"Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.
Бишкекте коомдук уюмдар “Кыргыздын кымыз майрамы” аттуу көргөзмө-жарманкесин өткөрдү. Ага республиканын төрт бурчунан жайлоолордон келген кымыздар коюлду. Улуттук суусундукту даңазалоо максатында өтүп жаткан иш-чарада ырчылар, төкмө акындар, манасчылар өнөр көрсөтүп, кымыз тууралуу кызыктуу маалыма
1916-жылдын 4-июлу тарыхта Түркстан аймагында отурукташкан калкты аскер иштерине тартуу тууралуу орус падышасынын жарлыгына каршы улуттук боштондук күрөшү башталган күн катары калды. Бул күнү Хожент шаарында кыргыз, тажик, өзбек тектүү тургундар нааразылык жыйынын куруп, ал падыша аскерлеринин жыйылгандарга каршы ок атуусу менен аяктаган.
Кыргыз эл сүрөтчүсү Турсунбек Койчуевдин сөөгү 3-июлда Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.
Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада жазуучу, коомдук ишмер Бексултан Жакиевдин 80 жылдыгына арналган “Кеменгер инсан, заман залкары” аттуу китеп-көргөзмө ачылды. Иш-чарада маараке ээсинин кыргыз маданиятына кошкон салымы тууралуу сөз болду.
Казакстандыктар кабылган күйдүргү илдети Кыргызстанда да пайда болду деген маалыматты тиешелүү мекемелер расмий төгүндөштү. Ошол эле учурда соодагерлер социалдык тармактар аркылуу тараган имиштерден улам эт базарларда баа түшүп кеткенин айтып жатышат.
Өткөн жумада ырчы жана аткаруучу Нурлан Тилебаевдин ден соолугу начарлап кеткени тууралуу видео интернетке чыккан. Ошондон кийин Тилебаевдин күйөрмандары, Кыргызстандагы шоу-бизнестин өкүлдөрү ооруп жаткан ырчыга жардам берүү үчүн социалдык тармактарда “1000 сом” акциясын уюштурду. 26-июнда бул акци
Кинематография департаменти "Алымбек датка" көркөм тасмасынын сценарийи үчүн сынак жарыялады. Буга чейин “Шабдан" жана "Тайлак" баатырлар тууралуу көркөм тасмалар тартылары маалымдалган.
"Эр Төштүк" эпосу кыргыз-орус тилдеринде кагаз жана аудио китеп болуп чыкты. Китептин аудио версиясы негизинен жалпы окурмандарга арналып, бекер таратылып жатат. “Эр Төштүк” китебин басып чыгарган фонддун жетекчиси “Азаттыкка” маек берди.
Молекулярдык биология боюнча сейрек адис, академик, Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Алмаз Алдашевдин сөөгү 21-июнда жерге берилди.
Кыргыз композиторлорунун жана обончуларынын бир кылым мезгил ичинде элге кеңири таанылган ырларынын ноталуу жыйнагы чыкты. Токтогул Сатылгановдун "Кербезим" күүсү менен ачылган бул китепке 114 обончунун тандалма 251 обондуу ыры нотасы менен топтолду.
Кыргыз Улуттук илимдер академиясы жана Эл аралык “Саякбай” фонду тарабынан манасчы Саякбай Каралаевдин энциклопедиясы жарык көрдү. Китептин 17-июнда өткөн бет ачар аземине окумуштуулар, жазуучулар, манасчылар катышты. Иш-чарада диний агымдар азгырган коомго улуттук рухий баалуулуктарды жайылтуу маанилүү экени айтылды.
"Ак илбирстин тукуму" тасмасында Зулайканы ойногон Гүлнара Кадралиеванын сөөгү бүгүн жерге берилди.
Бишкек шаарында жана Чүй облусунда эмен бактарынын 90 пайызы зыянкеч курт-кумурскадан жабыркап, учурда жалбырагы саргайып, күбүлүп жатат. Илимдер академиясынын вице- президенти Биймырза Токторалиев “Азаттыкка” анын себептери тууралуу айтып берди.
Миграция поэзиясындагы жаңы сөз 13-июнда Бишкекте Орусияда иштеген кыргызстандык мигрант-акын Нарсулуу Гургубаеванын "Алыстагы ак жарык" аттуу китебинин бет ачары өттү. Адабиятка өзгөчө үнү, муңдуу саптары менен кирген акындын ырлары буга чейин интернет желелеринде, гезит-журналдарда жарыяланып, поэ
Мындан сегиз жыл мурун дүйнөдөн өткөн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду кечээ, 10-июнда адабий чөйрө эскерди. Айтматовдун замандаштары жазуучу тууралуу айтылбаган, жазылбаган нерселер көптүгүн белгилешти.
Техастагы кыргыз математиги
Бишкекте уюштурулуп келаткан социалдык бийлер кечесинин эки күн мурда өткөн акыркысы социалдык тармактарда талаш-тартыштар менен коштолгон талкууга жем таштады. Бийге каршы болгондор ачык асман алдында уюштурулган иш-чараны светтик исламофобдордун кылганы деп, аны токтотууга аракет кылышты.
Түрк тилдүү элдердин маданият бирикмеси - ТҮРКСОЙ уюмунун колдоосу менен жыл сайын өтүүчү “Хазар поэзия кечтери” фестивалы быйыл Түркиянын Элазык шаарында болуп, ал 15-кылымда жашап өткөн чыгыш акыны, улуу ойчул Алишер Навоинин чыгармачылыгына арналды.
Өкмөт порнографиялык жана башка тыюу салынган түрлөрү боюнча чыгармачылык ишмердиктин жыйынтыктары категориясына кирген аудио жана видео чыгармалардын тартиби жөнүндө жобонун долбоорун коомчулук талкуусуна койду.
“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду ишке ашырганы турган “Балдар филармониясы” жаңы долбоору жаш муундун жана алардын ата-энелеринин музыкалык билимин калыптандыруу, эстетикалык табитин өнүктүрүү максатын көздөйт.
Дагы жүктөңүз