-март эмне үчүн айымдардын майрамы болуп калганын эч качан унутпашыбыз керек.
Мураталиева март майрамы өзүнүн чыныгы маанисинде аялдардын экономикалык жана коомдук абалын теңдөө күрөшүнө айланганын эске салды. Анын айтымында, учурда кыргыз коомунда айымдардын, өзгөчө майып кыз-келиндердин укугу жетиштүү деңгээлде корголбой келет.
Ошондой кыздардын бири Саадат кесиби боюнча педагог-психолог экен. Ал кезинде тубаса майыптыгынан улам жумушка орношо албай кыйналганын айтат:
- Мен өз кесибим менен бир канча бала бакчага баргам. Ошондо бала бакчанын жетекчилери мага: “Чоң кыз, бул мекемеде отуруп иштей турган жумуш эмес” деп эшигин жаап коюшкан. Эгерде мен өз укугумду билсем ошондо “ар бир мамлекеттик мекемеде үч пайыз майып иштеш керек” деп өз укугумду коргомокмун. Кийин бала бакчаларда иштедим, бирок өз кесибим боюнча иш беришкен жок.
Саадат өз укугун бейөкмөт уюмдары өткөргөн ар кандай тренингдерде үйрөнүп, азыр өзү да майып кыздарга аялдардын укуктарын үйрөтүп иштеп жүргөнүн кошумчалады.
Жөө жүрүшкө жарандык коомдун активисттери да катышты. Алардын бири - "Бишкек феминисттик демилге" тобунун өкүлү Майкл. Ал Кыргызстанда аялдардын укугу көңүл сыртында экенин төмөнкү көрсөткүчтөн улам билсе болорун айтты:
- Кыргызстан боюнча аялдарга жардам көрсөтө турган эки гана кризистик борбор бар. Алар да чет элдик уюмдар тарабынан каржыланат, өкмөттөн бир тыйын берилбейт. Бир же эки кризистик борбор коомдо болуп жаткан зордук-зомбулуктун баарын камтый албайт. Мындан улам ар кандай кыйынчылыктарга туш болгон айымдарга психологиялык жардам албай келет.
Майкл ошол кризистик борборлор шаарларда гана жайгашканын, ал эми аймактарда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылып, бирок арыз-муңун кимге айтарын билбей жүргөн аялдар көп экенин кошумчалады.
Жөө жүрүшкө Алматыдан келген "Казфем" феминисттер кыймылынын мүчөлөрү да кошулду. Алар бишкектик активист кыз-келиндерди колдоо үчүн келишкенин айтышты.
Иш-чараны уюштургандардын бири Айзат Шакиева аялдардын укугун коргоого чакырган акция өлкөдө бир ай бою уланарын билдирди:
- 38 феминисттик демилгечи гендердик дискриминация жана аялдар укуктары тууралуу айтып берүү үчүн мартта бир топ иш-чараларды өткөрөт. Биздин негизги максатыбыз - 8-март майрамынын тарыхый жана саясый маңызын коомчулукка жеткирүү, аялдын коомдогу ордуна көңүл буруу. Мамлекет өзү дайыма гендердик теңчиликти камсыз кылып турушу керек.
Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева учурда парламентте аялдардын укугун коргоо багытында эки мыйзам кабыл алынганы турганын кеп кылды:
- Биринчиси - жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо тууралуу. Бул жерде өзгөрүлбөй түрган тизме тууралуу сөз болуп жатат. Өзүңөр жакшы билесиңер, шайлоодон кийин айрым фракциялардын лидерлери тизмеден аялдардын мандатын чектеп коюшту. Экинчиден, зордук-зомбулук боюнча мыйзам долбоору. Чынын айтканда, ар бир мамлекетте зордук-зомбулук бар. Мамлекет аялдарды, карыяларды, балдарды кайсы жол менен зомбулуктан коргой алат? Биздин мыйзам ушул тууралуу.
Айнуру Алтыбаева аялдардын укугун коргоо, тең укуктуулук тууралуу буга чейин кабыл алынган бир топ мыйзам долбоорлору бар экенин кошумчалады.
Аялдар күнүн белгилөө байыркы Римден бери келаткан салтка кирет. 1857-жылдын 8-март күнү Нью-Йорк шаарында тикмечи айымдар теңчилик үчүн митингге чыгышкан. Ошол күн 1975-жылы БУУ тарабынан аялдардын эл аралык күнү катары таанылган.