"Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.
20-23-майда Бишкектеги Кино үйүндө немис элчилигинин көмөгү менен электрондук музыканын эл аралык фестивалы өттү.
"Тайлак баатыр" туурасында тартыла турган толук метраждуу кинотасманын сценарийи Кинематография департаменти менен Маданият министрлиги түзгөн Көркөм кеңеш тарабынан жактырылган. Бирок азырынча тасманын качан тартылары белгисиз. Буга чейин “Шабдан баатыр” тасмасын тартууга өкмөттөн 10 миллион сом бөлүнүп, учурда бул долбоор токтоп турат.
Кино режиссерлордун арасында жыл сайын өтө турган улуттук “Ак илбирс” киносыйлыгынын бешинчи фестивалы соңуна чыкты. Тасмаларды кабыл алуу 31-мартта соңуна чыгып, келип түшкөн тасмалар калыстар тобунун элегине түшкөн. Сыйлык ээлери 13-майда аныкталды. “Ак илбирс” улуттук кино сыйлыгы былтыртан бери
Эсеп палатасы текшергенде Улуттук көркөм сүрөт музейинде жүздөн ашык сүрөт жок болуп чыкты. Мындан сырткары 47 предмет эки жолу жазылып калганы көрсөтүлгөн.
“Баластан” балдар журналы кыргыз тилиндеги басылмалар, сөздүктөр жана бир топ долбоорлор интернет мейкиндигин өздөштүрүп жатышат. Android жана iOS базаларында иштеген "Баластан" балдар журналын Play Market жана App Store аркылуу кыргыз тилинде көчүрүп алса болот.
Акын, журналист, публицист Жолдошбек Зарлыкбеков 58 жашында узакка созулган оорудан соң 10-майда дүйнөдөн кайтты. Анын ыр китептери көзүнүн тирүүсүндө басылып чыкпаганы менен, маалымдоо каражаттары аркылуу өз окурмандарын таап, атын тааныта алган. Жолдошбек Зарлыкбеков элге кеңири таанылган “Асаба”, “Агым” гезиттеринде иштеп, өзүнүн кесипкөй журналист экендигин далилдей алган.
Бишкекте балдардын 14-эл аралык тил жана маданият фестивалы уланып жатат. Бүгүн Кожомкул атындагы Спорт ордосунда башка өлкөдөн келген конокторго арналып концерттик программа жана сүрөт көргөзмө өттү. Эл аралык тил жана маданият боюнча фестиваль “Себат” билим берүү мекемесинин уюштуруусунда Кыргызст
Кыргыз драма театрында Индостандын элдик эпосу “Махабхарата”нын негизинде драмалашкан “Улуу Бхарата урпактары” спектакли жүрүп жатат. Бир нече том жыйнактардан турган, узак тарыхы бар эпостун өзөк окуясынын негизинде коюлган спектаклде бир тамырдан тараган адамдар ортосундагы көралбастык, зулумдук,
Учурда Бишкекте иш сапар менен жүргөн АКШнын Индиана университетинин профессору, түрк таануучу Уильям Фиерман “Азаттык” радиосунун студиясына келип, Борбор Азиядагы мамлекеттик тил саясаты боюнча маек курду.
Насыя алып төлөй албай калган жеке адамдардын кудуретсиздигин жарыялоого жол ачуу сунушу айтылууда. Бирок адистер мындан көйгөй чечилбесин бир нече жүйө менен негиздеп жатышат.
Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Бишкек шаарынын күнүнө арналган “Пишпек-Фрунзе-Бишкек борборуна 138 жыл” аттуу китеп-сүрөт көргөзмө өтүп жатат.
Чернобыл атомдук электр станциясындагы 30 жыл мурдагы кырсыкты басууга Кыргызстандан төрт миңге чукул аскер катышкан. Апаатка катышкандардын балдары да ошол кырсыктын кесепеттерин артынып келатышат.
Быйыл таанымал адабиятчы, таланттуу сынчы, акын, окумуштуу жана коомдук ишмер Салижан Жигитовдун 80 жылдык мааракеси белгиленүүдө.
Гапар Айтиев атындагы музей көчө художниктеринин көргөзмөсүн уюштурду. Ага кыргызстандык жана казакстандык “DOХА”, “GREY”, “PIZ”, “CHERVI”, “REPAS” арт топторунун жетимишке чукул эмгеги коюлду. “Дубал” чыгармачылыгы деп аталган жанр алгач Батышта пайда болгон. Башында бул көчөдөгү бош жерлерге, үйлөрдүн боорлоруна тартылган сүрөттөр тентектик катары бааланган. Кыргызстанда жаңыдан өнүгүп келаткан көчө сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү алгачкы жолу өтүп жатат.
12-апрелде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде кыргыз адабиятынын классик акыны Турар Кожомбердиевдин 75 жылдыгына карата “Оту өчпөгөн поэзия” аталышындагы республикалык илимий-практикалык конференция өттү. Конференциянын катышуучулары жыйын соңунда Турар Кожомбердиевдин чыгармачылыгы боюнча өкмөткө атайын сунуш кабыл алды.
9-апрелде Бишкектеги Кино үйүндө Тажикстандын аймагында жашаган кыргыздар тууралуу тартылган даректүү тасманын бет ачары өттү. Ага маданий чөйрө өкүлдөрү, саясатчылар, укук коргоочулар катышты. Жерге-Тал районунда жашаган журтташтарыбыздын күнүмдүк жашоосун, маданиятын, көйгөйлөрүн чагылдырган тасма көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырган жок.
Кыргыз Республикасынын Кино үй үндө Таджикистандын Каратегин аймагындагы Жерге-Тал кыргыздары тууралуу тартылган документалдуу жаңы кинотасмасынын бет ачаары болуп өттүү.
Бас үндүү жаш ырчы Данияр Дөөлөтбаков Астанада өткөн Эл аралык конкурста жеңүүчү болду. Казак композитору Эркегалы Рахмандиевдин чыгармачылыгын даңазалоо максатында уюштурулган сынакта ырчылар кесипкөйлүгүнө жараша үчкө бөлүнүп ат салышкан. Сынактын өтүшү тууралуу жаш ырчы “Азаттыктын” студиясына ке
2010-жылы 7-апрель окуясынын күбөлөрү “Азаттыкка” алты жыл мурдагы окуяларды айтып беришти. Кандуу окуянын катышуучулары кайрадан калкты калайманга түшүргөн андай окуя кайталанашын каалашпайт.
Дагы жүктөңүз