“Кыргыз обондорунун антологиясы” китебине кыргыз обончулук өнөрүнүн акыркы жүз жылдыктагы башталышы, ортосу, анан азыркы абалы камтылган. Токтогул, Муса баштаган улуу муундун, андан кийин Абдылас, Атай, Бектемир, Ашыралынын эл ичинде ырдалып жүргөн обондору киргизилген.
Музыкалык жыйнакта кылым башында кыргыз обондору комуз менен гана чектелип келсе, 60-жылдардан кийин аккордеондун коштоосунда обон чыгарган жаңы агым пайда болгону, ал аркылуу кыргыз обондору жаңы кайрыктар, гармониялык боёктор менен байып, кийин эстрадалык ансамблге, симфониялык оркестрге жазылган обондор жаралганы белгиленип, ошол муундардын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн чыгармалары тандалып алынган.
Жыйнакка Абдылас Малдыбаев, Мукаш Абдраев, Калый Молдобасанов, Насыр Давлесов баштаган кесипкөй композиторлордун элге сиңген обондуу ырлары да бар.
“Кыргыз обондорунун антологиясы” жыйнагынын түзүүчүсү, композитор Турдубек Чокиев обондорду тандоодо жеке өзүнүн кесипкөй адистигине, көркөм табитине таянганын айтты:
- Токтогулдун “Кербезим” деген ыры Октябрь революциясынан мурун жаралган ыр болсо, анда андан бери жүз жыл өттү. Бул китепке ушул жүз жылдык арасында жазылып, ырдалып жүргөн чыгармалар топтолду. Китепке болгону бир гана ыры менен киргендер да бар. Эгер эл арасында ооздон түшпөй ырдалып жүргөн бир ыры бар болсо, анын да нотасын түшүрүп, сөзүн жазып, автору тууралуу маалымат таап жайгаштырдык. Ал эми жүздөгөн обон чыгарганы айтылып жүргөн залкарлар Рыспай Абдыкадыровдун, Жүмамүдүн Шералиевдин бештен гана обону тандалып алынды.
Чокиевдин айтымында, композитор, обончулардын дээрлик көпчүлүгүнүн өзөктүү чыгармалары саналуу гана. Калган учурда алар өзүн-өзү кайталап калышы мүмкүн:
- Мисалы, кырк симфония жазган Моцарттын деле эки же үч гана чыгармасы дүйнөнү аралап дүңгүрөп турат. Ал эми калгандары ошол симфонияларына үндөш. Негизи ар бир эле автордун өзүнүн жеке өзөгү бар. Чыгармачылыгынын көпчүлүгү ошонун тегерегинде эле айланып калат. Албетте, таланттуу композиторлор ар бир чыгармасына кандайдыр бир өзгөчөлүк, жаңы боек кошуп турат. Ошол эле учурда өтө таланттуу обончулардын жакшы ырлары көп болот. Ошондо деле ашып кетсе он, он беш жакшы обон жаратышы мүмкүн. Калгандары экинчи, үчүнчү, такыр болбой калганда төртүнчү пландагы ырлар болуп калат.
Мисалы, адистин пикиринде, Рыспай Абдыкадыровдун “Издейм сени”, “Жолугарым билгенмин”, Жумамүдүн Шералиевдин “Түшүмдө”, “Ырдап койчу” баштаган бештен ыры аталган авторлордун чыгармачылыгынын каймагы катары китепке кирген.
“Кыргыз обончуларынын антологиясы” андан ары Сардарбек Жумалиев, Мукан Рыскулбеков, Аксуубай Атабаев, Түгөлбай Казаков, Асанкалый Керимбаев, Каныкей Эралиева, Атайбек Бөдөшев баштаган обончулардын ырлары менен уланып, акыркы муун 2003-жылы жаш кезинде көзү өтүп кеткен обончу Калмурат Рыскуловдун чыгармалары менен жыйынтыкталган.
Жаңы эле басмаканадан чыккан антологияга астейдил көз чаптырып чыккан музыка сынчысы Тимур Саламатов китеп тууралуу мындай деди:
- Композиторлордун да, обончулардын да ырлары бар экен. Бул кыргыздын обончулук өнөрүнүн бир муундан экинчи муунга өтүп келатканын айгинелеген жыйнак болуптур. Дагы бир жакшы жагы нотасы чындыгында так жазылган экен. Бизде көбүнчө ырлардын кайрыктарын бузуп алып ырдай берет эмеспизби. Мында ар бир ыр так жазылган. Демек ырдайм дегендер ушул нотаны пайдаланса болот.
Саламатов бул антологияга залкар обончулардын бештен гана обону кирип калганы обончулук өнөргө жеңил мамиле жасап жүргөн кийинки муун өкүлдөрүн ойлонтот деген ойдо.
Китептин бет ачары 20-июнда Бишкекте өтөт.