"Азаттык": Андрей мырза, "Эр Төштүк" фондунун жетекчиси катары анын максаты тууралуу айтып берсеңиз.
Андрей Ли: “Эр төштүк” эпосу биздин эң зор рухий байлыгыбыз. Бул кенже эпос учурда ар бир адам үчүн көптөгөн суроолорго жооп берет.
Мени "Эр Төштүк" эпосу менен бала кездеги досум, BIGIM студиясынын уюштуруучусу Бакир Жусупбеков тааныштырган. Ал «Эр Төштүк» боюнча мультфильм тарткысы келген. Тилекке каршы, ошол ишти колго алганы келгенде Бакирдин көзү өтүп кетти. Бирок артында студиясы, жамааты калды.
Бакирдин көзү өткөн соң менин оюма “Эр Төштүк” кино долбоорун жасоо келди. Биринчи “Эр Төштүккө” арналган анимациялык кино, анан ага арналган даректүү тасма, андан соң көркөм тасма тартылат деген ой болгон.
Түнөргөн караңгылыктан Эр Төштүк философиясы алып чыкты. "Эр Төштүк" эпосун башка да азиздерге тааныштыргым келди. Ошентип кыргыз жана орус тилдеринде аудио китеп чыгардык.
"Азаттык": Буга чейин BIGIM студиясы “Эр Төштүк” аттуу толук метраждуу анимациялык фильм тарта баштаганы айтылды эле.
Андрей Ли: Ооба, бирок анимациялык фильм тартууга оңбогондой каражат кетет экен. Бизге “Эр Төштүк” эпосунун негизинде бир жарым мүнөт трейлерди жасоого эле бир топ каражат кетти. Ал ортодо мен өзүңүз көргөндөй эки көзүмдөн ажырап, азиз болуп калдым. Бирок ошондо да мени ушул түнөргөн караңгылыктан Эр Төштүк философиясы алып чыкты.
"Эр Төштүк" эпосун башка да азиздерге тааныштыргым келди. Ошентип кыргыз жана орус тилдеринде аудио китеп чыгардык. Ага чейин спектакль жаратканбыз. Эгер кимдир бирөө бул долбоорду аягына чыгарып, ага автор болуп анимациялык тасма тарткысы келсе.
"Азаттык": “Эр Төштүк” эпосунун баалуулугу, касиети эмнеде деп эсептейсиз?
Андрей Ли: “Эр Төштүк” эпосу адамдардын бүгүнкү абалы, андан чыгуунун жолдорун көрсөтөт. Адам өзүнүн адамкерчиликсиз сапатынын акыркы чегине жеткенде; атасы уулунан кечип, кызы атасын сатып кеткен коомдо эч кандай жакшылык күтүүгө болбойт.
Чыгарма болгон ыйыктыктардын баары тебеленген, тарпы чыккан жеринен сүрөттөлүп баштайт эмеспи. Мында "Эр Төштүк" элдин образы, анын ичине бардык улуттар, адамдар кирет. Алар жер менен асманга байланган. Мен андан бүткүл адамзаттын тээ атам замандан бери бүгүнкү күнгө чейинки өнүгүү жолун көрдүм. Биз кантип жашадык, кантип жашоодобуз, кантип бул жагдайдан чыгып кетишибиз мүмкүн - ошол нерсе баяндалып берилген. Ошондуктан мен “Эр Төштүк” эпосун ачкычы, коду бар чыгарма деп айтаар элем.
"Эр Төштүк" менин жашоомдун маңызына айланды. Мен колдон келишинче аны адамдарга жеткиргенге аракет кыла берем.
"Азаттык": Маегиңизге рахмат. “Эр Төштүк” эпосунун музыка менен коштолгон жети сааттык аудиосун жакынкы күндөрү “Азаттыктын” интернет баракчасынан уксаңыз болот.