"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
Бишкекте ушул күздөгү алгачкы кар 16-октябрь күнү кечинде жаады. Өткөн аптанын соңунда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, суук түштү.
Баткенде өткөн аптанын соңунда 8 жаштагы баланы талаадан үч ит талап, оор абалда ооруканага түштү. Тиешелүү кызматтар иттерде кутурма бар-жогун иликтешүүдө.
Баткенде алгачкы ирет футбол боюнча Фергана өрөөнүнүн кубогу өтүүдө. Ага Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жаш футболчулары чакырылган. Баткен кошуна эки өлкө менен чектешип тургандыктан оюнду өткөрүүгө ыңгайлуу деп табылган. Мындай футбол мелдешин өткөрүү аркылуу кошуна элдердин ынтымаг
Баткендин Бүргөндү өрөөнүндө совет мезгилинен калган авиабомбаларды издеп, зыянсыздандыруу иштери аяктады. Үч ай бою адистер айдоо аянттарынан, арыктардан, турак жайлар жайгашкан аянттардан табылган жардыргыч заттарды зыянсыздандырып чыгышты.
Учурда Кыргызстанда сакталып калган он бир аба майданы бар. Алардын ичинен жетөө учактарды кабыл алат.
Баткендин атын чыгарган өрүк менен кошо “Ак-Турпак” күрүчү жыйналып, кырман көтөрүлүп жаткан мезгил. Жалпы Баткен облусунда 10 миң тоннадай күрүч өндүрүлсө, көпчүлүгү жакынкы чет өлкөлөргө экспорттолот. Ал эми күрүчтүн “Дөөзире” деген сортун кардарлар алдын ала атайын буюртма берип, базарга чыгарбай
Баткенде беш жүздөй ардагер эл аралык уюмдун колдоосу менен өздөрүнө жумуш ордун түзүп, кала берсе жакыр үй-бүлөлөргө да кол кабыш кыла баштады.
Аймакта айыл чарбасынан өндүрүлгөн азыктардын дээрлик 90 пайызы кайра иштетилбей, чийки бойдон сатылганынан улам кирешеси арбыбай жатат дешет адистер.
Баткенде 10 миң гектардан ашык өрүк бактарынын түшүмүн жыйноо сезону кызып турат.
Жайкы эс алуу маалында кырсыктардын алдын алуу кандай жүрүп жатат? Балдар коопсуздугун көзөмөлдөө жетиштүүбү? "Азаттыктын" апта түрмөгү мына ушул теманы талкуулайт.
Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылынын тургундары акыркы жылдары Өзбекстандан 80ден ашык келин алды. Жергиликтүүлөр өзгөчө чек ара ачылганы кошуна өлкөдөн куда-сөөк күткөндөр көбөйгөнүн айтып жатышат.
4-июль күнү кечке жуук Лейлек районунда Тажикстан менен чек араны бөлүп турган чоң жолдун жээгиндеги жүк сактаган кампада өрт чыккан. Тилсиз жоо ээ бербей май куюучу жайга жармашкан. Өрттөн Кыргызстандын эки жараны жана тажикстандык төрт киши жабыркап, ооруканага түшкөн.
Баткен облусунун Баткен районунда бүгүн эртең менен катуу жааган жаандан улам 50 үйдү сел каптады. Эң көп жабыркаган Ак-Сай айыл аймагындагы Кара-Бак айылында 45 үйдү суу каптады.
Баткен облусунун Баткен районунда 15-июнда катуу жааган жаандан улам элүү үйдү сел каптады.
4-июнь кечке жуук Лейлек районунун Максат айылынын тургундары өндүргөн жашылча, жер-жемиштерин чек аранын дал өзүндө сатмай болуп, жайма базар уюштурган. Кошуна чек арачылар бул аракет мыйзамсыз деп сатуучу аялдарды кууп чыкканда эки тараптын чек арачылары тирешип, Тажикстандын үч чек арачысы кармал
Бат-бат жаңжал чыгып турган мекен чегинде чек арачы болуу түйшүгү жеңил эмес. Айрыкча чек ара тозотунда кызмат кылган аялдар баарына жетишүүсү шарт.
Таштандыга кете турган темир-тезектер уста Олжобай Аманбаевдин колуна тийгенде пайдалуу буюмга айланат.
Өткөн аптада Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарынын айрым райондорунда жүргөн сел бир адамдын өмүрүн алып, миллиондогон сом чыгымга учуратты.
Тажикстан менен чек арадагы Кулунду айылында футбол ойногон аялдардын тобу пайда болду. Үй кожойкелери жана кызматта иштеген кыз-келиндер чогула калып топ тепмейди салтка айландырып алган экен.
Дагы жүктөңүз