Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:42

Баткенде жолбун иттер көбөйдү


Баткендеги жолбун иттер.
Баткендеги жолбун иттер.

Баткенде өткөн аптанын соңунда 8 жаштагы баланы талаадан үч ит талап, оор абалда ооруканага түштү. Тиешелүү кызматтар иттерде кутурма бар-жогун иликтешүүдө.

Башынан, моюнунан, жалпысынан сегиз жеринен жараланган бала кутурмага каршы дары-дармектерди алып, абалы салыштырмалуу туруктуу. Баткен облусунда жыл башынан бери үч киши кутурмадан каза тапкан.

Сегиз жаштагы Бекжан ээн жерден иттерге таланып, сегиз жеринен жараат алган.

Алгач оор абалда Баткен облустук ооруканасына түшүп, операция жасалган. Азыр эми сыныктар бөлүмүнө которулуп, кутурмага каршы дарыланууда. Бекжан Баткен районунун Ак-Турпак айылынын тургуну. Өз айтымында, ага айылындагы үч ит тиш салган.

Окуя болгон аймак Өзбекстан менен чек арага жакын болгондуктан, аймактагы жолбун иттер кимге тиешелүү экенин, кимдин каттоосунда турганын тактоо да кыйын.

Облустук оорукананын сыныктар бөлүмүнүн башчысы Абдилазиз Асанов бала келип түшөрү менен кутурмага байланыштуу шек саналып, атайын эмдөө жүргүзүлүп, тиешелүү жардамдар көрсөтүлгөнүн айтты:

Абдилазиз Асанов.
Абдилазиз Асанов.

- Иттер талаганда баш, моюн, бет бөлүктөрүндө өтө көп жараат алган. Мээси жабыркаган деген диагнозу да коюлду. Абалы туруктуу. Көзөмөлдөп, тийиштүү дарылоо жүргүзүп жатабыз.

Айыл жеринде өспүрүмдөрдүн жалгыздап, талаалап жүрүшү көндүм көрүнүш. Ошол эле учурда ээсиз жүргөн иттерди көзөмөлдөгөн деле киши жок. Ушундан улам айылда көчөдө жүргөн иттерди көзөмөлгө алып же жок кылуу чоң маселе.

Ит талаган Бекжан дарыланып жаткан учуру.
Ит талаган Бекжан дарыланып жаткан учуру.

Жабыркаган баланын апасы Асылжан Кемалова тиешелүү чара көрүлбөсө кутурма күч ала турган кыш мезгили жакындаган сайын башкаларга да зыяны тийиши мүмкүн деп эсептейт:

- Айылда кароосуз калган, дарыланбаган иттердин баарын жок кылыш керек да. "Жок кыл" десе эле атып, ошол жерге таштабай, тиешелүү тартип менен жоготуш керек. Бүгүн менин балам менен токтоп калбайт деп ким айта алат? Эртең дагы башка балдардын коопсуздугуна ким жооп берет?

Учурда өспүрүмгө тиш салган иттерди тиешелүү кызматтар текшерүүгө алып, атайын лабораторияга анализдери жөнөтүлдү. 15 күн ичинде гана алардын оорулуу же таза экени аныкталат. Баланы капкан иттердин экөө эмдөөдөн өткөн болсо, бирөө шектендирип турат.

Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгери Дыканали Жунусалиев баары анализдин жыйынтыгына жараша болорун айтты:

Дыканали Жунусалиев.
Дыканали Жунусалиев.

- Эми азыр өспүрүмгө тиш салган иттердин кутурганы же соо экени анализдердин жыйынтыгы менен дайын болот. Анализдер 10-15 күндө чыгып аныкталат. Белгилери пайда болсо анда кутурмасы бар же соо экенин толук айта алабыз. Бирок ооруканага түшкөн бала дароо эле кутурмага каршы дарылоодон өткөрүлдү.

Облус боюнча 15 миңдей ит каттоодон өткөн болсо, жолбун иттер канча экенин, ким кантип коопсуздукка кам көрүп жатканын айтуу кыйын. Анткени атайын эмдөөдөн өтпөгөн, ээсиз талаалап жүргөн иттер боюнча маалымат жок. Аларды атып жок кылууга жыл сайын айыл өкмөттөрдө каражат каралат. Бирок анын аткарылышын көзөмөлдөгөн киши жок.

Анткени иттерди эмдөө жеке ветеринардык дарыгерлерге жүктөлгөн. Ал эми иттердин ээлери каражат төлөп, итин эмдетүүгө кызыкпайт. Итин эмдетпеген жарандарга чара көрүлбөйт. Ошол эле учурда облус аймагында жыл башынан бери үч киши кутурмадан көз жумган.

Ветеринардык коопсуздук боюнча башкармалыктын өкүлү Кочкорбай Бердишев жолбун иттерге карата кайдыгер мамиле болуп калганына кейиди:

Кочкорбай Бердишев.
Кочкорбай Бердишев.

- Бизде ушундай түшүнүк калыптанып калганбы? Ит багышат, бирок анын ден соолугуна, башка жоопкерчилигине кам көрбөй жүрө беришет. Кайдыгер мамиледен улам иттен жабыркагандар көбөйүп жатат. Жергиликтүү бийликке эскертип жатабыз. Анткени жолбун иттер аймакта көбөйүп жатат. Алардын маселесин чечүү айыл аймактардын өзүнө жүктөлгөн. Бирок алар да кайдыгер мамиле кылып коюшат.

Мындай көңүлкоштук айынан жыл башынан бери облуста ит каап кутурма жуккан үч жаран каза болду. Ал эми жалпысынан 180 киши иттен жабыркаган. Өспүрүмдү иттер талагандан кийин гана облус жетекчиси жыйын куруп, тиешелүү кызматтарга атайын тапшырмаларды берди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG